Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Манасчы Уркаш Мамбеталиев дүйнө салды


Бишкектеги Улуттук филармонияда Кыргызстан Эл Ассамблеясынын курултайына катышуу үчүн келген белгилүү манасчы жана коомдук ишмер Уркаш Мамбеталиев күтүүсүз каза болду. Бул тууралуу Президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев билдиргенин “Азаттыктын” кабарчысы кабарлады. Аталган маалыматты тез жардам кызматы да тастыктоодо.

Маалыматка ылайык, курултайга делегат катары чакырылган Уркаш Мамбеталиев кокусунан өзүн начар сезе баштаган. Анын мындай абалына “Азаттыктын” кабарчысы да күбө болгон. Натыйжада тез жардам чакырылып, бирок манасчынын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болбой калган. Алдын ала маалымат боюнча өлүмгө жүрөктүн алсызданышына алып келген бронхит оорусу себеп болгону айтылууда.

Манасчы Уркаш Мамбеталиев Түп районунун Талды-Суу айылында 1934-жылы 8-мартта туулган. Эмгек жолу 1957-жылы Ысык-Көл драма театрында башталган. Кийин Т.Сатылганов атындагы кыргыз филармониясына "Манас" боюнча солист болуп кабыл алынган.

"Манас" эпосун У.Мамбеталиевдин айтуусунда "Манастын колунун Чоң казатка аттанышы", "Колдун жолдо жүрүшү", "Алманбет менен Чубактын жол талашы", "Кичүү казат", "Көкөтөйдүн ашынан" үзүндүлөр Кыргыз Илимдер академиясынын Манас бөлүмүнө кабыл алынган.

Мамбеталиевге 1991-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1994-жылы Кыргыз Эл артисти деген ардактуу наамдар ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин президиуму тарабынан Ардак грамотасы менен сыйланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG