Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:49

Сабалган үн режиссеру Айдаралиев дагы эле эс учуна келе элек


"Тумар" радиосунун үн режиссеру Жаныбек Айдаралиевдин абалы оор, ал дагы эле эс учуна келе албай жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Тумардын" жетекчиси Алексей Сидоров билдирди. Анын пикиринде, болгон окуя Айдаралиевдин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес. Учурда иликтөө жүрүп жатат. Аны сабаган адам 25-30 жаштагы Максат болушу ыктымалдыгы айтылууда. 16-октябрда таңга жуук Бишкектин Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде Айдаралиев таксистке болушам деп өзү катуу сабалган. Мээсине кан куюлуп, эс учуна келе албай реанимацияда жатат. Жаныбек Айдаралиевдин жубайы да радиожурналистика тармагында эмгектенет. Ал интернет аркылуу кесиптештерине, досторуна кайрылып, Жаныбектин ур-токмокко алынып жатканын карап туруп эч чара көрбөй койгон "ВС" клубунун коопсуздук кызматына нааразылыгын билдирди. Анын айтымында, белгисиз бирөөлөр телефонуна чалып, кайда жашаарын сурап жатышат. Досу болом деп Жаныбек жаткан палатага да чоочун бирөөлөр кирүүгө аракеттенишкен. (RK)

XS
SM
MD
LG