Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:18

Кыргызстан кайрадан “жарым-жартылай” эркин өлкө деп табылды


“Фридом Хаус” Кыргызстанды кайрадан “жарым-жартылай” эркин өлкөлөрдүн катарына кошту. Аталган уюм бүгүн “Дүйнөдөгү эркиндик 2011” деп аталган баяндамасын жарыялады. Баяндамада камтылган 194 өлкө ичинен быйыл “Фридом Хаус” 87сине “эркин”, 60на “жарым-жартылай эркин”, 47сине “эркин эмес” деген аныктама берген. Дүйнө мамлекеттериндеги саясий укуктар менен жарандык эркиндиктерди баалаган “Фридом Хаус” баяндамасында глобалдык эркиндиктин деңгээли былтыр бешинчи жылы катары менен төмөндөгөнү айтылат.

Ал эми Кыргызстандын макамы баяндамада 2010-жылы бийликтин кулашынан кийин өткөн шайлоо салыштырмалуу эркин жана адилеттүү деп каралганына байланыштуу жакшырганы көрсөтүлөт. Кыргызстан “эркин эмес” өлкөлөрдүн тизмесине былтыр кирген. Борбор Азиянын калган төрт мамлекети: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөстан мурдагыдай эле быйыл да ушул тизмеде.

XS
SM
MD
LG