Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Ширин Айтматова: Жүрөгүм Ошто калгандай сезилет...


Улуу жазуучунун кызы Оштогу оор күндөрдө жакындарын жоготкондор менен бирге болду
Улуу жазуучунун кызы Оштогу оор күндөрдө жакындарын жоготкондор менен бирге болду

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматова түштүктөгү улуттар аралык жаңжалдан кийин гуманитардык жардам алып барган жаштардын катарында эки ирет Ошко барып келди.

Ал коогалаңдан жапа тарткан кыргыздар менен да, өзбектер менен да сүйлөшүп, алардын муңун угуп кайткан. Азыр эми өзү ал жакта тарткан видео-клиптерди интернеттеги “Facebook” баракчасы аркылуу бүт дүйнөгө таратып жатат.

Жанар Акаев:
Ширин, мен сиздин Ош окуясы боюнча жазган баяндарыңызды, тарткан видеолоруңузду абдан көп жолу көрдүм. Байкашымча, сиз түштүктөгү коогалаңды жүрөгүңүз менен кабыл алып, катуу кейидиңиз. Балким, Чыңгыз Төрөкулович да 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу силерге көп айтчу окшойт?

Ширин Айтматова: Мен 16-июнда иним Элдар менен Ошко учуп бардым. Батыштын маалымат каражаттарында бул окуя кандай чагылдырылганын кыргызстандыктар жакшы билишет. “Геноцид”, “тукум курут” деп атап жиберишти. Мен ушул терминдин бизге колдонулуп жатканына абдан катуу тынчсыздандым, кайгырдым. Чет мамлекеттерге анча белгисиз чакан мамлекетти үч эле макала жаманатты кылып коет экен, окурмандарды чын эле ал жакта “кыргын” болуп жатыптыр деп ишендирип коюшат. Ошон үчүн мен Ошто эмне болуп жатканын өз көзүм менен көргүм келди.

Ширин Айтматованын сүрөттөрүнөн
Аэропорттон түшкөндө эле кырдаалдын оор экенин байкадым. Куралчан аскерлер, кубарган шаар... Мени өзгөчө жакындарын жоготуп, сүрөттөрүн көтөрүп издеп жаткан адамдардын көздөрү кейитти. Ар бирибиз алардын тагдырын өз ордубузга коюп көрөлүчү, мен кызымды дайынсыз жоготсом кандай абалда болот элем? Ушулардын баарын көрүп, Оштон чыгып баратып, аэропортко келгенде көзүмдөн жаш токтобой койду. Менин жүрөгүм азыр Ошто калгандай сезилет...

Атам тууралуу айтсам, ал мага 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу айткан деле эмес. Бирок мен атамдын Ош окуясындагы элди тынчтыка чакырган аракеттерин, ошол окуяга көп жыл кайгырып жүргөнүн билем.

"Аткарылчу миссия"

Жанар Акаев:
Оштогу тополоң курчуп турган кезде сиз коркпой барып, эки улуттун тең карапайым адамдары менен баарлашып, иниңиз менен айылдарды кыдырып жүрдүңүз. 1990-жылы да Чыңгыз Айтматов урушту токтотууга катуу аракеттенгенин билебиз. Сиз атаңыз бүтүрө албаган миссияны бүтүрүүгө аракет кылдыңызбы?

Ширин Айтматова: Мен эми атамдай кадыр-барктуу инсан эмесмин да. Бирок Ошко барган себебим, катардагы эле жаран катары кандуу окуяга кейип, аны токтотууга, адамдарга жардам берүүгө аракет кылдым. Коркуп Бишкекте отуруп алсам деле болмок, бирок чыдабадым. Элибиз жардамга муктаж убакта карап туруп алганга жүрөгүм чыдабады. Албетте мен Ош окуясында атам аткара албай кеткен нерсени аткарам же аткара албайм деп айталбайм. Канткен менен баарыбыз элге тынчтык болушун, эки улуттун ынтымакта жашашын каалап, ошого аракет кылып жатабыз да.

Ширин Айтматованын сүрөттөрүнөн
Жанар Акаев:
Сиз Ош окуясы тууралуу абдан көп материалдарды топтогон экенсиз. Балким, бул каргашалуу окуя жөнүндө китеп жазуу ниетиңиз бардыр?

Ширин Айтматова: Сиз айткандай, мен китеп жазууну ойлодум. Бирок өзүм публицистикага эмес, поэзияга жакынмын. Поэзия, чакан аңгемелерди жазам. Бирок, эмнегедир, жарыкка чыгарууну каалабайм. Мен үчүн поэзиядан публицистикага өтүү абдан татаал. Ошон үчүн айтып коеюн, мен бул окуя тууралуу саясий көз карашты жазып сала турган адам эмесмин. Жөн гана Ошто көзүм менен көргөнүмдүн баарын, карапайым адамдар менен болгон сүйлөшүүлөрүмдү китеп кылып жазууну каалайм. Азыр Ош окуясы боюнча иним, досторум болуп тарткан видеолорду тынымсыз интернеттеги баракчабызга коюп жатабыз. Алардын “Фэйсбуктагы” биздин фонддун баракчасына таап, көрсө болот.

Албетте чагымчылдыкка үндөбөгөн материалдарды жайгаштырабыз. Өзбек улутундагы адамдар мага мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдардын сүрөттөрүн жөнөтүп жатышат. Бирок азыр элдин бүйүрүн кызытчу андай нерселер менен алек боло турган убак эмес. Биз көзү өткөндөрдүн арбагын сыйлашыбыз керек.

Жанар Акаев: Бирок сизди ошол эле Facebook сайтында “улутчул” деп айыптагандар да болду окшойт?

Ширин Айтматова: Ооба. Анткен менен чет өлкөдө жашаган кыргыз улутундагы, өзбек улутундагы адамдар рахмат деп, кат жазып, ыраазычылыгын билдиришти. Алар чындыкты көрсөттүңөр деп айтышты. Канчалаган адамдар телефон чалып, кат жазып, кандай жардам керек болсо айткыла деп жатышат. Бирок албетте, сиз айткандай улутчулдукка берилип кеттиңиз деп айткандар да бар. Ооба, кыргыз улутундагылар да түшүнүшү керек, өзбек тарап көбүрөөк жабыр тартты. А өзбектер болсо аларда эле эмес, кыргыздарда да көп жоготуу, көп кайгы болгонун түшүнүшү зарыл.

Оштон чыгып баратып, аэропортко келгенде көзүмдөн жаш токтобой койду....
Менден “Эмне үчүн кыргыз тарапты көп чагылдырып жатасыз?” деп сурашат. Өзүңөр деле дүйнөлүк абройлуу маалымат каражаттарын, же жөн эле сыналгыны көрсөңөр, эл аралык гезиттерди ачсаңар, өзбек тарапты өтө көп чагылдырышты. Бирок мен бардык журналисттер жасап жаткан жумушту кылгым келген жок. Өзбектердин көп жабыр тартканын билсем да, кыргыз тарап таптакыр чагылдырылбай калганын эске алдым. Өз уулун жоготуп сыздап отурган апалар “журналисттер тартып кетишет, бирок көрсөтүшпөйт” деп ыйламсырашат. Мен ошол чындыкты көрсөткүм келди.

"Атам элди тынчтыкка чакырмак"

Жанар Акаев:
Кандай ойлойсуз, эми эки улутту жараштыруунун, мурдагыдай жашоого кайтуунун кандай жолу бар?

Ширин Айтматова: Менимче, жаштар менен иш алып барыш керек. Түштүктөгү тополоңго катышкандардын көпчүлүгү 15-16 жаштагы балдар болду. Бул өтө коркунучтуу. Өзбек айылдарында жалаң өзбектер жашап, башка жагында кыргыздар болуп аралашпай жашоо да - олуттуу маселе. Алар бири-бирине чоочун адам болуп калышы мүмкүн.

Эң көйгөйлүү маселе – түштүктөгү элдин көпчүлүгүнүн Орусия, Казакстанга мигрант болуп кетип жатышы. Алардын балдары кантип тарбияланып жатат?

Уурдаба, өлтүрбө деп аларга ким тарбия берет? Адамдык баалуулуктар, адеп-ахлак жөнүндө атайын программа иштеп чыгыш керек. Жаштар менен түздөн-түз иштешүү зарыл. Кечээки окуя, өлтүрүүлөр алардын көз алдында, эми ошол нерсе кайра кайталанбашы керек.

Жанар Акаев: Айтматов тирүү болгондо бул окуяда эмне кылмак, орду кандай болмок деп ойлойсуз?

Ширин жакында Ошто кыргыз-өзбек жаш балдары үчүн искусство мектебин ачууну пландаштырып жатат. Сүрөттүн автору - Ш.Айтматова
Ширин Айтматова:
Сиз билесизби, азыр мага бир топ адамдар кат жазып: “Сен атаңдын атын колдонуп, фондуңдун наамынан бир беткей материал берип жатасың”, - дешет. Бул мага абдан катуу тийди. Менин атам абдан токтоо адам болгон.

Эсимде, 2005-жылдагы ыңкылапта Бельгияда отуруп атама айткам: “Ата, барыңызчы, сиз элди колдошуңуз керек, оппозицияны колдойлу” дегем. Атам бир саамга унчукпай туруп: “Ооба, коррупцияга жол беришти, бийлик коррупциялашып кетти” деп койду. Мен абдан таң калдым, көрсө ал андан кийин деле жакшы-жаман иштер болоорун алдын ала эле көрө билген экен. Мен Америкада нааразылык акциясына чыккан беш-алты адамга кошулуп, митингде жүргөм.

Азыр атам тирүү болсо, сөзсүз Ошко барып, элди тынчтыкка чакырмак. 1990-жылы кырдаал башкача болчу, азыркыдай Батыштын маалымат каражаттары келип, окуяны башкача өңүттө чагылдыруу болгон эмес.

Жанар Акаев: Ширин, эми маегибизди бир аз башка нукка бурсак. Жакында интернет булактары “Өзбек медиасында Чыңгыз Айтматов тууралуу сөз кылууга оозеки тыйуу салынды” деген кабар таркады жазып чыгышты. Бул эми, ким билет, балким, Өзбекстанды каралоону калаагандардын жасаганыдыр. Кантсе да буга карата расмий Ташкент өзүнүн жообун айта элек. Бул кабарды сиз улуу жазуучунун кызы катары кандай кабыл алдыңыз?

Ширин Айтматова: Бул кабарды менин бир досум Facebook аркылуу жөнөтүптүр. Мен абдан таң калып, эмне кылаарымды да билбей калдым. Дароо апама чуркап барып: “Өзбекстанда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына тыюу салыптыр”, - дедим. Бул кабар биздин үй-бүлөбүздү абдан таң калтырды. Бирок ошол кабарды жазып чыккан сайттын маалыматтарына эч ким деле ишенбейт экен. Мен муну жөн гана чагымчыл иш-аракет деп баалайм. Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине телефон чалсам, алар бул сайтка эч ким маани деле бербейт деп айтышты.

Жанар Акаев: Жакынкы пландарыңыз кандай? Сизди Ошто балдар үчүн мектеп ачам деп жүрөт деп уктум?

Ширин Айтматова: Мен 20 жыл четте окуп, өлкөдөн сыртта жашадым. Азыр болсо Кыргызстанымдан кетким келбейт. Кызымды да өз мекенинде өсүшүн каалайм. Менде Ошту кайра калыбына келтирүү боюнча да идея бар. Ошондой эле Ошко да барып, кыргыз-өзбек өспүрүмдөрү чогуу билим ала турган искусство мектебин ачсамбы деп жатам. Себеби мен искусствого ишенем. Адамды адам кылган да ушул – көркөм өнөр. Азыр бизде баары эле экономист, баары эле менеджер. Эгерде биз бул мектепти ишке киргизсек, эки улуттун балдары чогуу окушмак. Аларды көргөн ата-энелери чогуу окуса, чогуу жашаса боло турганын түшүнүшмөк. Биздин фонд азыр дал ушул мектепти түптөөгө көмөктөшө турган демөөрчү издеп жатат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG