Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Отунбаева Пакистандын өкмөт башчысы менен сүйлөштү


19-октябрда кыргыз президенти Роза Отунбаева Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, эки тараптуу мамилелерди жандандыруу, анын ичинде эки жак тең ынтызар болгон долбоорлорду иштеп чыгып, жүзөгө ашырууга байланышкан маселелер талкууланды. Ошондой эле эки өлкө тең соода-экономикалык, маданий-гуманитардык мамилелерди БУУнун Коопсуздук кеңешине шайлоого чейинки жана андан кийинки мезгилде да өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү издеп жана пайдаланууга ниети бар экендигин белгилешти.

21-октябрда БУУнун Башкы ассамблеясында Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө жаңы талапкерлер шайланат. Азия-Тынч океан чөлкөмүнө бөлүнгөн жалгыз орун үчүн Кыргызстан менен Пакистан атаандашууда.

Бул маселе Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кхар айымдын шейшемби күнү Бишкекке жасаган бир күндүк иш сапары учурунда талкууланган. Кыргызстандын тышкы иштер министрлигиндеги булактардын айтымында, Кыргызстан он төрт жыл мурда көргөзүлгөн талапкерлигин бул шайлоодо Пакистандын пайдасына албай турганын ачык ишара кылды. (RK /UE)

XS
SM
MD
LG