Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:12

Казакстанда жанкечти жардыруу жасады


Жардыруу болгон жерди полиция курчоого алды. Актөбө, 2011-жылдын 17-майы.
Жардыруу болгон жерди полиция курчоого алды. Актөбө, 2011-жылдын 17-майы.

Казакстандын Актөбө шаарындагы жардыруудан жанкечтинин өзү өлүп, дагы эки киши жаракат алды. Казак бийликтери бул окуяны терракт эмес деп эсептөөдө.

Жардыруу шейшемби күн эртең менен жергиликтүү убакыт боюнча саат тогуз жарымда, жумушчу күн жаңы башталып жаткан кезде Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин Актөбө облустук департаментинин имаратынынын кире беришинде орун алды.

Айрым күбөлөрдүн айтымында, жанкечти белине шахиддердин курун тагынып келген. Муну менен Казакстанда жанкечти жардыруу жасаган факт алгачкы жолу катталып олтурат.

Бирок Казакстандын Башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Жандос Умиралиев Астанадагы басма сөз жыйында бул окуяны террордук акт эмес деп мүнөздөдү.

Анын ырастоосунда, өзүн-өзү жардырган Ракимжан Макатов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон жана бир катар кылмыштарга аралашканы үчүн шектелип жаткан. Андыктан, казак прокуратурасынын көз карашында, жыйырма беш жаштагы Макатов жардырууну жоопкерчиликтен кутулуу үчүн жасаган:

- Макатов колго жасалган жана кубаты анчалык күчтүү эмес жардыруучу түзүлүштү колдонгон. Натыйжада Макатов өзү жарылуу болгон жерде каза тапты. Жакын аралыкта турган эки киши анчалык оор эмес жаракат алышып, аларга медициналык жардам көргөзүлдү.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, жаракат алгандардын бири Улуттук коопсуздук комитетинин облустук департаментинин кызматкери, экинчиси жардыруу жасалган имараттын кароолчусу.

Казакстандын атайын кызматынын Актөбөдөгү кеңсеси жана ички иштер министрлигинин облустук бөлүмүнүн имараттары шаардын эски бөлүгүндө, бири-бирине жакын жайгашкан.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Актөбөдөгү кабарчысы Алима Абдированын айтымында, жардыруу болгондон кийин милиция аймакты курчоого алып, эч кимди ал жакка өткөргөн эмес. Ал маалымдагандай, журналисттер, саясий жана адам укугун коргоочу активисттер жарылуу болгон жердин бир нече сүрөт тартууга жетишишкен. Бирок фотоаппараттарды тартып алган милиция кызматкерлери ал сүрөттөрдү жок кылып ташташкан:

- Офицерлердин бири бул машыгуу, эч кандай жардыруу болгон жок деп айтты. Мага окуяны ал ушундайча түшүндүрдү. Облустун ички иштер департаментинин басма сөз кызматы алардын бул ишке тиешеси жоктугун маалымдады.

“Азаттыктын” кабарчысы кошумчалагандай, жергиликтүү тургундар шаарда эмне болгонун биле беришпейт. Анткени жергиликтүү бийликтер жана маалымат каражаттары инцидент жөнүндө кененирээк эч нерсе айтышкан жок. Жергиликтүү телеканалдын оператору Нуркен Жалмаханов жарылуу болгон жерди ага жакын турган мейманканадан тартууга аракеттенгенде милиция тарабынан кыска мөөнөткө кармалып, кайра койо берилген.

Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталыптыр. Интернет форумда Актөбөдөгү жардыруу адилетсиздиктин натыйжасы деген пикирлер үстөмдүк кылууда. Айрымдар муну Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өзүм билемдигинин кесепети деп да эсептешет экен.

Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын басма сөз катчысы Онгар Омирбек биз менен маегинде Казакстандын Актөбө облусунда исламдын салафи өңдүү салттуу эмес агымдарын кармангандар бардыгын, бирок жардырууга алардын же башка топтордун тиешеси бар деп айтуу азырынча мүмкүн эместигин белгиледи. Казакстанда исламдын салафи агымын кармангандар соңку жылдары бийлик тараптан катуу куугунтукталып жатканын айтып келишкен.

Актөбөдөгү жардыруу боюнча четтен алгачкы реакцияны ЕККУ уюму билдирди. Уюмдун учурдагы төрагасы, Литванын тышкы иштер министри Аудронюс Ажубалис муну террордук иш-чара деп атады жана айыптады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG