Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:32

Ооган бийлиги козголоңчулар менен сүйлөшүүгө киришти


Ооган расмий өкүлү Баглан провинциясында Гульбеддин Хекметиярдын курал-жарагын полицияга өткөрүп берген согушкерлери менен кол алышып жатат. 8-март, 2010-ж.
Ооган расмий өкүлү Баглан провинциясында Гульбеддин Хекметиярдын курал-жарагын полицияга өткөрүп берген согушкерлери менен кол алышып жатат. 8-март, 2010-ж.

Ооган президенти Хамид Карзай өлкөдөгү согушкерлердин экинчи ири тобунун өкүлдөрү менен алгачкы ирeт жолукту. Бул маалыматты эки жак тең ырастады. АКШ тарап болсо ооган бийлиги жана согушкерлер ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү башталуусун этияттык менен кубаттады.

Ооган президенти Хамид Карзай өкүлдөрү менен дүйшөмбү күнү жолуккан топ “Хезб-и-Ислами” деп аталат. Ал НАТО аскерлерине жана ооган күчтөрүнө каршы жасалган чабуулдар үчүн жоопкер деп эсептеген согушкерлердин негизги үч тобунун бири. Топтун башында кезинде советтик оккупацияга да каршы күрөшкөн ардагер согушкер, кийинчерээк кыска мөөнөткө өлкөнүн премьер- министри да боло калган Гульбеддин Хекметияр турат.

Хекметиярдын согушкерлери көбүнесе Ооганстандын чыгыш жана түндүк бөлүгүндө аракеттенет.

Мына ошол топ Кабулга сүйлөшүү үчүн өз өкүлдөрүн биринчи ирээт жиберип олтурат. Мунун бир жүйөөсү учурда Карзайдын өкмөтү да “ал-Каида” террордук уюму менен алакасы жок согушкерлерди куралын таштап, өлкөнү кайра куруу ишинде өкмөт менен эриш –аркак иштөөгө ынандыруу аракетин жасап жатканына да байланыштуу.

“Хезб –и – Ислами” тобунун маалымат катчысы Харун Заргундун айтымында, Хекметиярдын орун басары Кутбуддин Хеллал баштаган беш өкүл Карзайга 15 пункуттан турган тынчтык планын сунуш кылган. Анда келерки жылы президенттик жана парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүү жана чет элдик аскерлерди Ооганстандан быйылкы жылдын июнунан тарта чыгаруу сунушу да айтылат. Топтун өкүлү белгилегендей, сунуштарды али талкуулоого болот. Ооган расмий өкүлдөрү болсо сүйлөшүүлөр дагы уланарын билдиришүүдө. Кабулдагы айрым байкоочулардын баамында, былтыр августа эле кыйынчылык жана талаш –тартыш менен кайра шайланган Карзай жаңы шайлоого макул болору күмөндүү, бирок “Хезб-и-Исламинин” адамдарын борбордук жана жергиликтүү бийлик катарына киргизүүсү мүмкүн.

Бул аралыкта АКШ ооган президенти менен согушкерлер ортосундагы алгачкы байланышты этияттык менен кубаттады. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Филипп Кроули мындай дейт:

-Биз ооган өкмөтүнүн козголоңчул топтордун өкүлдөрү менен байланыш түзүүгө кызыгуусун колдойбуз. Ооган өкмөтү менен оюбуз бир жерден чыккан маселе – алар Ооганстандын аймагында козголоңчуларга колдоо көргөзүүсүн токтотушу, ооган конституциясына ылайык жашоосу, зордук –зомбулуктан баш тартуусу, “ал-Каида” же террордук уюмдар менен байланышта турбоосу керек. Кандай гана топ болбосун, мына ушул шарттарга жооп берсе, Ооганстандын келечегинде белгилүү бир роль ойной алат.

Сүйлөшүүлөрдү БУУнун Кабулдагы миссиясынын башчысы Стеффан де Мистура да колдоду:

-Сүйлөшүүлөрдүн мазмуунун делегацияны тоскон ооган өкмөтү комментарийлөөсү керек, бирок анын орун алгандыгын өзү жакшы жаңылык.

Белгилеп кетүүчү дагы бир жагдай “Хезб-и-Ислами” тобунун өкүлдөрүнүн Кабулга келиши алар ушул ай башында Баглан деген провинцияда талиб согушкерлери менен кармашта жеңилгенден кийин болуп олтурат. Маалыматтарга караганда Хекметиярдын согушкерлери азыр Талибандын молдо Оморду колдогон негизги бөлүгү менен союздаш эмес. Ошол эле учурда сүйлөшүүлөр АКШ Ооганстандагы аскерлеринин санын 30 миңге көбөйтүп жаткан кезде өтүүдө.

Кошумча күч Ооганстандын түштүгүн Талибандан жана башка күчтөрдөн тазалоо операциясына тартылары күтүлүп жатат. АКШ президенти аскерлер Ооганстандан 2011-жылдын июлунан тарта чыгарыла баштоосу мүмкүн экенин билдирген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG