Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

TI: Кыргызстанда саясый эркиндик Грузиядагыдан аз


Transparency International уюмунун эн белгиси.
Transparency International уюмунун эн белгиси.

Эларалык Transparency International уюму дүйнө өлкөлөрүндөгү жемсөөлүктүн же коррупциянын деңгээли тууралуу жылдык изилдөөсүн жарыялады.

Дүйнөнүн 180 өлкөсүн камтыган изилдөөгө караганда, жемсөөлүк дале көпчүлүк улуттар үчүн, анын ичинде Кыргызстан үчүн да

Грузияда саясый күчтөрдүн атаандашуусу бар, маалымат каражаттары Кыргызстандагыдан эркинирээк.
М. Маршалл

олуттуу көйгөй. Ал эми Жаңы Зелландия, Дания, Сингапур сыяктуу өлкөлөрдө паракорлук, бюрократтар арасындагы жемсөөлүк четэлдик жана жергиликтүү ишкерлерлер үчүн сейрек кездешчү илдет экенин изилдөө
Жемсөөлүккө каршы күрөшүү боюнча Кыргызстанда башталган "бештентек" мультипликация долбоору.13-ноябрь 2009
айгинелейт.

Transparency International уюмунун изилдөөсү жемсөөлүк Чыгыш Европа жанан Борбор Азиянын өкмөттүк мекемелери менен саясатчылары арасында кеңири жайылган илдет экенин тастыктайт.

Аткаминерлер менен катардагы чиновниктердин кызмат абалын пайдаланып, пара алуусу, милдеттүү аткарылчу жумушу үчүн кол акы алуусу, казынага кол салуусу улуттук өкмөттөрдүн анти-коррупциялык чаралары жетишсиз экенин, бийлик бутактары, ошондой эле жарандар өздөрү бул кеселге каршы чечкиндүү күрөшпөгөнүн көрсөтөт.

Эларалык уюм эксперттер менен ишкерлер арасында өткөрүлгөн сурамжылоонун жана түрдүү изилдөөлөрдүн натыйжасында ушундай бүтүм чыгарат. Муну, ошондуктан, ырасмий адамдар менен кездешүүдөн ишкерлер менен эксперттерде пайда болгон пикир же баа деп атайт изилдөө өзү.

Көңүл бурчу нерсе, Грузиядагы кырдаал былтыр Россия менен болгон согушка байланыштуу бир кыйла осолдоп кеткен. Ага карабай, быйыл Грузия 2008-жылга караганда жакшы баа алган же кызмат адамдары арасындагы жемсөөлүк бир кыйла азайган. Грузия буга кантип жетишти? Суроого “Азаттыктын” кыргыз кызматына телефон аркылуу Transparency International уюмунун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Миклош Маршаллдын
Trasnparency International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Миклош Маршалл.
“Азаттыктын” кыргыз кызматына телефон аркылуу берген жообу мындай болду:

- Грузия өзүнчө сөзгө арзыйт. Себеби, Грузия Евробиримдикке мүчө Грекия, Румыния жана Болгариядан да көп упай алды (4,1 балл). Бирок, Грузияны ашыра мактап жиберген да болбойт. Анткени жемсөөлүк өлкөдөгү чоң көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Деген менен, ийгиликтүү экономикалык реформанын жана бизнес чөйрөсүндөгү кырдаалдын жакшыртылганынын натыйжасында жемсөөлүк кескин азайганын фактылар күбөлөйт. Дүйнөлүк банктын “Doing business” деп аталган изилдөөсү боюнча да Грузия мыкты өлкөлөрдүн катарына кирген.

Дүйнөлүк банктын “Doing business” изилдөөсүнө ылайык Кыргызстан быйыл ишкерликке шарт түзүү жагынан 183 өлкөнүн арасынан 41-орунга чыкты. (Өткөн жылы Кыргызстан 80-орундa турган). Анткен менен Миклош Маршалл Грузияда саясый эркиндиктин абалы Кыргызстанга караганда алда канча жакшы экенин айтты:

- Менимче, Кыргызстандагы жагдай Грузияга караганда бөлөкчө. Анүчүн эки өлкөдөгү саясый институттарды салыштырып көрөлү. Грузиянын башкаруу системасы Кыргызстанга караганда мыкты. Грузияда саясый күчтөрдүн атаандашуусу бар, маалымат каражаттары Кыргызстандагыдан эркинирээк. Ошондой эле саясый системадагы теңдштик (баланс) Грузияда Кыргызстанга караганда жогору.

Ошентип, ишкерлер жана эларалык эксперттер Кыргызстанды жемсөөлүк кеңири жайылган өлкөлөрдүн катарына кошкон. Же эларалык Transparency International уюмунун изилдөөсүндө Кыргызстан өкмөттүк мекемелердеги жемсөөлүк боюнча 180 өлкөнүн ичинде 162-орунда турат. Кыргызстан былтыркыдан бир балл жакшы алганы менен бул баа кыргызстандык чиновниктер арасындагы жемсөөлүк коңшулаш Тажикстандан бир кыйла, Казакстандан алда канча начар дегенди билдирет. Эң жогорку 9,4 упайды Жаңы Зелландия, анын артынан Дания, Сингапур, Швеция жана Швецария алышкан. Мындай жогорку баа бул беш өлкөдө өкмөттүк мекемелер жакшы иштегенин, чиновниктердин жемсөөлүгү же жарандардын пара берүүсү үчүн кыртыш жок экенин күбөлөйт.

XS
SM
MD
LG