Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Алмаз Касенов: Кышкы спорттон ийгиликтер алдыда


Кыргыз хоккейчилери Кышкы Азия оюндарында Тайланддын командасы менен таймашууда.
Кыргыз хоккейчилери Кышкы Азия оюндарында Тайланддын командасы менен таймашууда.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Алмаз Касенов кышкы спорт оюндарын өнүктүрүү жолго коюлат деп ишенет.

- Алмаз мырза, 7-Кышкы азия оюндарында кыргызстандык оюнчулар бир коло медал менен жетинчи орунга ээ болду. Сиздердин божомол кандай эле?

-7-Кышкы Азия оюндарына бара жатканда алдыбызга кандайдыр бир милдет деле койгон эмеспиз. Анткени кышкы спорттук оюндар бизде жаңы эле өнүгүп жаткандыктан, биз өзүбүзгө көп деле ишенген эмеспиз. Ошентсе да Азия оюндарына катышып жаткан соң, бир аз үмүтүбүз бар эле. Оюндун жыйынтыгы менен биз командалык эсепте 27 өлкөдөн 7-орунга жеттик. Топ менен ойногон хоккейден 3-орунду алып, ошол коло медал Түндүк Корея менен кошо бизди 7-орунга алып чыкты.

- Топ менен ойногон хоккейден алынган жалгыз медал таптакыр жоктон көрө жогору деңизчи, бирок отуз, кырк, элүү, жетимиштен ашуун медалдар менен жеңишке жеткен командалардын арасында өтө эле аздык кылат экен. Бул - спорттук оюндардын кышкы түрлөрүнө Кыргызстанда көңүл бурулбай келгенинин натыйжасыбы же дагы башка себептер барбы?

- Бизге көп суроо берилет: эмне үчүн бизде спорттун кышкы түрү өнүкпөйт, бизде шарт бар, кар бар деп. Эми буга ар кандай жагдайлар болуп атат. Бир жагынан спорттун кышкы түрлөрүнө көп көңүл бура албай жатканыбыз, экинчи жагынан бул оюндарды өнүктүрүү акча-каражатты да көп талап кылуучу оюндардын түрлөрүнө кирет. Ошентсе да Кыргызстанда кышкы спорттук оюндар жандана баштады. Мына хоккейди эле алалы, мурунку убактарга караганда бир топ жанданды. Эми кудай буйруса, ушул Азия оюндарынан кийин Кыргызстанда кышкы спорт оюндары да өзүнчө бир нукка түшүп, өнүгүү жолунда болот деп ойлойм. Азыр Швейцария өкмөтү менен чогуу кышкы спортту өнүктүрүүгө арналган долбоор даярдап аттык эле, азыр ошонун башкы этабын баштап атабыз. Эки айдын ичинде ошол программабыз даяр болсо, менин оюмча ошол швейцариялыктардын жардамы менен кышкы оюндарды жандандырабыз, өнүктүрөбүз деген үмүт бар.

- Шайба менен муз үстүндө ойнолуучу хоккейди Миң-Куш, Караколдогу командалардан түзүлгөн курама команда ойнойт деген маалыматтар айтылып атты эле, бирок дарбазага шайба киргизген кыйын спортчулар негизинен орус улутундагы оюнчулар болуп жатты. Ушундан улам Орусиядан хоккейчилер алып келинген деген сөз тарады, мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Бул сөздөр туура эле. Орусияда хоккейди жакшы ойногон кыргызстандык мекендештерибиз бар экен, ошолорду чогултуп, Азия оюндарын уюштуруучу комитеттин уруксаты менен командага кошконбуз. Эгер антпесек, биздин деңгээлибиз төмөнүрөөк болчу. Балдар биринчи жолу чоң хоккейге чыгып көрүп атышат. Биздин хоккейчилердин экинчи топто болсо да жеңишке жетишкени – Кыргызстанда хоккейдин өнүгүшүнүн эң бир жакшы башталышы деп ойлойм. Анткени Кыргызстандагы хоккейди сүйгөн балдар, оюнчуларыбыз Азия оюндарынын учурунда көрүштү, мындан ары хоккейге кызыгуу, умтулуу күчөйт деп ойлойм. Буга чейин хоккей ойнолуучу бир эле муз аянтчасы бар эле, азыр дагы бирөө курулуп жатат.

- Түркияда өткөн универсиада оюндарына да кыргызстандык спортчулар кетишти эле, ал жакта кандай ийгиликтер бар?

- Ал жакка биздин жигиттер сноуборд боюнча мелдешке катышып келишти. 67 мамлекеттин ичинен 29-орунду алып келишти. Бул дагы биз үчүн жаман көрсөткүч эмес. Мен ишенем, кышкы спорт оюндары боюнча биздин жетишкендиктерибиз, ийгиликтерибиз али алдыда. Келечекте өнүгүү болот деген үмүт бар.

- Алмаз мырза, сизге чоң рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG