Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Бакиевдин үйүндө табылган жаныбарлар коргоого муктаж


Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин Жалал-Абаддагы үйүнөн табылган жаныбарлар май айынын аягында Ысык-Көлгө алынып келинген. Жергиликтүү адистер Кызыл китепке кирген элик, аюу, ак куу жана башка жаныбарлар катуу жабыркаганын билдиришти.

Курманбек Бакиевдин кичи мекени Тейит айылындагы үйүнөн табылган 2 Тянь-Шань аюу, 1 төө куш, 4 карышкыр, 11 ак кептер, 3 ак куу, бир кара куу, бүркүт, 3 павлин, 1 илбирс жана 3 элик май айынын акыркы аптасында Ысык-Көлгө жеткирилди.

Салтанат Сейитова
Жапайы жаныбарларды коргоо боюнча Каракол шаарындагы реабилитациялык борбордун жетекчиси Салтанат Сейитованын айтымында, Африка төө кушу менен илбирстин түгөйлөрү Жалал-Абадда өлүп калган. Калгандары кыйналып жашаган:

- Биз барсак тамак-ашы жок, абалы начарлап калган экен. Мисалы, аюулар болгону узуну 3, туурасы 2 метр жерде кармалган экен. Моюндарынан да байлап коюптур, алды жагы цемент экен. Негизи аюу жаныбары жерди казып, чөптүн тамыры менен азыктанган жаныбар, ошого ылайык шарт түзүлбөптүр. Сууга да түшүш керек болчу. Бул жакка келгенде экөөнү бош кое бердик эле ойноп жүрөт. Сузактан эки башка клеткада отурчу экен.


Салтанат Сейитованын айтымында, Жалал-Абадда өлгөн илбирстин түгөйүнүн учурдагы абалы оор.

- Илбирстер да күн тийбеген, ным жерде тургандыктан өлгөн илбирстин бирөөнүн өпкөсү оорулуу болуп чыкты. Эми анын жанында калган түгөйү да азыр жакшы эмес. Ичиндеги куртун түшүрүп, анан дарылайбыз. Азыр эч кимди сүйбөй жатат, караңгыда гана бери чыгып, тамак жейт.

Буга чейинки маалыматтарга караганда, Жала-Абаддан 1 төө куш, эки илбирстин өлгөнүнө байланыштуу тергөө иши башталып, “Кызыл китепке кирген жаныбарларды мыйзамсыз кармаганы” үчүн кылмыш иши козголгону айтылган эле.

Каракол шаарындагы борбордо илбирстерди чогуу тоодо жүргөндөй кармоо үчүн 5 метр бийиктиктеги атайын жай курулуп бүтпөй турат, жетекчиси коомчулуктан жардам күтүп атканын ачыктады.


Жапайы жаныбарларды коргоо боюнча бул борбор Германиянын “НАБУ” аттуу жаныбарларды сактоо биримдигине таандык. Кезинде Кыргызстан тарап бул борборду каржылай албай калганын Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча облустук жетекчинин орун басары Максат Өмүров моюнга алды.

- Каржылоо деген болуш керек эле. Чындыгында мамлекет жаныбарларды коргоо борбору эмес, зоопарктарды жакшы карай албай келатпайбызбы. Кыргызстандын өзүнүн жапайы жаныбарлары биздики да, ал немис же Кытайга эмес, бизге керек эле. Биз алар менен сыймыктансак болмок.

Караколдогу жапайы жаныбарларды коргоо борборунда Курманбек Бакиевдин бакма жаныбарларынын Кызыл китепке кирген башка да бир тобу бар, бирок алар сакайып, өз калыбына келгенде деле баары бир эркиндикте өз алдынча жанын багып кете албагандыктан саны өсүп атат. Ошондуктан ал жерде иштегендердин айтуусунда алма, картошка, жем, эт түрүндө да жардам зарыл болуп турат.
XS
SM
MD
LG