Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Исаев: ЭАК коогалаңдын чыныгы себептерин ача алган жок


Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын сунуштарынын жакшы жактары да бар экендигин айтып, бирок анын ыңгайсыз шарттарын аткарууга өкмөт милдеттүү эмес экендигин белгиледи.

- Кыргызстандын өкмөтү эл аралык иликтөө комиссиясынын баядамасынын бир катар учурлары боюнча макул эмес экендигин айтып чыкты. Алардың эң негизгилери кайсылар?

- Бул жерде айтылган көп жагдайлар боюнча өкмөт макул эмес экендигин мына ошол өзүнүн комментарийинде мисал келтирген. Бирок мында эң башкы алдыга койулган тапшырма аткарылбай калгандыгын байкоого болот.

Кыргызстандын өкмөтү эл аралык комиссияга изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн мандат берип жатканда мына ошол коогалаңдын чыныгы себептерин аныктап берүүнү суранган эле. Бул биздин өзүбүзгө да, эл аралык коомчулуктун анын чыныгы себептерин туура түшүнүшү үчүн да керек деген ойдо болгонбуз. Бирок биз күткөн тилек орундалбай, окуя чынында эмнеден улам чыгып кетти деген суроого эл аралык комиссия жооп таба албай койду.
Эл аралык комиссиянын баяндамасы соттун чечими эмес. Бул жөн гана июнь окуясынын себептерин изилдөө максатында түзүлгөн эл аралык эксперттердин көз карашы.


Анда негизинен окуя кантип өнүккөн? Канча адам каза болгон? Алардын канчасы кайсы улуттан? Жабыркагандардын көпчүлүгү кайсы этникалык топко тиешелүү болгон? деген сыяктуу суроолорду коюп, ошонун ичине өздөрү кирип кетип, бөлүп-жарып жатышат.

Бул биздин мамлекеттин жалпы кайгысы. Каза болгондордун бардыгы биздин, Кыргызстандын жарандары. Мына ошондуктан бул маселени кайрадан алдыңкы планга алып чыгуунун кереги бар беле деген суроо туулат. Андан көрө эмнеге ушундай кайгылуу окуялар чыгып кетти, анын чыныгы өзөктүү себептери эмнеде болчу, ага эмнелер түрткү болду деген суроолорго жооп табылса жакшы болмок.

Балким ал комиссия муну атайын жасабаган чыгаар. Анын төрагасы Киммо Килюнен айтып жатпайбы “эгерде баяндама бир жактуу жана калыс эмес десеңер, анда бул менин кайгым, анда мен ыйлайм” дебедиби. Бирок тилекке каршы ушул эки башкы кемчиликти биз көрүп жатабыз.

- Жалпысынан алганда эл аралык иликтөө комиссиясынын тыянагын тааныйсыздарбы?

- Баяндамада "ошол учурдагы бийлик өзүнүн жарандарын коогалаңдан коргой алган жок" деп айтылып жатпайбы. Жок, андай болгон эмес деп Кыргызстандын өкмөтү негизсиз жерден талашпай эле турат. Бийлик мына ошол нерсени мойнуна алып, канчалык аракет болбосун ушул окуя чыгып кеткенине айыптуу экендигин жашырган жок.

Кыргызстандын өкмөтү корко турган жана жашыра турган нерсеси жок болгону үчүн эл аралык иликтөө комиссиясынын киришине уруксат берип, анын ишине көмөктөшкөн болчу. Мына ошол окуяны алдын алууга мүмкүн болбой калган абал катары ошол учурдагы бийликтин боштугу жана саясий боштуктун орун алып тургандыгы баяндамада да келтирилген экен. Бул чындыгында адилеттүү баалоо.
Биз күткөн тилек орундалбай, окуя чынында эмнеден улам чыгып кетти деген суроого эл аралык комиссия жооп таба албай койду.


Ошол эле учурда баяндаманын негизги өзөгүндө бул мамлекеттик-аскердик кылмыш эмес экендиги жана геноцид болбогондугу айтылып жатат. Мына буга чейин эл аралык маалымат каражаттары бир жактуу маалыматтары менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп койушкан эле. Бирок минтип эл аралык иликтөө комиссиясынын эксперттери иликтеп көрүп, геноцид болбогондугун аныктап, далилдеп чыгышты. Буга байланыштуу далилдер жок экендиги көрүнүп турат.

Албетте анда адамга кыянатчылык кылган кылмыштар орун алган деп кошумчаланып жатат. Бирок бул эми ошол катуу даярдалган чагымдан улам, эки тараптын кагылышынын кесепети болду. Биз эми мындай нерселерге жол бербешибиз керек.

- Эл аралык жана жергиликтүү эксперттер “Кыргыз Республикасын Кыргызстан Республикасы деп атоо, өзбек тилине аймактык тил макамын ыйгаруу сыяктуу комиссиянын сунуштары мындан мурун эле мына ошол өзбек тектүү саясатчылар тарабынан негизги талап катары айтылып келген болчу” дешет. Сиздер бул сунуштарды кандай кабыл алдыңыздар?

- Бул суроого мен бир катар мисалдар менен жооп берейинчи. Мисалы Франция Француз республикасы деп аталат. Муну менен бул мамлекет жалаң гана француздардын мамлекети дегенди түшүндүрбөйт да. Ал жерде көптөгөн улуттар жашайт. Бирок алар өздөрүн Француз республикасынын жарандары деп эсептешет. Аларда мамлекет бир гана француздардын аты менен аталып калып жатат деген маселе жок. Анткени алар Франция мамлекетин түптөөчү, бардык улуттардын башын кошуучу француздар экендигин жакшы түшүнүшөт.

Чынын айтканда маселе мамлекеттин аталышын өзгөртүүдө эмес. Кыргыз Республикасы болобу же Кыргызстан Республикасы болобу, анын ичинде жашаган этностор өздөрүн ушул өлкөгө таандык экендигин жакшы билип, алар бардыгы бир эл экендигин түшүнүүгө тийиш.

Тилекке каршы бизде мына ошол этностор аралык бирдиктүү интеграциялык жараян жакшы жүрбөй, бири-бирибизди жакшы түшүнүшө албай жатпайбызбы.

- Ошол эле учурда мамлекет башчысы Р. Отунбаева эл аралык комиссиянын айткан сунуштары эске алынып, аткарыла тургандыгын белгиледи. Ошондо аталган сунуштардын бардыгын аткарууга даярсыздарбы?
Сунуштарды Кыргызстан карап көрүп, ылайыктуусун аткарса болот. Бирок бул милдеттүү түрдө бардык сунуштарды аткарууга тийиш дегенди түшүндүрбөйт.


- Эгемендүүлүктүн эмнеси жакшы? Биз кандай кааласак ошондой чечим кабыл ала алабыз. Ошон үчүн көпчүлүк эл өздөрүнүн эгемендиги үчүн күрөшүп келе жатышат. Ошондуктан биз бул маселелерге элибиз кандай караса, өкмөтүбүз кандайча кеңешип чечише турган болсо, ошондой болот деп гана айта алабыз.

Бул айтылган сунуштар негизинен жалпы гуманитардык маселелер. Бирок маселени жөнгө салууда ошол сунуштардын кайсыларын аткарса болот, кайсынысы ыңгайсыз экендиги талдангандан кийин гана бир ыктай чечимдер кабыл алынат. Бирок берилген сунуштардын бардыгы эле биз үчүн ыңгайсыз деп айта албайбыз. Анын ичинде бир катар жакшы сунуштар да киргизилиптир.

- Эл аралык иликтөө комиссиясы БУУнун же ЕККУнун мандатына ээ эмес экендиги айтылган. Бирок ошол эле кезде анын чыгарган тыянагы кандайдыр бир эл аралык укуктук күчкө ээ боло алабы?

- Эл аралык укуктук күчкө ээ эмес. Бул жалпы изилдөө жана жалпы мүнөздөгү сунуштар. Бирок бул изилдөөгө ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын макулдугу алынган. Бирок бул анын берилген тыянагынын натыйжасында Кыргызстанга карата кандайдыр бир эл аралык гуманитардык укуктун алкагында кесепеттери болушу мүмкүн дегенди түшүндүрбөйт.

- Эл аралык "Мунапыс" уюму Кыргызстандын бийлиги комиссия тарабынан берилген сунуштарды тоготпой коюуга акысы жок деген билдирүү таратты. Чынында эле аталган сунуштар аткарылбай калса эл аралык коомчулук тарабынан Кыргызстанга карата кандай чаралар колдонулушу мүмкүн?

- Жок, эч кандай чаралар колдонулушу мүмкүн эмес.
Баяндаманын негизги өзөгүндө бул мамлекеттик-аскердик кылмыш эмес экендиги жана геноцид болбогондугу айтылып жатат.


- Демек берилген сунуштар милдеттүү түрдө аткарууга жатпайбы?

- Сунуштарды Кыргызстан карап көрүп, ылайыктуусун аткарса болот. Бирок бул милдеттүү түрдө бардык сунуштарды аткарууга тийиш дегенди түшүндүрбөйт.

- Июнь коогалаңы боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн К. Батыров “Азаттыктын” өзбек кызматына курган маегинде "эл аралык комиссия менин коогалаңга тиешем жок экендигин аныктады. Керек болсо ошол баяндамага өкмөттүн комментарийинде да мага каршы кандайдыр бир далилдерди келтире алышкан эмес" деп билдирди. Буга эмне дейсиз?

- Бул жерде түшүнүп алалычы. Эл аралык комиссиянын баяндамасы соттун чечими эмес. Бул жөн гана июнь окуясынын себептерин изилдөө максатында түзүлгөн эл аралык эксперттердин көз карашы.

Ал эми К. Батыров боюнча бул жакта конкреттүү эпизоддор боюнча конкреттүү кылмыш иштери козголуп жатпайбы. Анын күнөөсү бар же жок экендигин сот чечет. Андыктан К. Батыров чындыгында эле ошол окуяларга катышы жок болсо, сотко келип, өзүнүн ак экендигин далилдеп кетсин.
XS
SM
MD
LG