Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

АКШ зилзалага кабылган Гаитиге аскер жөнөтөт, 100 миллион доллар ажыратат


Бул тууралуу бүгүн президент Барак Обама жарыялады:

-Мен бүгүн биз Гаитиге 100 миллион доллар өлчөмүндө чукул жардам бөлүп жатканыбызды жарыялагым келет. Ал акча куткаруучу жара –жабдыктар, жабыр тарткандарды таза суу, азык-түлүк, дары –дармек менен камсыздоо үчүн сарпталат. Инвестициянын көлөмү келечекте да өсөт. Биз бул ири трагедиядан кийинки узак мөөнөттүү калыбына келтирүү иштерине киришебиз.

АКШ президенти ошондой эле куткаруу, жардам көргөзүү иштерине тартылуусу үчүн АКШ миңдеген жоокер жөнөтүп жатканын да кошумчалады. Американын алгачкы жүз аскери ал жерде күн кечкиргенге чейин жетип бармакчы.

Кариб деңизиндеги аралда жайгашкан бул өлкөдө күчү жети баллды түзгөн кыйраткыч зилзала жергиликтүү убакыт боюнча ушул шейшемби күнү түштөн кийин, Бишкек убактысы боюнча шаршембинин таңында болгон эле, Ураган имараттар астында канча адам калганы азырынча толук белгисиз. Эл аралык Кызыл чырым уюмунун эсебине караганда, өлгөндөрдүн саны 45- 50 миңдин тегерегинде болот. Ал эми чукул жардамга калктын үчтөн бир бөлүгү же 3 миллиондой киши муктаж. БУУнун башкатчысы Пан Ги Мундун билдиргенине караганда, уюм чукул кырдаалдар боюнча корунан Гаитиге 10 миллион доллар ажыратты. Жардам ирээтинде Гаитиге 100 миллион доллар бөлөрүн Эл аралык валюта корунун президенти Доминик Страус Кан да жарыялады.

XS
SM
MD
LG