Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

"Чоң сегизди" Пан Ги Мун сынга алды


"Чоң сегиз" менен "Бештик тобу" жана Египет лидерлери жыйын башталар алдында.
"Чоң сегиз" менен "Бештик тобу" жана Египет лидерлери жыйын башталар алдында.

Италиянын Аквила шаарында бүгүн өнүккөн 8 өлкөнүн жыйыны аяктайт. Бейшемби күнү саммитте дүйнөлүк экономикалык кризис, ядролук куралдар, климат жана энергетикалык коопсуздук проблемалары талкууланды.

"Чоң сегиздин" лидерлери дүйнөлүк экономикалык кризис проблемасын өнүгүп жаткан эң ири беш өлкөнүн өкүлдөрү менен кошо талкуулашты. "Бештиктин" – Бразилия, Индия, Кытай, Мексика жана Түштүк Африка - тобуна Египет кошулду.

Талкуулардын жүрүшүндө он төрт өлкө тең өз валюталарын девалвациялабай, эл аралык финансы системасынын жанданышына жардамдашмай болушту. Эл аралык соода-сатыкты либералдаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү да аяктоону чечишти. Бул темадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы келерки жылы Катарда болмокчу.

Мындан тышкары дүйнөлүк "Жыйырманын" быйыл сентябрда АКШнын Питтсбург шаарында өтө турган саммити алдында он төрт өлкөнүн соода министрлери өздөрүнчө жыйынга чогулушат.

Экономикалык кризистин салакаларына арналган талкууларга байланыштуу Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони жыйынга катышкандар "бардык чаралар менен банк системасына, өндүрүшкө,ошондой эле жумушсуз калган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү ишин уланта берүүнү өзгөчө маанилүү маселе деп чечишкенин" маалымдады.

Сегиз өлкөнүн лидерлери Ирандагы азыркы саясий кризиске,Тегерандын атом программасына байланыштуу билдирүү кабыл алышты. Документте иран бийликтери оппозицияны куугунтуктап жатканына "терең камтамачылык" айтылат, ядролук куралдар чөйрөсүндө Тегерандан Улуттар Уюмунун резолюцияларын толук жана токтоосуз аткаруу талап кылынат.

Франциянын президенти Николя Саркози ырастагандай, Тегерандын атомдук программасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдө "чоң сегиздик" алдыдагы үч айдын ичинде "прогресске жетишүүгө" умтулат. "Сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар же жоктугун байкап-багып турабыз. Эгер прогресс болбосо, анда биргелешип тийиштүү аракеттерди көрөбүз",-деп билдирди француз президенти.

Саммиттеги кыйын-кычыктуу маселе климат проблемасы болду. Талкуу-талаштардан соң "чоң сегиздин" мүчөлөрү 2050-жылга чейин зыяндуу газ калдыктарын атмосферага чыгарууну 80 процентке кыскартууну макулдашканын, абанын орточо температурасын Цельсия ченеми боюнча 2 градуска жылыганга жол бербеш үчүн биринчи мерте өздөрүнө милдеттенме алышканын Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун бышыктады. Ошол эле учурда алар өнүгүп жаткан өлкөлөрдөн да газ калдыктарын 50 процентке азайтууну талап кылышты.

"Эгер европалык өлкөлөр, Япония ,АКШ, Канада экономикалык жактан өздөрүнө пайдасыз чектөөлөрдү коюп, ал эми беш миллиард калк жашаган калган мамлекеттер баштагыдай эле чектөөсү жок иштей берсе, бу өтө үзүрсүз болуп каларын" Берлускони да белгилеп өттү.

"Чоң сегиздин" бул чечимин Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун кескин сынга алды. "Бу проблемада өнүккөн өлкөлөргө тарыхый жана саясий жоопкерчилик жүктөлөт, - деп көрсөттү ал. – Ушул себептен улам алар газ калдыктарынын көлөмүн азайтууда өнүгүп жаткан өлкөлөргө финансы жана технология чөйрөсүндө жетиштүү жардам көрсөтүүгө тийиш. Азырынча аларда мындай мүмкүнчүлүктөр жана ресурстар жок, мен буга ар тараптан көмөктөшкөнгө умтулам".

XS
SM
MD
LG