Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:07

АКШ Борбор Азияда эркиндик менен демократияны илгерилете алабы?


АКШнын Мамлекеттик департаменти апта башында “Эркиндикти жана демократияны илгерилетүү” деп аталган жылдык баяндамасын жарыялады. Анда “демократиялуу эмес же демократияга өтүү жолунда” деп эсептелген 106 мамлекет камтылып, АКШнын бул өлкөлөрдө демократияны жана адам укуктарын колдоо боюнча аракеттери баяндалган.

Кыргызстан

Баяндаманын Кыргызстандагы саясий жана адам укуктары боюнча абалга мүнөздөмө берилген бөлүгүндө 2007 - жылдын декабрындагы шайлоо өлкөнүн эл аралык милдеттемелеринин көбүнө жооп бербегени, оппозициядагы партияларга коюлган олуттуу тоскоолдуктар, белгилүү бир саясий мүдөө үчүн өкмөттүк ресурстардын пайдаланылуусу менен коштолгону айтылган.

Өкмөт былтыркы жыл ичи түрмөлөрдүн шартын жакшыртуу багытында иштегени, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды көргөнү, бирок олуттуу проблемалар али калып жатканы белгиленет. Андай олуттуу проблемалардын катарында мамлекеттик департамент жарандардын өкмөттү алмаштыруу укугу чектелгенин, жөнү жок эле камоолорду, тартип коргоо органдары тарабынан камак жайларда жүргүзүлгөн кыйноолор менен укук бузууларды, коррупциянын кеңири жайылганын, көз карандысыз соттун жоктугун, адамдардын эркин жыйналуусу үчүн жаңы мыйзамдык чектөөлөр киргизилгенин, бейөкмөт уюмдар менен оппозиция лидерлери, көз карандысыз маалымат каражаттары кысымга кабылганын атайт.

Адам укуктары менен демократиянын принциптери менен баалуулуктарын колдоодо АКШ өкмөтүнүн Кыргызстандагы приорититеттери демократиялык институттарды чыңдоо, адамдын негизги эркиндиктери менен укуктарын колдоо, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө экендиги айтылган. Бирок укук коргоочу, “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилованын көз карашында, АКШ тарап эмнегедир акыркы кездердеги адам укугун бузууларга мамилесин билдирбей калды, бул бир чети Манастагы аба базанын башы ачылбай жатуусуна байланыштуу болушу мүмкүн:

-Анткени мурда саясий куугунтуктар болгондо, кандайдыр бир реакция жасап, аракет көрүүчү. Өкүнүчтүүсү бүгүнкү күндө элчилик база маселесин, экономикалык саясат дегенди алып, демократия жана адам укугу боюнча эмнегедир башкача көз караш болуп калды. Журналисттерди сабап кетип жатат, Ноокат окуясы же саясий куугунтук менен түрмөдө жаткан саясатчылар боюнча биз, активисттер, адам укуктарын коргоо чөйрөсүндө иштегендер, мурдагыдай мамилени байкаган жокпуз. Балким АКШ өзүнүн кызыкчылыгын карап жатса керек. Бул менимче өткөөл мезгилдеги көрүнүш болушу керек. Анткени, билесиздер, Обама келгенден бери башка саясат болуп жатат.


Өзбекстан

Мамлекеттик департамент “Эркиндикти жана демократияны илгерилетүү” баяндамсында “авторитардык республика” деген аныктаманы Бобор Азиянын беш өлкөсүнүн экөөсүнө: Түркмөнстан менен Тажикстанга карата колдонгон. Ал эми Өзбекстан боюнча 2008 –жылы кээ бир чөйрөлөрдө оң кадамдар жасалганы менен адам укукутарынын абалы жалпысынан начар бойдон калганы айтылат. Өлкөдө каттоодон өткөн көз карандысыз саясий партия жок, бирин –экин саясий топтор мурдагыдай эле куугунтукка алынууда. Сот тармагы өкмөттүн көзөмөлүндө. Кылмышты тергөө учурундагы кыйноолор менен укук бузуулар токтой элек. Өкмөт эркин жыйналуу жана жыйын куруу укугун чектеп койгон. Өкмөт адатта жаңылык тараткан көз карандысыз интернет сайттарды блокадалайт, өзүн -өзү цензуралоо кеңири жайылган. Бейөкмөт уюмдар менен диний ишмердүүлүк да бийликтин көзөмөлүндө. Анжияндагы 2005-жылкы окуялардан кийин адам укугун коргоочулардын бир тобу четке кетүүгө аргасыз болгонун, калгандарынын иши бийликтин тыкыр байкоосунда экенин биз менен маегинда ташкенттик укук коргоочу, “Көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобу” деген уюмдун башчысы Сурат Икрамов да айтты:

-Тилекке каршы али телефондорубуз угулат. Интернетибиз блокадаланат. Баары азырынча ушул баскычта. Адам укугун коргоочулар үчүн бир нерселер жакшырды деп айтыш азырынча кыйын. Эгер Кошмо Штаттар, Евробиримдик өзбек өкмөтү менен сүйлөшүүгө, талап коюуга өтсө, балким, биздин ишмердүүлүгүбүз менен байланышкан долбоорлор көбөйөт. Бизде азыр көпчүлүгү каттоодон өтпөгөндөр жана өкмөт адам укугун коргоочу бейөкмөт уюмдарды каттоого алгыдай эч нерсе жасай элек.

Мамлекеттик департаменттин “Эркиндикти жана демократияны илгерилетүү” баяндамасынын Өзбекстан боюнча бөлүгүндө көргөзүлгөндөй, АКШ өзбек өкмөтү менен коопсуздук масеслеси боюнча кайра алака түзө баштаган шартта, бул жааттагы кызыкчылыктар Өзбекстанда демократияны, адам укуктарын, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо аракеттеринен ажырагыс. Алар өз кезегинде өлкөнүн узак мезгилге эсептелген туруктуулугуна жана өнүгүүсүнө жерпай түзөт. Андыктан АКШнын жогорку деңгээлдеги жарандык жана аскерий кызматчылары өзбек кесиптештери менен жолугушууларда аларга адам укуктарын эки тарапту алаканын чечүүчү элементи катары урматоо зарылдыгын, башка чөйрөдөгү жылыштар адам укуктарынын корголушундагы жылыштар менен шайкеш келүүсү керектигин айтууда.

Баяндамада айтылгандай, эркиндик менен демократияны илгерилетүү, демократиянын принциптерин жайылтуу, адам укуктарын колдоо, жергиликтүү мыйзамдарды эл аралык нормаларга ылайыкташтыруу багытында Кошмо Штаттар Борбордук Азиянын өкмөттөрү менен катар бейөкмөт уюмдары менен да иштешүүдө.

Түркмөнстан

“Эркиндикти жана демократияны илгерилетүү” баяндамсынын Түркмөнстанга арналган бөлүгүндө АКШ өкмөтүнүн демократия жана адам укуктары боюнча бул өлкөдөгү аракетти өкмөттү адам укуктары боюнча эл аралык милдеттемелерин, мыйзам үстөмдүгүн урматоого ынандырууга бурулууда деп белгиленген.

Анткен менен укук коргоочу, баш кеңсеси Венада жайгашкан уюм - “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгесинин” башчысы Фарид Тохбатулиндин пикиринде, маселен Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдө андай кызматташтыктан азырынча олуттуу майнап чыкпай жатат:

-Түрдүү эл аралык, анын ичинде америкалык мекемелердин, фонддордун чиновниктеринин мүмкүнчүлктөрү Түркмөнстанда чектелүү эле. Алар түркмөн бийлиги уруксат берген нерселерди гана жасай алат. Андыктан, алардын семинарлары, түрдүү конференциялары чынында эле өткөрүлүүдө, бирок көз карандысыз түркмөн активисттери тартылган жок. Адатта ал семинарларда студенттер же мамлкеттик структуралардын же өкмөтчүл бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Албетте муну жасоонун кажети жок деп айтууга болбойт. Мындай иштер да бир нерсеге көмөктөшүүдө. Бирок алардын натыйжасы абдан эле төмөн. Бул биринчи кезекте түркмөн бийликтеринин турумуна байланыштуу. Анткени Кошмо Штаттар өлкөдөгү кырдаалды эске алууга аргасыз. Түркмөн бийликтери каалагандан ашыкча нерсени сунуш кыла албайт.

Негизги критерий - диалог жана карым-катнаш

Ал эми АКШ Мамлекеттик департаментинин “Эркиндикти жана демократияны илгерилетүү” баяндамасын даярдаган мекемеси - Демократия, адам укуктары жана эмгек боюнча бюросунун жооптуу өкүлү Карен Стюарттын пикиринде, демократия жана адам укуктары өксөгөн өлкөлөр менен карым-катнашта болуу аталган баалуулуктарды колдоонун эң жакшы жолу. Ал “Азаттык" жана "Эркин Европа” радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, карым-катнаш жана диалог президент Барак Обаманын администрациясынын жогорудагыдай өлкөлөрдүн режимдери менен мамилесиндеги негизги критерий болмокчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG