Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:48

Янукович кызматына киришти


Украинанын төртүнчү президенти Виктор Янукович ырасмий түрдө кызматына киришти.
Украинанын төртүнчү президенти Виктор Янукович ырасмий түрдө кызматына киришти.

Украинада жаңы шайланган президент Виктор Янукович ант берип, кызматына киришти. Жогорку Радада өткөн салтанатка чет өлкөлүк коноктор катышты. Өлкөдөгү бийлик системасы менен өкмөттүн реформасын Янукович биринчи кезектеги милдети катары көрсөттү.

Жаңы президент кызматка киришип жаткандагы сөзүн "саргылжын" команданы сынга алуудан баштады.

"Өлкө өтө кыйын кырдаалда турат,- деп айтты Янукович. – Быйылкы жылдын мамлекеттик бүжети жок. Тышкы насыялар боюнча карыздар чачтан ашат. Жакырчылык, бүлүнгөн экономика, коолап-чайлап кеткен коррупция - украин коому туш болгон оор абалдын айрым гана көрүнүштөрү ушулар".

Ошол эле учурда Янукович "кырдаалды кантип оңдошту жана эмне кылышты да билем" деп ишендирди. Баарыдан мурда ал экономика менен социалдык тармактын өзгөчө жабыркаган чөйрөлөрүн тез арада кайра тикелөө зарылдыгын белгилеп, бул үчүн биринчи кезекте мамлекеттик системаны жана Министрлер кабинетин кайра куруп чыгарын билдирди.

Ушул аптанын башталышында Янукович премьер-министрликке үч кишинин талапкерлиги каралып жатканын айткан эле. Алардын кимисине токтолорун Янукович парламентте коалиция түзүлгөн соң айтканы жатат.

Жаңы президенттин кызматка киришүү каадасына Юлия Тимошенконун фракциясы катышкан жок. Тимошенко баштагыдай эле Януковичти легитимдүү президент катары тааныгандан баш тартууда. Кокус Жогорку Радада башкаруучу коалиция кураганга мүмкүн болбосо, анда Янукович жайга чукул мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүшү ыктымал экенин да эскерткен.

"Президенттик шайлоо бүттү, - деп айтты Янукович ант бергенден кийинки сөзүндө. – Анын демократиялык мүнөздө өткөнүн бүт дүйнө ырастады. Украина өз жарандарынын укуктары менен эркиндигин бекем урматтаган мамлекет экенин эл аралык коомчулук тастыктады".

Тышкы саясаттын багыттарына токтолуп, Янукович өз өлкөсүн "Чыгыш менен Батыштын ортосундагы көпүрө" катары сыпаттап, бир эле мезгилде Европанын да, мурдагы СССРдин да ажырылгыс аймагы деп атады. Украина "Россия, Евросоюз, Кошмо Штаттары жана башка өлкөлөр менен тең укуктуу жана өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрөт".

Янукович чет элдик биринчи сапарын Брюсселден баштаганы жатат. Андан соң марттын биринчи он күндүгү ичинде Россияда болот.

Януковичтин кызматка киришүү салтанатына АКШнын, Евросоюз менен Европарламенттин өкүлдөрү, Армениянын, Латвиянын, Литванын, Полшанын, Македониянын, Венгрия менен Черногориянын президенттери, орус Мамдумасынын спикери, эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты. Украинанын экс-президенттеринен салтанатка бир гана Леонид Кучма чакырылды.

Виктор Янукович – Украинанын төртүнчү президенти.

XS
SM
MD
LG