Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:34

КТК: Павлюктун өлүмүнө кыргыз тараптын тиешеси бар


Киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюк (жеке архивдик сүрөт.)
Киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюк (жеке архивдик сүрөт.)

Алматыда киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюкка кол салгандардын үчөө Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматкерлери экендиги болжолдонууда. Өзүнүн ишенимдүү маалымат булагына таянган КТК сыналгысы кечээ кыргызстандык үч адам журналист менен кылмыш жасалган жерде бирге болгонун кабарлады.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы мындай маалыматты ойдон чыгарлыган сөз, Павлюктун өлүмүнө аталган мекеменин тиешеси жок деп билдирди.

КТКнын чуулгандуу маалыматы

- Кыргызстандык белгилүү журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө Кыргызстандын контрчалгын кызматкерлеринин тиешеси бар. Бул тууралуу биздин кабарчыларга күч структураларынын өз маалымат булагынан белгилүү болду.

- Алар Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын үч кызматкери журналист менен жолугушууну белгилеп, аны менен окуя болгон батирде чогуу болушканын маалымдашат.

- Биздин кабарчылардын маектеши коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары казакстандык тергөөчүлөргө жардам берүүдө пассивдүүлүктү көрсөтүп жатышканын баса белгилеген.

-Эске сала кетсек, 16-декабрда Алматыда кыргызстандык оппозициялык журналист Геннадий Павлюкту жабышкан жылтырак желим менен таңып туруп, убактылуу батирге алынган үйдөн ыргытып жиберишкен. Бир нече күндөн кийин ал көз жумган.

Алып баруучулар алмак-салмак окуган бул маалымат Казакстандын КТК сыналгысынын 29-декабрдагы кечки жаңылыктар топтомунда берилген. 1991-жылы Алматыда түзүлгөн КТК сыналгысы менчик медиа ишкана болгону менен Казакстандын бардык аймактарында жана Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө обого чыгат. Учурунда президент Назарбаевдин мурунку күйөө баласы Рахат Алиев ээлик кылган бул сыналгы азыр башка колго өткөнү менен бийликчил маанайдагы маалымат кызматы катары белгилүү.

Кыргыз тарап КТК маалыматын төгүнгө чыгарууда

Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматынын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, журналист Павлюктун өлүмүнө кыргыз контрчалгын кызматкерлеринин катыштыгы бар деген маалымат чындыкка коошпойт жана ойлоп табылган нерсе.

Ошондой эле бир катар маалымат агенттиктери Кыргызстандын коопсуздук кызматы казакстандык менчик сыналгынын жашыруун булакка таянып берген маалыматына карата расмий билдирүү таратпай тургандыгын жазып чыгышты. Балким КТК сыналгысы жаңы жыл алдында чуулгандуу окуядан сенсациялуу белек жасаш амалында алдагыдай божомолду алдыга жайып жибергендир.

Кантсе да, 27-декабрда Казакстандын ички иштер министрлиги Алматыда мерт болгон Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу тергеп-тескөө амалдарынын натыйжасында бул кылмышка Кыргызстандын бир канча жарандарынын тиешеси бар экени аныкталганын маалымдаган.

Бул тууралуу Казакстан ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Куаныш Жуманов “Азаттыкка” тастыктаган:

- Казакстан менен Кыргызстан расмий жактырган укуктук көмөк жана укуктук карым-катнаш тууралуу Кишинев конвенциясына ылайык козголгон кылмыш иштин алкагында тийиштүү тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө. Кылмыш ишти иликтөө, андан ары жүзөгө ашыруу жана сот адилеттигин камсыз этүү максатында жыйналган материалдар менен далилдерди Кыргызстандын тийиштүү органдарына берүү маселеси чечилүүдө.

Буга удаа Кыргызстандын ички иштер министринин 1-орун басары Сабырбек Курманалиев маалымат жыйынында казак тараптан азырынча эч кандай расмий кайрылуу келбегендигин билдирген.

Соңку маалыматтарга ылайык, Геннадий Павлюкту Алматыга “Прессаны колдоо боюнча демократиялык уюм” деп аталган белгисиз уюм журналисттин медиа долбоорлоруна каржы беребиз деген убада менен чакырган. Башында мындай сунушка ишенбеген Геннадий Павлюк чакырган тараптын кайра-кайра суранганынан коңшу өлкөгө барган. 16-декабрда журналисттин колу-бутун таңылган денеси көп кабаттуу үйдүн алдынан табылып, алты күндөн кийин эсине келбей көз жумган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG