Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

Евробиримдик Ташкенде адам укуктарын талкуулап жатат


Өзбекстандын президенти Ислам Каримов (оңдо) өткөн айда Бразилияда болуп, президент Лула менен жылуу сүйлөшүү жүргүздү, бирок Өзбекстандын өз коңшулары менен алакасы начар, өлкөдө адам укуктарынын абалы да оор.
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов (оңдо) өткөн айда Бразилияда болуп, президент Лула менен жылуу сүйлөшүү жүргүздү, бирок Өзбекстандын өз коңшулары менен алакасы начар, өлкөдө адам укуктарынын абалы да оор.

Бүгүн 10-июнда Ташкенде Европа Биримдигинин өкүлдөрү Ташкен бийликтери менен адам укуктары боюнча диалог жүргүзүүдө. Ушул окуяга байланыштуу АКШда жайгашкан укук коргоочу Хьюман Райтс Уотч уюму Евробиримдикти Өзбекстандагы оор укук бузуулар тууралуу өзбек өкмөтү менен ачык жана түз сүйлөшүүгө чакырды.

Соңку кездери Кыргызстандын Өзбекстан менен чек арасында көп кыйчалыш окуялар орун алды. Өзбек бийликтери Тажикстан менен чек арада бир тараптуу аң каза баштады. Мурда Өзбекстан бул аймакка бир тараптуу мина жайгаштырып, аларга көп киши жарылып, көз жумганы али жадыда.

Өзбекстандын өзүндө да укуктук абал татаал. Ал көйгөйлөрдү Хюман Райтс Уотч уюму майда арип менен жазылган 11 барактан турган меморандумда кеңири баяндады. Уюм жаш балдардын эмгегин эксплуатациялоо өлкөдөгү негизги укук бузуулардын катарында кала берип жаткандыгын белгилейт.

Эл аралык сын-пикирлерден улам, Өзбекстан өлкөдө жаш балдарды пахта терүүгө тартууга тыюу салган. Бирок укук коргоочулар быйыл да мектеп окуучулары талаага чыгып жаткандыгын айттышууда.

Ферганада быйыл жаан көп жаап, пахта көчөттөрү чирип кеткендиктен, бийликтер тургундарга, анын ичинде жаш балдарга үйдө кагаз чөйчөктөргө пахта өстүрүп, кийин аларды талаага отургузууга буйрук бергендиги маалым болууда.

11 жаштагы бул бала үйдө да иштөөгө мажбур:

– Алар бизге дептердин барагын айрып, эки жагын желимдеп, учун ачык калтыргыла деп айтышты. Биз пахта өстүргөн мындай кагаз чөйчөктөрдү мурда да жасаганбыз, бирок алар дагы жасагыла, башкача жасагыла деп айтып кетишти.

Жаш балдардын мамлекет тарабынан эксплуатацияланышы Хюман Райтс Уоч атаган укук бузуулардын бири гана.

Европа биримдиги мындан туура бир жыл мурда Ташкен менен укук жаатында диалог жүргүзгөн. Бирок Хюман Райт Уотч андан берки 12 айда өзбек өкмөтүнүн адам укуктары жаатындагы саясаты мурдагыдай эле репрессияга жана зөөкүрлүккө негизделээрин сынга алат.

Уюмдун билдирүүсүнө ылайык, өлкөдө атуулдук коомдун өкүлдөрүн коркутуу уланып, бүгүнгө карата ондон ашык укук коргоочу, журналист жана башка көз карандысыз активисттер саясий куугунтуктоонун кесепетинен түрмөлөрдө кала берүүдө. Өкмөт сөз эркиндигин чектеп, диний эркиндиктерди басмырлоону улантууда. Түрмөлөрдө кыйноолор кеңири таркаган. Сот да, парламент да бийликтен көз каранды.

Ушуга байланыштуу Хюман Райтс Уотч бүгүн өзбек бийликтери менен адам укуктарын талкуулаганда, Европа Биримдигин мындай өтө оор абалга терең тынчсыздануу билдирип, кырдаалды оңдоо үчүн конкреттүү чараларды көрүүнү талап кылууга чакырды.

Европа Биримдиги Кошмо Штаттарына караганда, Өзбекстандагы укуктук кырдаалга үстүрт мамиле кылат деп сындалып жүрөт.

Өзбекстандагы америкалык аскер базасы жабылгандан кийин Ташкендин Вашингтон менен алакасы кескин начарлап кеткен. 2005-жылдагы Анжиян кан төгүүсүнүн төрт жылдыгына байланыштуу АКШнын сенатору Жонн Маккейн Өзбекстандагы абалга мындайча баа берди:

– Бул кыргындын төрт жылдыгын эскетип жатып, биз тилекке каршы, Анжиян окуясынын кесепеттери өзбек коомунда тереңдеп жаткандыгын айтууга мажбурбуз. Бүгүнгө чейин көз карандысыз эл аралык иликтөө жүргүзүлгөн жок. Ал кыргындын айланасындагы фактылардын бети ачылбаган бойдон калды.

8-июнда Евробиримдиктин делегациясы Ташкенде укук коргоочулар менен жолукту, тогузунда Тышкы иштер министрлиги жана башка бийлик органдарында жолугушуулар болду.

Европа Биримдигининин дарегине айтылган сындарга карабастан, биримдик Өзбекстан өңдөнгөн авторитардык өлкөлөр менен диалог мүмкүнчүлүгүнүн сакталып калып жатышынын өзүн да жылыш деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG