Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Ошто мечитте түнөөгө тыюу салынды


Ош шаарындагы мечиттердин бири.
Ош шаарындагы мечиттердин бири.

Ош шаарында мечиттерде түнөп калууга тыюу салынышын казыят коопсуздук менен байланыштырууда.

Чечимге ылайык, эми буга чейин мечиттерде жатып сабак алып келген окуучуларга да уруксат берилбейт. Анткен менен айрым имамдар жетекчиликтин мындай чечимине толук макул эмес.

Ош шаарынын казысы Шакир ажы Маматовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, кечкисин мечиттерге түнөп калгандарга тыюу салуу чечими учурдагы коопсуздукка байланыштуу кабыл алынды:

- Мечитте жатып калбасын деген туура. Бул бийлик өкүлдөрүнүн да талабы, муфтияттын да талабы. Чоочун, документи жок, түн ортосунда келип түнөп калгыдай бул мейманкана эмес. Эгер ошол жерде жатып бир жаман иштерди, одоно иштерди жасап койсо бүткүл мусулмандардын атына, диниятчылардын баарына көө сыйпап коёт.

Шакир ажы Маматов
Маматовдун белгилешинче, буга чейин мечиттерге кызуу абалында келгендер да болгон экен:

- Кээде мас акыбалда келип түнөп кетейин деп калышат. Бул кудай тааланын үйү болуп атса, анан кантип аларды киргизет. Мечиттердин баары таза болууга тийиш. Маспы, сообу эми ким болсо да, дин өкүлдөрүнө чоочун болсо кечкисин мечитке жаткырылбайт.

Муну менен катар эле эми Ош шаарындагы мечиттерде түнү-күнү жатып сабак алган окуучуларга да уруксат берилбейт. Имамдардан окуп жаткан балдар калаадагы диний окуу жайларга өткөрүлүп берилмекчи.

- Мечиттерде 24 саат бою жатып, түнөп, жеп-ичип окуп жаткан балдарга тыюу сала турган болдук. Анткени мечиттер расмий түрдө окутуучу мекеме эмес. Оштогу медреселер жетет, балдарды окутканга, - дейт Ош шаарынын казысы Шакир ажы Маматов.

Бирок жетекчиликтин бул чечими дааватчыларга тиешелүү эмес. Диний үгүтчүлөргө муфтият тарабынан уруксат берилип жаткандан кийин, алар барган жерлериндеги мечиттерге жатып калса боло берет. Анын үстүнө баардык эле жерде алар түнөгөнгө жай жок болуп калышы мүмкүн.

Ош шаарында даават кылып жүргөн Азамат Салиевди угалы:

- Биз Ош шаарындагы, Оштун айланасындагы айылдарда даават кылып жүрөбүз. Үйлөргө кирип адамдарды мечитке тартабыз. Адамдарды жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакырып келатабыз. Өзүбүздүн азыктарыбызжы ала жүрөбүз. Анан жатаарга келгенде мечиттерге жатабыз. Тааныбаган жерде башка каякка бармак элек?..

Оштогу мечиттердин бири.
Деген менен айрым диниятчылар бардык эле адамдарга мечитте түнөп кетүүгө тыюу салуу туура эместигин айтышууда. Ош шаарындагы «Салман-Фарсий» мечитинин имамы Шамухаммед кээде алыстан келип, бирок бараар жери жок кишилерди тосуп алууга болот деп эсептейт:

- Эгер туура жүргөн адамдарга тыюу салса болбойт. Биз тааныган өкмөткө да зыяны жок, мечитке да зыяны жок кишилер кокустан жатып калса эмнеге болбосун. Айдап чыгып көчөдө калтырмак белек? Анан эгер мындай бир шектүү экени билинсе, биз тааныбаган кишилер болсо ага биз деле уруксат бербейбиз да.

Маалыматтарга ылайык, кечкисин мечиттерде түнөп калууга Бишкек шаарында буга чейин эле тыюу салынган. Эми минтип Ош шаарында да ушундай тартип киргизилиши аймакта диний кырдаалды жөнгө салууга жардам берет дегендер да бар.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG