Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:22

Алмазбек Атамбаев президент болуп катталды


Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык шайлоочулардын 60тан ашык пайызынын добушун алган Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти деп катталды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрда өткөн. Өлкөнүн эгемен тарыхында биринчи жолу президенттик бийлик тынч, шайлоо жолу менен алмашты. Мыйзамга ылайык, президент шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыялангандан кийин 30 күндүн ичинде ант берип, кызматка кириши керек.

30-октябрдагы добуш берүүгө шайлоочулардын жарымынан ашыгы, тизмедеги 3 миллион 30 миңден ашуун шайлоочунун 60 пайыздан ашууну катышканы маалымдалды.

Шайлоодо экинчи болуп "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, үчүнчү болуп "Ата Журт" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев келген. Калган 13 талапкер бир пайызга жетпеген добуш алган.

Мадумаров да, Ташиев да шайлоо жыйынтыгын таанышпай турганын, "ар бир шайлоочунун добушун коргоп калыша турганын" билдирип, Ош жана Жалал-Абадда алардын тарапкерлеринин нааразылык акциялары өткөн. Митингге чыккандар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

Ошол эле учурда президенттикке талапкерлердин айрымдары шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар боюнча далилдер Борбордук шайлоо комиссиясынын жана соттордун кароосуна жөнөтүлүп жаткандыгын билдиришкен.

4-ноябрда шайлоонун жыйынтыгын тааныбай жаткан Камчыбек Ташиев нааразылык акцияларды уюштуруудан баш тарткан. Ташиев бул кадамын элдин бүтүндүгүн сактоо максаты менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG