Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:16

Балдардын руханий азыгы бөксөрүп турат


Соңку кездер наристелер көркөм дүйнөдөн оолак калып, компьютер оюндары, терс тарбия берчү кинолор гана балдарды руханий азыгы болуп калганы айтылып жүрөт.

Бирок бул Кыргызстан көркөм ой чабытты өстүрө турган балдар маданиятынан куру жалак калды дегендик эмес. Болгону билим берүү, маданият, адабияттагы башаламандык оорусу дале күчүндө болуп жаткансыйт.

Адатта балдарды ата-эне көбүрөөк тарбиялаш керекпи же мугалимдерби деген соболду берсек, негедир жыйынтыгында "бүгүн кыргыз балдарын ата-эне да, мугалим да жеткиликтүү тарбиялай албай калгандыктан коом, көчө, чөйрө жана сыналгы, радио, интернет дегендер тарбиялап жатат",- деген жооп кайтарылат.

Сырткы таасирлердин кесепети тууралуу Бишкек шаарындагы №39 орто мектептин башталгыч класстар мугалими Чынара Конокбаева буларды айтат:

- Азыр турмуштун таасири күч болуп жатабы, балдар өтө эле калпычы, жеңил ойлуу болуп баратат. Мурдагыдай музыка, сүрөт, искусствону сүйүү деген түшүнүктөрү жок, болгон ойлору эле компьютердик оюндар. Ата-энелер да болгон жоопкерчиликтен качып, балдарды тарбиялоону толук биздин, мугалимдердин моюнуна жүктөп коюшту. Балдар үйдөн тарбияланбай жатат.

Шаардагы балдар китепканаларынын бирине баш багып, китепканачы Ажар Касымбекованы сөзгө тарттык:

- Мен алгач келгенде китепканага балдар деле келишчү эмес. Анан биз окуу залын кооз сүрөттөр менен кооздоп, бирин-экин келген балдарга кызыктуу оюндарды уюштуруп отуруп азыр китепканага келген балдар көбөйдү.

Балдар баарына жөндөмдүү болот. Биз баарыбыз аларды тарбиялоонун туура гана жолун өздөштүрүп алышыбыз керек. Ал үчүн билим берүүдө реформа жасоо зарыл.


Балдар китепканаларынын текчелери балдарга арналган ыр, жомок китептерге кооз сүрөттөргө толо эмес. Бирок чыкпай жаткан жакшы адабияттар аз эмес. Сөзүбүз куру болбош үчүн наристелердин күнүмдүк эле жашоосун ырга айландырган акындардын бири Турар Кожомбердиевдин ырына көз жүгүртсөк.

"Алмалар да укташты"

Түн ортосу өчкөн үйдүн чырагы,
Айлананын уктап жаткан убагы.
Ушул маалда көзүн ачып Токторбай,
Апасынан алма бер деп сурады.

Укта секет, үйдүн ичи караңгы,
Ушул маалда ойго жүргөн калдыбы?
Укта секет апакеңди кыйнабай,
Уктап калды алмалардын бардыгы.

Бүгүн балдардын көркөм табитин арттырууга, аларды сүйүү, адамгерчилик деген жакшы сапаттарга чакырган мыкты чыгармалар өтө эле арбын. Болгону жалпы билим берүүдөгү, маданияттагы, адабияттагы башаламандыктын кесепетинен ал чыгармалар балдарды тарбиялоодо колдонулбай жатат.

Бирок ушул башаламандык менен кайдыгерликтин айынан кыргыздын келечеги болгон балдардын көркөм дүйнөсү унутта калган жыйырма жыл өтүп кетти.
XS
SM
MD
LG