Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

52 миң сомго сатылган наристе


Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайды 52 миң сомго сатып жиберген факты ашкерленди. Айрым маалымат каражаттары Бишкектеги 6-төрөт үйүнүн медициналык кызматкери сатканын жазып чыкты.

Акыркы маалымат боюнча, бул окуя 14-июлда болгон. Маалыматка ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркай Токмок шаарынын тургундарына сатылган экен.

Бирок алдоо жолу менен макулдугун берип алган наристенин энеси кийин милиция кызматкерлерине кайрылып, 18-июлда кылмышка шектүү делген медицина кызматкери кармалган.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Рахматулло Ахметов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Кылмышка шектүү деп кармалган адам учурда сурак берип, дагы башкалары иликтенип жатат. Ал эми ички иштер органдарына алдын ала берилген маалымат боюнча, медайым төрөттү үйүндө кабыл алган.

Учурда ымыркай ата-энесине кайтарылып, эне-бала Бишкектеги Перинаталдык борбордо дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Бирок бул Эне-баланын саламаттыгын сактоо боюнча улуттук борбордо катталган жалгыз окуя эмес. Былтыр бул борборго караштуу №6 төрөт үйүндө ушул өңдүү кылмыш иши катталып, жаңы төрөлгөн наристени сатып жиберген дарыгер учурда абакта отурат.

Мына ушундай окуялардан кийин кылмыш ишин алдын алууга болгон аракет кандай жүрдү? Аталган төрөт үйүнүн башкы акушери Нуриза Сүйүнбекова:

- Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын комиссия түзүлүп, бизди бир жыл боюу улам-улам текшеришти. Мына азыр гана бир аз басаңдап калган.

Канчалык тыкыр иликтөөлөр, үстү-үстүнөн текшерүүлөр жүргөнүнө карабай учурда Кыргызстанда наристелерди сатуу учурлары арбып баратканын укук коргоочулар нечен жолу айтышты.

Наристени адатта бага албай калган жалгыз бой келиндер же акчага азгырылган энелер сатышат.

"Ушундай бири-бирине чиеленген маселелер жарык дүйнөгө келген наристенин укугун тебелеп жатат", дейт “Балдардын укугун коргоочулар” лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова:

- Кыргызстанда баланы чын дилинен багып алгысы келгендер көп. Ошол үчүн тиешелүү органдар баланы асыроо иштерин ачык жана акысыз кылыш керек. Себеби наристе жетим болуп, же балдар үйүндө тарбияланып калбаш үчүн ким бирөө мээримин төгүп, шартын түзүп, ата-эне болуп берсе эмнеге болбосун? Болгону бала багып алам дегендерди жакшылап иликтеп, жеңилдетилген шарт түзүү керек. Азыр мамлекетте баары мыйзамсыз болуп жаткан үчүн балдарды саткан кылмыш иши арбыгандан арбыды.

Кыргызстанда бала асыроо өтө татаалдашкан жол-жоболор менен коштолуп, ого эле көп документ топтоону талап кылгандыктан көбүнчө наристени мыйзамсыз жолдор менен асыроого берип жиберишет. Анын түпкү себеби катары экономикалык оор жагдайды бетке кармап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG