Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Б. Рысалиев: Коррупция менен күрөшүүгө Кыргызстандын эрки жетет


Коррупциянын деңгээлин иликтеген эл аралык уюмдар Кыргызстанды паракорчулук өтө өнүккөн мамлекеттердин катарына коюп келет. Бирок өлкөнүн Коррупцияга каршы күрөш агенттиги бул айтылгандар менен макул эмес. Аталган агенттиктин коомчулук жана маалымат каражаттары боюнча бөлүм башчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыктагы” маегинде анын себебин чечмелеп берди.

- Өзүңүздөргө белгилүү болгон “Трансперенси Интернешнл” деген эл аралык уюмдун өткөн жылкы иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 166 орунду алган. Эки жыл мурунку иликтөөсүндө Кыргызстан 157 орунда эле. Мындай көрсөткүчтөр менен Кыргызстан бир топ жылдардан бери коррупция туруктуу өнүккөн мамлекеттердин катарына кирип келатат. Эми бул иликтөөгө бир чети кошулса да, кошулбаса да болот.

Себеби Кыргызстан КМШ аймагында биринчилерден болуп 2003-жылы Улуттар Уюмунун коррупция менен күрөшүү конвенциясына кол койгон. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу эл аралык талаптардын баардыгын аткарды, деп айтсак болот. Кыргызстанда президенттин жардыгы менен Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бир эмес эки стратегия кабыл алынды. Ушундай болсо да эл аралык уюм Кыргызстанды коррупция өнүкккөн мамлекеттердин катырына коюп келатат. Ушундан улам бул уюмду саясатташып кеткен деп айтса болот.

- Саясатташып кеткен, деп эмнеден улам айтып жатасыздар? Аларга муну саясатташтыруунун кандай пайдасы бар?

- Билбейм, мисалы башка мамлекеттерге салыштырып көрсөк, алыс барбай эле Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанды алалы. Кыргызстан алардын ичинен биринчилерден болуп конвенцияга кол койгон, коррупцияга каршы күрөш боюнча эл аралык талаптардын баарын аткарды.

Коррупция боюнча күрөшүүгө азыр Кыргызстандын эрки жетет. Мына агенттик түзүлүп жатат. Ошондой эле мамлекеттик кызмат агеттиги түзүлдү. Ар кандай текшерүүлөрдү кыскартуу боюнча президенттин буйруктары чыгып жатат. Жакында өзүңүздөр билгендей коррупциянын алдын алуу боюнча ишкер кеңеш түзүлгөн. Ал кеңешке өкмөттүк эмес уюмдардан, журналисттерден, өкмөттүн, парламент өкүлдөрү кирди. Ушундай болсо да Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюча 166-орунда болуп келетат.

Тажикстан, Казакстан жана Россияда биздикиндей коррупция менен күрөшүү азыр эле колго алынып жатат. Тажикстанда болсо мындай агенттик жок, эми араң түзүп жатышат. Казакстанда “Жети сокку” деп, бийликтеги “Нур Отан” партиясы эми колго алып жатат. Аларга караганда Кыргызстанда жакшы эле аракеттер жасалып жатат. Ошондуктан жанагы эл аралык уюмдун Кыргызстанга берген орду негизсиз деп ойлойм.

- Демек сиздин оюңузча, азыркы президент Курманбек Бакиев башкарган төрт жылдын ичинде коррупцияны ооздуктоо боюнча жетиштүү аракеттер жасалды?

- 2005-жылы азыркы президент өлкө башчынын милдетин аткарып турганда коррупция менен күрөшүү боюнча малмекеттик стратегия тууралуу жардыкка кол койгон. Мына жакында эле 11-мартта экинчи стратегияга койду. Ошого жараша иш-чаралар башталды. Мисалы ар бир агенттик, министрлик, мекемелерде биздин көзөмөлүбүздүн астында атайын комиссиялар түзүлүп жатат. Бул деген стат-катчылардын деңгээлинде болот. Бул жаатта талаптар коюлуп жатат. Бирок беш кол тең эмес дегендей, моюн бербеген да жетекчиликтер бар.

- Сиздердин агенттик түзүлгөндөн бери, коррупциянын деңгээлин кандайдыр бир деңгээлде азайта алды, деп айта аласызбы? Ишиңиздердин үзүрүн көрүп жатасыздарбы?

- Жылдын башында агенттиктин алдында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкерлер кеңеши түзүлгөн. Өзүңүздөр билгендей коррупцияга көбүнчө ишкерлер кабылышат. Ошондуктан ишкерлерге жагымдуу чөйрө түзүп берүү максатта ушундай кеңеш түзүлдү. Ага Кыргызстандагы ири инвестерлор мүчө болуп киришти. Март айынын аягында Интернет аркылуу сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Ага ар бир жаран кирип, кайсы мекемеде коррупция кандай өнүккөнү тууралуу өзүнүн пикирин билдире алат. Бул жашыруун түрдө болот. Акыркы иликтөөбүздүн жыйынтыгы боюнча мамлекеттик сатып алуу системасы биринчи орунда болду. Бирок мамлекеттик сатып алуу дегенде, өзүнчө бир комитет деп түшүнбөш керек, бул жалпы система. Ар бир министрлик, мекемелерде ушундай система бар. Коррупция дал ошол тендер өткөрүүдө көп болууда. Биз азыр ошол тендердик комиссияларга биздин агенттиктин өкүлдөрүн киргизүүгө аракет кылып жатабыз.

Окуу жайлар тууралуу айтсак, бул жерде чындыгында коррупция бар, аны эч ким танбайт. Ушун эске алып быйылкы окуу жайга кирүү экзамендеринде комиссардын Билим министрлигине жасаган атайын сунуш менен агенттиктин өкүлдөрү кире турган болуп жатат. Ушундай болсо балким сестенүү пайда болуп, биздин болочок студенттер жана алардын ата-энелери акчасына эмес билимине таянып калышар, деген чоң үмүт бар.

- Бул биринчи ирээт болгон жатабы?

- Ооба. Коррупция менен күрөшүү жалгыз эле агенттиктин же президенттин колунан келбейт. Буга жалпы коомчулукту, маалымат каражаттарды, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарды тартыш керек. Ошолор менен бирге гана ийгиликке жетишсе болот. Комиссардын буйругу менен агенттиктин алдында коомдук инспекторлор институту түзүлгөн. Бүгүнкү күндө төрт жүзгө жакын коомдук инспекторлор бар. Ким коррупционер, ким коррупционер эмес экенин эл билет. Алар элдерден түшкөн арыздарды бизге жеткирип турушат. Жыйынтыгын жакында көрөбүз.

- Коррупция менен жалпы коом күрөшүүсү керек деп айтыңыз. Кыргыз коому күрөшүүгө даярбы? Кандай гана иш болбосун акча менен бүтөт, деген бүтүм кадимкидей эле кабылданып калгандай. Мына кечээ жакында эле менин иним ооруп калып, чакырган тез жардам, сакайткан дарыгерлер акча сураганда берүүгө аргасыз болдум. Коррупция экенин билип турсам да, инимди сакайтсын деп акча бердим. Бул кыргыз коомунда кадимки эле көрүнүшкө айлангандай?

- Ооба, бул кадимки көрүнүшкө айланып калды?

- Эми муну тыюуга болобу?

- Биз эч убакта кайдыгер карабашыбыз керек. “Ии ,бул берип жатпайбы, мен деле берип бүтүрүп алайын”, деген кайдыгерликке барсак, убакыттан утам деп акча берсек, биз коррупция менен күрөшө албайбыз. Ар бирибиз өзүбүздүн укугубузду билсек, акча бербей эле ишибизди бүтүрсөк болот. Ар бирибиз өзүбүздүн салымыбызды кошсок, биз коррупцияны жеңе алабыз.

- Коррупция кайдан башталат? Пара бергендеби же алгандабы?

- Мыйзам боюнча пара берген да, алган да киши кылмышкер болуп эсептелет. Коррупция менен күрөшүүнү бала бакчадан эле баштоо керек деп ойлойм. Жаш кезинен эле коррупция эмне экенин аң-сезимине сиңирсе натыйжалуу болот. Ушул максатта биз өткөн жылдын аягында, коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата мектептер арасында, дил баяндарга жана сүрөттөргө сынак жарыялаганбыз. Балдардан жүздөн ашык сүрөт түштү. Ошондо биз балдардын улуулардан кем эмес ой-жүгүртөөрүн, бул жаман илдет экенин, мамлекетке канча чыгып алып келип жатканын билишээрин байкадык. Ошол сүрөттөрдүн мыктыларын тандап алып, министрлик, мекемелерде кезек-кезеги менен көчмө көргөзмө уюштуруп жатабыз.

Өзгөчө күч органдарында, фиксалдык мекемелерде, сот системаларында. Биздин негизги максат чиновниктердин көңүлүн буруу, уялтуу. Бүгүнкү күндө сүрөттөр Мамлекеттик автоинспекцияда турат. МАИ акыркы күндөрү аябай коррупцияанган деп маалымат каражаттарында айтылып жүрөт. Мындай иш-чаралар кандайдыр бир деңгээлде коррупцияны азайтууга көмөктөшөт деп ойлойм. Себеби коррупционерлерди соттоп, жазалоочу ыкмаларга караганда, паракорчулуктун алдын алган ыкмалар бир топ жемиштүү. Анткени бир аткаминерди коррупция боюнча күнөөлөп камасаң, анын ордуна башкасы келет. Минтип биз коррупцияны эч убакта жеңе албайбыз. Мына жакында Коргоо министрлиги альтернативдүү кызмат өтөөнү өзгөртүп, азыр каалаган ата-эне кассага 12 миң сомду төлөп коюп, баласын альтернативдик кызматка өткөрө ала алат. Мурда мындай эмес эле. Бул да болсо Коргоо министрлигинин коррупция менен күрөшүүдө алдыга жасаган кадамы болду. Ушунун айынан азыр канчалаган военкомдор парасыз калышты.

Анан мурдагы мыйзамдардын көбүндө корруцияга жол ачкан жылчыкчалар көп. Ар бир министрлик өздөрүнө ылайыкташтырып, өз пайдасын көздөгөн мыйзамдарды кабыл алып алышкан. Азыр биздин агенттик жана анын алдындагы ишкерлер кеңеши ошол мыйзамдардын баарын экспертизадан өткөрүп жатат. Аларды биз буюрса Жогорку Кеңешке жөнөтөбүз. Бул иш-чаралардын максаты паракорчулукка ыңгайлуу шарттарды түзгөн жылчыкчаларды жабуу болуп эсептелет.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG