Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:29

Ошто журналистти сабап кетишти


Жылдыз Бекбаева
Жылдыз Бекбаева

Ош шаарында журналист Жылдыз Бекбаеваны сабап кетишти. Ал учурда шаардык ооруканада дарыланууда.

Дарыгерлердин айтымында, шаардык ооруканада жаткан журналисттин денеси көгөрүп, мээси чайкалып калган. Ал эми тартип коргоо органдары бул кол салуу журналисттин кесиптик ишмердигине байланыштуу эмес деп билдирди.

1-май күнү болгон окуя тууралуу “Интерфакс” маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Жылдыз Бекбаева эми гана айтып отурат. Аны ошо күнү кечинде Ош шаарынын Кулатов кичирайонунда өзү жашаган үйүнүн алдында белгисиз бирөөлөр сабап салышкан.

Toyota үлгүсүндөгү унаа менен алар журналисттин 2 жаштагы кызын да сүзүп кете жаздашкан экен. Унаадан эки эркек жана эки аял түшүп эле ага асылып кетишиптир:

- Кетип баратсак эле бир машине кызымды уруп кете жаздады. “Жакшына айдабайсыңбы” десем эле, эки аял түшүп “бул эмне сенин ээлеп алган жериңби?” деп кыйкырып эле мага асыла кетишти. Экөө эки жактан нары тарткылап, бери тарткылап, колу башымды аймап жиберишти. Анан машинеден дагы эки жигит түштү. Алар тиги аялдарды ажыратат окшойт десем эле, алар деле аялдарга кошулуп мени ары-бери жулкулдатышып кыйнашты. Кызым буттардын арасында калып ыйлап жүрөт. Же кызым менен кача албайм. Кийин адамдар чогулгандан кийин гана алар унаасына түшүп алып качып кетишти.

Кылыч Мамашарипов
Журналисттин айтымында, аны уруп-сабагандар азыр деле анын үйүнө барып атасынын тынчын алып жатыптыр. “Бул менин кесиптик ишиме байланыштуу же жокбу азырынча билбейм” дейт Жылдыз Бекбаева:

- Азыр бир нерсе дей албайм. Тергөө иши көрсөтөт да баарын. Бирок алар менин журналист экенимди билишет экен. Үйүмдөн бери билишет экен. Бүгүн да келип үйдүн алдында жүрүп, атама асылып кетишиптир. Бүгүн да аларды ошол жерде тургандар ажыратып калышыптыр.

Журналист Ош шаардык аймактык ооруканасында дарыланууда. Дарыгерлердин айтымында, анын денелери көгөрүп, мээси чайкалыптыр. Башкы дарыгердин орун басары Кылыч Мамашарипов “Азаттыкка” буларды айтты:

- Жылдыз Бекбаева бизге 2-майда 11:45те түштү. Азыр абалы салыштырмалуу канааттандыраарлык. Бирок баш мээси чайкалып, колдорунда, денесинде көгөргөн тактар, аймалган, сыйрылган жерлери бар. Диагноздору коюлуп, дарылоо процесси жүрүп атат.

Бул иш боюнча учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Шаардык ички иштер башкармалыгынан башчысынын орун басары Асылбек Батыров журналистти уруп-сабоо анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эмес деген пикирин ачыктоодо.

Анын белгилешинче, Жылдыз Бекбаева айыптап жаткан тарап да аларга арыз менен кайрылган:

Асылбек Батыров
- Бул журналисттик кесиптик ишине байланыштуу эмес. Ошол Кулатов кичирайонунун кабаттуу 9-үйдүн жашоочулары Бекбаева Жылдыз, Юнусова Максат жөн эле бир болбогон нерседен урушуп кетишкен. Экөө бир үйдө жашап атса, кошуна болсо элестетсеңер. Бекбаева кандай арыз жазса, ал айыптап жаткан Юнусова да “Жылдыз деген мени уруп-сабады, кийимдеримди тытып салды” деп арыз жазган. Экөөндө тең ошондой жарааттар бар. Азыркы убакта текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жабыр тарткан журналист Жылдыз Бекбаева соңку кездери шаардагы коопсуздук жана чек ара маселелери тууралуу маалыматтарды берип жаткан. Ошондой эле коомчулукту дүрбөлөңгө салган “Чөөнүн сааты” аттуу китеп жөнүндө да иликтөө жүргүзө баштаган эле.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG