Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:24

Орозо айтта жайылган дунган дасторкону


Дунган ашканасы өзүнүн өзгөчө даамы менен белгилүү.
Дунган ашканасы өзүнүн өзгөчө даамы менен белгилүү.

10-сентябрда жалпы кыргызстандык мусулмандар Орозо айт майрамын белгилешти. Кыргызстанда жашаган 100 миңге чукул дунган улутунун бул майрамды белгилөөдө өзүнчө өзгөчөлүктөрү бар.

Дунгандар бул майрамды үч күн белгилешип жана биринчи күнү тууган-урук, кошуналарынын үйүнө эркектер гана айттай алышат. Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Александровка айылындагы дунган улутундагылар бул майрамды кандай өткөрүп жатышат?

Биз Леля Макуевалардын үйүнө баш бактык. Ал кезектеги коногун күтүп, неберелери менен дасторконун толуктап жатат. Леля айым өзү орус тилчи мугалим. Анын айтымында, дунгандар Курман айтка караганда Орозо айтты көбүрөөк жана жогорку деңгээлде майрамдашат. Бул күнү өзгөчө колго даярдалган таттууларга артыкчылык берилет. Дунган үй-бүлөлөрүндө сөзсүз түрдө таттуу нан, дунганча айтканда томомо жасалат.

- Бүгүн ким болсо да үйгө кирип, конок болуп айттап кетсе болот. Бизде балдар да чыгып айтташат. Ар бир үйгө киришет. Аларга акча, таттуу беребиз. Улууларга акча бербейбиз. Бул күнү бардыгы бири-бирине болгон таарынычтарын унутушат, кечиребиз.

Леля Макуеванын айтымында, Орозо айт майрамында сөзсүз жаңы кийим кийиш керек деген нерсе салтка айланган.

Айттап жүргөн кыздар.
- Биз алдын ала сатып алганбыз. Мен, мисалы, келиниме, неберелериме, ал тургай үй-бүлөдөгү эркектерге да жаңы нерсе сатып алам. Эң башкысы тынчтык болсун деп эле тилеп атабыз. "Түштүктө өзбектер даярданып атыптыр, тигиндей, мындай" деген ушактарды эле угуп атабыз. Аларды укканда жан дүйнөбүздө муздактык сезилет. Баары жакшы болот, бир гана тынчтык болсун.

Майрам эже кыргыз кызы. Дунгандарга келин болуп барганына 45 жылдын жүзү болуптур. Үч баланын энеси. Ал Эди майрымында (Орозо айт майрымын дунгандар ушинтип аташат) дасторконун жайып, дунгандардын улуттук тамактарын бышырып, конок тосуп жаткан чагы. Ал кийинки коноктордун келишине даярдык көргөнчө бизге алгач келин болуп баргандагысын, дунган элинин салтын, тилин билбей кыйналганын айтып отурду.

- Биз сүйүү деп эле баш кошконбуз. Турмушка чыгарын чыгып алып, же тилин билбейм, же салтын билбейм. Булар да салтты абдан кармашат. Ага да көнө албай жүрдүм. Дунгандарда биринчи эркек турат, сөзсүз. Аялдар экинчи орунда турат. Алар тамак ичип бүткөндө анан дасторконго аялдар отурат. Бир нерселерди эле сүйлөшөт. "Ушу мен жөнүндө эле сүйлөп атат го" дечүмүн. Ашканасы абдан жакшы, кийин дунган тилин үйрөндүм. Азыр бардыгын булардан жакшы жасайм.


Аңгыча Майрам эженин 5-6 кайниси балдары менен айттап келип калышты. Отургандар куран окуп, бата кылып, даам сызгандан кийин саясаттан да кеп курушту. Шайлоо болуп, жаңы парламент келмейинче ишенген, туруктуу эч ким жок экенин белгилешти. Ал эми Майрам эже алгач келген жылдарын эстеп, биринчи келгенде жер иштете албай уят болгонун айтып отурду.

- Биринчи жылдары мен эккен огородум эле таптакыр өспөй, куурай болуп калды. Уяласың. Намыстанып, аракет кылып иштедим. Анан эмне кыласың...

Бүгүн дунган улуту басымдуулук кылган Александровка айылында көчөдө жүргөн балдарды, топтолуп бир үйдөн башка үйгө кирген эркектерди көрүүгө болот. Ал эми бул күнү дунгандардын бир да базары, кафе, дүкөнү иштебейт. Ыйык күнү иштеп, акча табууга аракет кылган күнөө деп эсептешет алар.
XS
SM
MD
LG