Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

Казакстан басма сөз каражаттарынын чордонунда


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Өткөн аптада Батыш басма сөз каражаттарында Казакстан тууралуу кабарлар көңүл чордонунда болду.

Дублинде чыккан “Irish Times” гезити “Казакстан бир катар сын-пикирлерге карабастан ЕККУнун төрагалык милдетин алды” деп жазды. Гезит Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 56 өлкө мүчө болгон абройлуу ЕККУга бир жыл төрагалык кылуу максатына жеткенин билдирди.

“Аянты жагынан дүйнөнүн 9-ири өлкөсү саналган Казакстан Орусиянын энергетикасына көз карандылыкты азайтууну көздөгөн АКШ жана Батыш өлкөлөрүнүн, айрым сынчылар айткандай, эки жүздүүлүк менен жасаган колдоосу аркылуу бул милдетти аркалады. Казакстан басма сөз, саясий партиялар жана шайлоо мыйзамдарын өзгөртө турганы тууралуу убада бергени менен, көптөгөн байкоочулар бул өзгөртүүлөрдү көргөзмө катары баалап, атүгүл акыркы убакытта абал ого бетер начарлап кеткенин билдиришүүдө” деп айтылат гезитте жарыяланган макалада.

Лондондо чыкчу “Guardian” гезити “Иран Казакстан менен уран боюнча соода түзөт” деп жазган кабарында, Казакстанга 450 миллион доллар киреше алып келе турган бул соода аркылуу Иран өзүнүн медициналык жана изилдөө реакторлорун иштете берерин, атүгүл Батыш шектенип жаткан өзөктүк курал программасын уланта берерин бышыктайт. Кабарда өзөктүк курал жасоо үчүн мүмкүнчүлүк бере турган уран байытуу программасын токтотууну четке каккандыктан БУУ Иранга каршы санкция киргизгени белгиленет. Тегеран өзөктүк программаны тынчтык максатында өндүрүп жатканын белгилеп келет.

“Financial Times” гезитинде чыккан макалада Казакстан 29-декабрда уран өндүрүүдө Канада менен Австралияны озуп кеткенин жар салганы кабарланат. Казакстан мындай билдирүүнү “Астана менен Тегерандын ортосунда 450 миллион доллар өлчөмүндө уран соодасы түзүлөт” деген кабардан бир күндөн кийин жасаган.

Макалада Иранга тазаланган уранды сатуу БУУнун бул өлкөгө карата жарыялаган санкцияларына каршы келери эскертилип, бул кабарлар Иран менен Казакстан тарабынан дароо четке кагылганы белгиленет.

Түркиянын “ZAMAN” гезити “Казакстандан көп улуттуу фирмаларга жаман кабар” деген баш сөз менен макала жарыялады. Анда Казакстан өзүнүн аймагындагы мунай, табигый газ, алтын жана уран үчүн салыктарды жогорулатканы билдирилет.

Макалада казак өкмөт башчысы Карим Масимов белгилүү бир күндү айтпастан эле, Казакстандагы табигый байлыктардын бардыгы казак элинин менчиги экенин белгилеп, “биз болжолу бир жылдан бери дүйнөлүк каржы кризисинен улам чийки зат секторундагы фирмаларга бир жыл мөөнөттүү өзгөчөлүк берип, салыктарды көтөргөн жокпуз. Эми мөөнөт аягына чыгып баратат. Жакынкы убакытта мыйзамда каралгандай салыктарды көтөрөбүз” деп айтканы белгиленет.

Карим Масимов “мунай жана газ тармагында мурда казак элинин таламдарын кандай коргосок, азыр да ошону уланта беребиз” деп билдирген.
XS
SM
MD
LG