Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:09

Жергиликтүү дыйкандардан буудай сатып алуу иштери жакшырат


Бул тууралуу кыргыз өкмөтү 5-октябрда өлкөдөгү эгин-тегинди оруп-жыйноо иштерине байланыштуу курган жыйынында билдирди. Анда айыл чарба министри Маматшарип Турдукулов жагдай боюнча маалымат берди. Ага ылайык, Кыргызстанда дан-азыктардын дээрлик токсондон ашык пайызы жыйналып алынды. Орточо түшүм бир гектарына 23,1 центнерди түздү. М. Турдукулов азыр келерки жылдын түшүмүнө кам көрүлүп жатканын, күздүк дан-эгиндер 280-290 миң гектер жерге эгилерин маалымдады. Буга байланыштуу Орусиядан 1,5 миң тонна сапаттуу үрөн алынып келинмекчи. (EBM)

XS
SM
MD
LG