Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Opel сатылмай болду


General Motors өзүнүн Европадагы компаниясы Opelди Канада менен Россиянын Magna-Сбербанк алянсына сатканга макул болду. Бул тууралуу немец канцлери Ангела Меркел маалымдады.

Magna International консорциумун канадалык жана австриялык автоөнөржайчылар башкарат, ага Россиядагы мамлекеттик Сбербанк кирет. Эми бу концерндин карамагына Германиядагы Opel компаниясы да кошулат. Аталган ишкана АКШдагы автомобил жасоочу General Motorsтун Европадагы бөлүмү болчу.

Opelдин маселеси бир топко талкууланып келди. GM атүгүл аны саткандан бир ирет айнып да калды. Мындай чечим Opelдин эки чоң заводун жапканга алып келмек,аларда баары болуп 25 миңдей немец жумушчулары иштешет.

Opelди сатуу маселесине немец өкмөтү өзү киришти. Эки ишкананын жабылышы ушул айдын этегинде боло турган жалпы элдик шайлоодо канцлер Ангела Меркелдин христиан-демократтар союзу менен анын коалициядагы өнөктөштөрүнө сезилерлик сокку болмок.

"General Motors мурда немец өкмөтү менен макулдашылган шарттарда Opelди Magnaга сатууну чечти",-деп билдирди бейшемби күнү немец канцлери. Федералдык өкмөттүн буга канааттанганын ырастап, канцлер General Motorsтун "бул чечими ошондой эле Opelдин бардык кызматкерлери – жетекчилери менен карапайым жумушчулары көздөгөн мүдөөгө да толук төп келерин" кошумчалады.

Magna International компаниясы кокус Opelди сатып алчу болсо Европадагы ишканалардан жумушчуларды азыраак кыскартканга убада берген эле. Ошол себептен башка кардалдар арасынан немец өкмөтү Magnaны тандап алды. Профсоюз лидерлери да Opel башка компанияга сатылса,анда массалык акцияларды уюштура турганын эскертишкен.

"Мен эми Opelдин жаңы башталышын камсыз кылуу жолунда дагы бир кадам жасадык деп айта алам. Бу башталыш оңой болбойт. Муну бүгүн мен профсоюз төрагасы менен дагы бир жолу талкууладым. Ачык айтканда, азырынча кубанычтан ташпиштер арбын болууда",-деп моюнга алды Меркел.

General Motorsтун жетекчилиги таркаткан билдирүүдө "жакынкы апталарда айрым түйүндүү маселелер чечиле турганы" белгиленет. Атап айтканда, General Motors чыгымдардын ордун толтуруу жагынан профсоюздардан кат жүзүндө макулдук алганы, Opelди кошумча финансылоо боюнча немец өкмөтү менен келишим түзүүнү көздөп жатат. Документке General Motors бир нече айдын ичинде кол коюлат деп үмүттөнүүдө.

Алдын ала макулдашылган шарттарга ылайык New Opelдин 55 процент акциясын Magna International концерни сатып алат. Акциялардын 35 проценти General Motorsто калат,калган 10 проценти жаңы компаниянын кызматкерлерине берилет.

XS
SM
MD
LG