Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:35

Жыл башынан бери Кыргызстандын түштүк чек арасында 15 жаңжал чыкты


Бул тууралуу Чек ара аскерлигинин жетекчиси Закир Тиленов парламенттин бул аптадагы отурумунда билдирди. Анын айтымында, 2011-жылы кыргыз-тажик чек арасында сегиз, кыргыз-өзбек чек арасында жети жаңжал орун алган. Чек арага жакын жашаган калктын ортосундагы бул каршылыктар көбүнесе такталбаган аймактарда, жер-суу маселесинен улам чыгууда. 2010-жылы Кыргызстандын түштүк чек арасында жалпысынан 62 жаңжал катталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG