Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

АКШнын өкүлү оштуктардын арыз арманын укту


АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Оштогу сапарынын соңунда бул жакта адам укуктары бузулуп, айрым массалык маалымат каражаттары чыкпай калгандыгына, мэрдин улутчулдугуна эл ичинде нааразылык бар экендигин билдирди. Оштун вице-мэри өз кезегинде Роберт Блейктин кебин мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары баалады. АКШнын өкүлүнүн сапарын утурлай Ошто ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүүгө каршы акция өттү.

Маалымат жыйынында АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун полиция кеңешчилерин Кыргызстанга кийирүү демилгесин Америка Кошмо Штаттары кубаттай тургандыгын бышыктады.

- Айрым жарандар жана бейөкмөт уюмдар менен жолугушуу учурунда жарандардын укуктары бузулуп жаткандыгы, өзбек лидерлеринин жана укук коргоочуларынын камалышы туурасында катуу айтышты. Ушул өңүттө Ош облус комендантынын орун басары менен дагы сүйлөштүк. Аларга бул кемчиликтерди четтетүүнүн чараларын көрүүсү зарылдыгын белгиледим,-деди Роберт Блейк.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары коогалаңдын себептерин иликтей турган эл аралык териштирүү кырдаалды турукташтырууга кыйла көмөктөшөт деген үмүттө экендигин билдирди:

- Отунбаеванын түштүктөгү окуяларды иликтөө боюнча улуттук комиссиясын АКШ колдойт. Андан ары шайлана турган парламент дагы буга кошулуп коогалаңга калыс баа берет деген ишеничтебиз.

Роберт Блейктин айтымында, аларга таандык булактар аркылуу аталган аймакта криминалдык түзүмдөр активдешип бараткандыгы маалымдалууда, ошондуктан аларды ооздуктоо багытында кечиктирилгис чаралар көрүлүүсү кажет.

- Дагы белгилей кетчү жагдай: өзбек тилиндеги массалык маалымат каражаттарынын иштөөсүнө шарт жараткан оң. Анткени алардын көбү шартка байланыштуу токтоп калган. Учурда алардын жанданышына көмөктөшүү аркылуу өзбек улутундагылардын сөз эркиндигин камсыз этүү зарыл,-деди Р. Блейк.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы буга улай тургундар айрыкча Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун улутчулдугуна нааразы экендигин да айта кетти.

Ош шаарынын вице-мэри Алымжан Байгазаков шаарда улуттар арасында олутту көйгөй жоктугун, кырдаал улам турукташып бараткандыгын белгилеп, АКШнын өкүлү Роберт Блейктин кебин мамлекеттин ички ишине кийлигишүү катары баалады.

Буга дейре “Азаттыкка” курган маегинде коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүгө карманча каршы экендигин маалымдаган. Генерал азыр деле ушул оюнан кайта электигин дагы бир жолу ачыктады.

АКШнын өкүлүнүн сапарын утурлай Ош шаарынын борбордук аянтында ЕККУнун полиция күчтөрүнүн Кыргызстанга киргизилишине каршы акция өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG