Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:07

Ахмадинежад Ливандагы мамлекеттик сапарын аяктоодо


Махмуд Ахмадинежад Бейрутта Хезболла кыймылынын тарапкерлери алдында сөз сүйлөдү, 13-октябрь 2010-жыл
Махмуд Ахмадинежад Бейрутта Хезболла кыймылынын тарапкерлери алдында сөз сүйлөдү, 13-октябрь 2010-жыл

Ирандын лидери Ахмадинежаддын Ливандагы сапарына израилдик демонстранттар нааразылык билдирип жатышат.

Израилдик демонстранттар "Ахмадинежад – жаңы Гитлер”, “Ассад, ойгон, Ахмадинежад Дамаскиге келатат” деген ураандарды көтөрүп чыгышты.

Шаршембиде сапарынын алгачкы күнүндө Ахмадинежадды борбор шаар Бейрутта Хезболла кыймылынын тарапкерлери салтанаттуу тосуп алышкан. Шийилердин Хезболла тобу 2006-жылы 34 күн бою Израилге каршы согушкан. Тегеран ошол уруш маалында жабыркаган Ливандын аймактарын калыбына келтирүү иштерин финансылап жатат.

Иран лидери миңдеген адамдардын алдында чыгып сүйлөп, Израиль мамлекети жок болуп кетүүгө жакындады жана дагы бир жаңжалды башташы мүмкүн деди:

- Израиль тараптан жаңы карасанатайлык болсо, ал - жасалма режимдин кыянатчыл өмүрүнө чекит коет деп ушул жерден бүгүн эскертейин.

Шаардын Хезболла көзөмөлдөгөн аймактарында бир нече жумадан бери Ахмадинежад, Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи, Ислам революциясынын лидери маркум Аятолла Рухолла Хомейнинин сүрөттөрү илинип турат.

Бирок Ливандын бардык эле тургундары жана саясий күчтөрү Иран президентин мындай жылуу тосуп алышкан жок. 200 чакты белгилүү коомдук ишмерлер Ахмадинежадга ачык кайрылуу жасап, Израил менен конфронтациясында алардын өлкөсүн трибуна катары колдонбоого үндөшкөн. Визиттин алдында өкмөттүн шийи эмес мүчөлөрү Ахмадинежад Ливанды “Ирандын Жер ортолук деңиздеги базасына” айлантууну көздөйт деген билдирүү менен чыгышты.

Ахмадинежаддын визитин Израиль менен АКШ да айыпташкан.

Тел-Авивдеги стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Эфраим Инбардын айтымында: “Ливанда Хезболланын турумдары бекемдеп жактанына күбө болуудабыз. Ливан өз эгемендүүлүгүн жоготкон сайын Хезболла тамырын кеңири жайууда. Ахмадинежад ал күчтөргө дем берүүдө жана бүтүндөй Жакынкы Чыгышка Ливан Ирандын протекторатына айланууда деген ишара бергиси келет”.

Иран мамлекет башчысынын визити Ливандагы оңой эмес саясий кырдаалга туш келди. БУУнун Ливан боюнча трибуналы мурдагы премьер-министр Рафик Хариринин өлтүрүлүшүнө байланыштуу жакынкы күндөрү айып тагат деп күтүлүүдө. 2005-жылдын февралында болгон кол салууга Хезболланын тиешеси бар деп болжолдонууда. Уюм эл аралык комиссия жүргүзгөн тергөөнү “саясатташкан” деп анын тыянактарын буга чейин эле четке каккан.

Көпчүлүк болсо 20-жыл мурун эле басылган жарандык согуштун кайра жанданышынан чочулашат.

Хезболланын лидери Хасан Насралла шшаршембиде Бейрутта чогулган элге кайрылып, Иранды “ислам баалуулуктарынын гаранты” деп атады.

XS
SM
MD
LG