Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:12

Энергетика эмнеден аксап атат?


Кыргызстандагы электр жабдыктары жедеп эскилиги жеткени айтылууда.
Кыргызстандагы электр жабдыктары жедеп эскилиги жеткени айтылууда.

Энергетика министрлиги электр кубатын ашыкча пайдалануу, жабдуулардын эскиргени ар кандай кырсыктарга кириптер кылып жатканын билдирүүдө.

Айрым эксперттер болсо өз кезегинде жабдууларды жаңыртууга каражат жетишээрлик экенин, тармактын ишин оңдоого күчөгөн коррупция тоскоол болуп жатканын белгилешүүдө.

Кырсыктын себеби - ашыкча пайдалануу

Өлкөнүн башкы энергетиктери Бишкек шаарында энергика тармагында катталган 8-январдагы кырсыктын чоо-жайы туурасында коомчулукка түшүндүрмө беришти. Энергетика министиринин орун басары Автандил Калмамбетовдун маалымат жыйында билдиришинче, бул кырсык негизинен электр энергиясын ашыкча пайдалануунун кесепетинен болду. Ушул тапта калктын бир суткадагы электр энергиясын пайдалануусу 53 млн. КВт саатка жеткен. Өткөн жылы бул көрсөткүч 41 млн. КВт саатка чукул болгон. Маалыматка ылайык, ошол эле күнү Бишкектин четиндеги Ленинский айылындагы иштен чыккан конденсаторду оңдоо маалында башка линияларга күч келип, Бишкектин жылуулук электр борборунун кубаттуулугу 100 МВтка чейин түшүп кеткен.

- Бишкектин жылуулук электр борборуна (ТЭЦ) күч келип, ТЭЦ ошол мезгилде 250 МВт күчтү алып турган. Аны көтөрө албай автоматтары таштап жиберди. Автоматтар иштегенден кийин он буу казан бууну чыгарыш керек болчу. Эл уккан катуу үн ошондон чыккан. Бизидн ТЭЦ нөлгө отуруп калбай күчтү көтөрүп калганы - бул дагы жакшы иштеди, жетишкендик дегендик.

Энергетиканын душманы - коррупция

8-январда кечки саат алты жарымдар чамасында Бишкектин бир топ аймагында, Чүй жана Ысык-Көл облусунун кээ бир айылдарында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Саат сегиз жарымдар чамасында электр кубаты калыбына келтирилген. Учурда авариялардын себептерин министрликтин алдында түзүлгөн комиссия иликтөөдө. Эми Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергетика системасынын алкагында да комиссия түзүлмөкчү. Алдын ала маалыматтар боюнча, электр кубаты белгиленген өлчөмдөн ашыкча колдонулуп жаткандыктан эски тетиктерге күч келген.

Мындай аварияларды болтурбоо жана өлкөнүн энергокоопсуздугун камсыз кылуу үчүн өкмөт баш болуп, энергетика министрлиги аракет кылууда - дейт Автандил Калмамбетов.

Ал ортодо Тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев бул аварияларды болтурбай коюуга мүмкүн болчу деп эсептейт. Анын айтымында, бул адистерге байланыштуу:

- Эгерде убагында карап турса мындай болбойт эле да. Мунун бардыгы көп жылдан бери келе жаткан биздеги каталыктардын бири. Бул маселе бүгүн эле чыга калды, жаңы министрлик келгенде эле чыга келди деген туура болбой калат. Каражат дегени туура эмес. Каражат энергетикада жетиштүү. Анын бардыгы коррупциянын негизинде чөнтөккө түшүп атат. Бул системанын коррупциялашканынын негизинде болгон иштер.


Айрым жергиликтүү эксперттер ушундай ири авриялардын көп болушу Борбор Азиядагы Бирдиктүү энергетика системасына кирген өлкөлөрдүн системадан чыгышына алып келерин белгилеп келишет. Учурда Казакстан ушундай аркеттерди көрүп жатканы айтылууда. Өзбекстан деле өздөрүнүн жеке айлампасын курууга камынууда. Бирок Кыргызстандын “Улуттук электр тармактары” ишканасынын башкы директору Раимбек Мамыров бирдиктүү системага кирген өлкөлөр андан чыга албайт деген ойдо:

- Аларда деле системадан чыгып кетебиз деген ой жок. Бул жерде тартип маселеси болуп атат. Айлампанын ичинде эгер электр энергиясын сатып алууга келишими жок болсо ар ким өзүнүн иштеп чыгарган электр энергиясын пайдаланышы керек. Ошондой болбой эле 5-январдагы аварияда Өзбекстан өзүнө жетпегенин Казакстанга кетип аткан электр энергиядан алып койгон. Бул эми ошол эки өлкөнүн ортосундагы талаш. Биз мисалы курулат деп аткан “Датка”, “Датка-Кемин” жана түштүктөгү 220 КВттук линияларды алар системадан чыгабыз деп аткан шартка даяр бололу деп жасап жатабыз.

Оңдоого насыя алынды

Ал эми эскирген линия, подстанцияларды оңдоого “Түндүк электр” ишканасы Немис банкынан насыя алганын Автандил Калмамбетов кабарлады. Бирок насыянын шарттары туурасында маалымат айтылган жок:

- “Түндүк электро” Немис банкынан 23 млн. евро насыя алган. Бир-эки жылдын ичинде ушул каражаттын баары киргизилсе, күч келип кетти деген маселе буюрса чечилет. Кичине жоонурак кабелдер, мурункудай май куюлган эмес, полиэтиленден жасалган кабелдер коюлат.

Калмамбетовдун белгилешинче, электр энергиясын ашыкча пайдалануудан улам жарыкты маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Ошондой эле бул тармактагы жедеп эксилиги жеткен жабдыктарды жаңыртуу үчүн тарифти көтөрүү маселеси да азырынча козголо элек.

8-январдагы кырсыкта 25 подстанцияда электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Ал эми 5-янврда 48 подстанцияда электр берүү үзгүлтүккө учураган. Анын ичинде Чүйдө 22, Жалал-Абад менен Нарында бештен, Ош облусунда 9, Таласта 4 жана Ысык-Көл облусунда 3 подстанцияда өчүрүүлөр болгон. Натыйжада калктын 20 пайызга жакыны жарыгы жок калган. Ошондой эле өзбек энергосистемасы менен бириктирчү жогорку чыңалуудагы Кристалл-Юлдуз подстанциясы өчүп калган. Натыйжада Борбор Азиянын бирдиктүү энергосистемасына кирген аймактын тургундары бир нече саат бою жарыксыз калган.

XS
SM
MD
LG