Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Месхет түрктөрү Өзбекстандан аргасыз көчкөнүнө жыйырма жыл толууда


Өзбекстандын Фергана өрөөнүндө орун алган тополоңдорго ушул аптада жыйырма жыл толду. 1989-жылдын 3-4-июнундагы окуялардын соңунан миңдеген месхет түрктөрү Өзбекстандан көчүүгө аргасыз болушкан эле. Турак үйлөрдүн өрттөлүүсү, адамдардын өлүмү менен коштолгон ал тополоңдун тутанышына себеп болгон жагдайлар тууралуу азыркыга чейин ар кандай пикирлер айтылып келет.

Месхет түрктөрүн эски совет аймагынан өткөн кылымдын ичинде эле массалык түрдө экинчи ирээт жер которууга аргасыз кылган бул окуя алар Кавказдан Борбор Азияга күч менен көчүрлгөнүнөн дээрлик 45 жылдан кийин орун алган. Кыргызстандагы түрктөрдүн коомдук бирикмесинин төрагасы Мурафаддин Сакимов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде 1989-жылдын июнундагы тополоңдон кийин Өзбекстандан көчүүгө мажбур болгон месхет түрктөрүнүн саны тууралуу буларды айтты:

- Өзбекстанда жашаган түрктөрдүн саны болжол менен 120 миңден ашуун болчу. Бирок 100 миңге жакыны 1989-жылдан кийин чыгарылган. Бүгүнкү күндө ал жерде биздин түрктөрдүн 20 миңдейи жашайт. Анда негизинен Орусиянын кара топурактуу эмес райондоруна кетишкен. 15 миңдейи Кыргызстанга келишкен жана ушу кезге чейин жашашууда. Казакстанга да барышкан, бирок аз эле. Менимче, бул саясий маселе болгон, турмуштук эмес.

Ферганадагы месхет түрктөрү менен байланышкан кандуу тополоң Өзбекстандын ал кездеги советтик жетекчилиги алмашардын: биринчи катчы Рафик Нишановдун ордун азыркы президент Ислам Каримов басардын алдына туш келген. Ошол кездеги өзбек лидери Рафик Нишанов союздук маанидеги жыйындардын биринде месхет түрктөрү менен байланышкан чатак бир чөйчөк бүлдүркөндү эле талашуудан тутанганын айткан жайы бар. Бирок тополоңго чынында эле турмуштук деңгээлдеги ыйкы-тыйкылык себеп болду деген күндө да, маселенин тамыры тереңде эле.

Ёдгор Обид - өзбек акыны. Ислам Каримов бийликке келгенден кийинки алгачкы саясий диссиденттердин бири, азыр Австрияда жашайт. Биз менен маегинде ал Ферганадагы тополоңдун жыйырма жылдыгына байланыштуу төмөнкүлөрдү эскерди:

- Эч нерсеси жок бош бөлмөдө өзбектер менен месхет түрктөрү чогуу жашаганы менен эсимде. Бири-бирине тоскоолдук кылбаш үчүн бөлмөнүн ортосуна шейшеп тартып коюшчу. Кийинчерээк месхет түрктөр өзүлөрүнө үй салып чыгып кетишти. Ушундай ынтымактуу жашоо 40 жылдан ашуунга созулду. Мен 20 жыл мурдагы окуяларды дайыма жогорудан уюшулган чагым деп атап келгенмин. Чагымды уюштургандар топтун психологиясына ойношкон. Мен өзбекмин, бул жерде биринчи кезекте, албетте, чагымга алдырышкан өзбектердин тобун айыптоого болот. Чагымчылар айылдарды кыдырып, элди месхет түрктөргө каршы үндөп жүрүшкөн. Ушундай эле чагымчылар берки тараптан болгон. Көп үйлөр өрттөнгөн, эки тараптан тең көп адамдар өлгөн. Менин досум, көптөгөн документалдык фильмдердин оператору жана режиссору Абдулазиз Махмудов бул окуялардан калган издин баарын тасмага түшүргөн. Ошол кадрлар али да сакталуу болсо керек. Ал фильмдерден адамды кайгыга салган картинаны көрөсүз. Бул - өзбек элинин тарыхындагы караңгы так.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев 1989-жылдын июнунда СССР КГБсынын курамындагы чек ара кызматында иштөөчү экен. Ал биз менен болгон маегинде Ферганадагы тополоңдун түпкү себеби тууралуу ачык айкын эч нерсе айтылбаганын, түрдүү божомолдор бар экенин, бирок жергиликтүү өзбек тургундары арасында түрк месхеттерге карата нааразылыктар да болгонун белгиледи:

- Месхет түрктөрү тарабын уксаңыз өзбектер атайы уюштуруп, бизди кетириш үчүн жасаган деп айтышат. Өзбек тараптын изилдөөчүлөрү жана коммиссиянын курамына катышкандарды уксаңыз, муну Өзбекстандын көчүп, түпкү мекени Месхетияга кетүү аракетинде месхет түрктөрдүн өз ичиндеги экстремисттери уюштурушту деген жоромолду айтышат. Мындан сырткары союздун КГБсы уюштурган деген үчүнчү версия да бар. Союздук республикалар ыдырабасын, ыдырасаңар мына ушундай көрүнүштөр болот дегенди көрсөтүү үчүн атайы жасалган деген. Бир тарапта кемчилик болгон кезде, адамдар сөзсүз түрдө күнөлүүнү издей баштайт эмеспи. Ошол кезде Фергана өрөөнүндөгү өзбектердин арасында жакшы орундардын баарын түрктөр ээлеп алды, шаарларда соода түйүндөрүн, коомдук тамактануу жайларынын баарын ээлеп алып жатышат деген нааразычылыктар болгон.

Ал эми өзбекстандык көз карандысыз саясат таануучу Ташпулат Юлдашев 1989-жылы июнунда араб өлкөлөрүнүн биринде дипломатиялык кызматын жаңы эле аяктап, Ташкенге кайтып келген экен. Ал Ферганадагы кандуу тополоңго ошол кездеги СССРдин үстүнөн айлана баштаган “кара тумандын” таасири тийген деп эсептейт:

-Социалдык-экономикалык, саясий көйгөйлөр курчуй баштаган кырдаалда, кан төгүлүүсү үчүн кымындай эле учкун жетиштүү эле. Андыктан союздук маанидеги чоң кризистин бир жаңыргы Өзбекстандан да көрүндү. Месхетин түрктөр арасында да нааразылык болгон. Анткени чечендер мекенине кайтышты, Крым татарларына да мекенине кайта аларын, компенсация берилерин убада кылышкан, ал эми месхет түрктөрү үчүн Грузиядан жер табылбады. Месхет түрктөрү өзбек жетекчилигине эле эмес, аларды мурда жашаган аймагына кайтарып, жер, турак жай берүү масеслесин такыр эле чечкиси келбеген совет бийлигинин саясатына да нааразы болушкан. Ушулар мына ошол окуяларга алып келди.

Саясат таануучу Ташпулат Юлдашев биз менен маегинде кошумчалагандай, Ферганадагы тополоңдун арты Өзбекстандын саясий жетекчилигиндеги алмашуу менен коштолду. 1989-жылдын 23-июнунда Рафик Нишановдун ордуна биринчи катчылыкка Кремль азыркы президент Ислам Каримовду жөнөттү.

Кыргызстандагы түрктөрдүн коомдук бирикмесинин төрагасы Мураффадин Сакимовдун айтымында, Өзбекстандан кетүүгө аргасыз болгон түрктөрдүн алды кийинчерээк Америкага чейин жер которушту. АКШнын качкындарды көчүрүү боюнча атайын программасынын алкагында месхет түрктөрүнүн 14 миң окандын ары жагына кетишкен. Орусияны кошкондо, азыр эски совет аймагында 700 миңге жакын месхет түрктөрү жашайт, алардын 50 миңдейи Кыргызстанда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG