Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

БУУда Кыргызстан үчүн добуш берүү мөөнөтү жылды


Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчөлүккө өтүүгө Кыргызстандын арызы 21-октябрда каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, БУУ бул арызды бүгүн, 13-октябрда карамак эле, бирок баш катчы Пан Ги Мундун маанилүү сапарларына байланыштуу кийинкиге жылды. Президент Роза Отунбаева сентябрда Нью-Йоркко иш сапары маалында БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өтүүдө Кыргызстандын башкы атаандашы Пакистан экенин билдирген болчу. Кеңешке жалпысынан 15 өлкө мүчө, анын бешөө туруктуу, калгандары туруктуу эмес деген макамды алып жүрөт. (EBM)

XS
SM
MD
LG