Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Ташиев кол тийбестиктен ажырайбы?


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев 15-июнда жер-жерлердеги жактоочуларын аны коргоп нааразылык жыйындарды уюштурбоого чакырды.

Бир күн мурда Башкы прокуратура Ташиевди депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча парламентке өтүнүч жөнөткөн болчу. Ташиев “бирөөнүн денесине атайлап залал келтирген” деп айыпталып жатат.

Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын сунушу менен Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевге алгач “бейбаштык кылган” деген негизде кылмыш ишин козгогон экен.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев тергөөнүн жүрүшүндө бул берене өзгөргөнүн “Азаттыкка” билдирди:

- Тергөө амалдарын аткаруу учурунда жаңы жагдайлар аныкталып, Ташиевдин аракеттери Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинде көрсөтүлгөн белгилер боюнча, башкача айтканда, “саламаттыкка атайлап оор залал келтирди” деген квалификацияга которулган.

2011-жылдын 7-июнунда Ички иштер министрлиги берген сунушунун негизинде башкы прокурор тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү сунуш Жогорку Кеңешке берилди.


Бахадыр Сулайманов
Камчыбек Ташиев "өзүнүн фрациялашы Бахадыр Сулаймановго кол көтөргөн" деп айыпталып жатат. “Ата Журттун” лидери “Азаттыкка” курган маегинде бул аракеттерди “бийликтин саясий буйрутмасы” деп атады:

- Бахадыр Сулайманов экөөбүздүн ортобуздагы кайсы бир пикир келишпестиктер экөөбүздүн гана ортобузда чечиле турган маселелер. Аны саясий маселеге айландырып жибериштин башкы себеби күзүндө боло турган президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүмдү чектөө болуп жатат. Бирок бийлик жаңылып-жазаарда ар дайым ушундай иштерге барган. Азыр да кайталап жатат. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, бул нерсе каралат жана мыйзам чегинде чечилет. Мен мындан коркуп-үркүп, же бирөөлөр менен сүйлөшөйүн деп чуркап аткан жерим жок.

Ташиев расмий кайрылуу таратып, аны колдоп-коргоп нааразылык акцияларга чыкканы жаткан тарапкерлерине мындай аракеттеринен баш тартууга чакырды.

Күзгө чейин калышы мүмкүн

Талдоочу Марат Казакбаев бул окуялар Кыргызстандагы саясий маанайга көп деле таасир тийгизе албай турганын айтып, президенттик шайлоого чейин Ташиев бул кылмыш ишти жабышы керектигин белгиледи:

- Ташиев талапкер болуп шайлоого сөзсүз катышат. Ошон үчүн өзүнө ачылган кылмыш ишти жабышы керек. Болбосо, шайлоого катыша албай калат.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, президент менен Жогорку Кеңештин депутатын кол тийбестиктен ажыратуу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлгөнүн айтты:

- Оор кылмыш кылган үчүн депутатты Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле жоопко тартса болот. Депутат Ташиевге каршы козголгон кылмыш иш оор эмес кылмыштардын катарына кирет. Буга сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин макулдугу керек.

Бирок Жогорку Кеңеште карардан мурун тиешелүү комитет бул маселени карап чыгып, коюлган күнөө канчалык орундуу жана негиздүү деп карап көрүшү керек. Түшкөн маалыматтарга караганда, Бахадыр Сулаймановдун көрсөтмөсүнөн башка бул ишке күбө болгон адамдар жок.


Кыргыз парламентинин тарыхында депутатты кол тийбестик укугунан ажыраткан учурлар болгон. Өткөн жолку чакырылышта ошол кезде оппозицияда турган Социал-демократтар фракциясынын депутаты Кубанычбек Кадыров кол тийбестик укугунан ажырап, парламент аны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген. Кадыров калайман башаламандык уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыпталган болчу.

Парламентте Ташиевди кол тийбестигинен ажыратуу маселеси качан каралары азырынча тактала элек. Жогорку Кеңеш эми 15 күндөн кийин жайкы эс алууга тарап кетет. Ошондуктан бул маселе күзгө калышы да ыктымал.

XS
SM
MD
LG