Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:40

М.Садыркуловго байланыштуу экспертиза белгиленген мөөнөттө аяктаган жок


13-мартта жол кырсыгында президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов, Сергей Слепченко жана Кубат Сулайманов каза болгондугу кабарланган. Жол кырсыгы учурунда өрт чыгып, автоунаа жана андагы адамдар күйүп кеткендиктен, сөөктөрдү идентификациялоо үчүн ДНК экспертиза Москвада өткөрүлүп, анын жыйынтыгы март айынын соңунда Кыргызстанга келген. Бирок Башкы прокуратура ал корутунду Кыргызстандагы экспертиза аягына чыккандан кийин жума соңуна карай жарыяланарын билдирген. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, жума күнгө карай жергиликтүү эксперттер өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгара алышкан жок. Ошондуктан маалымат келерки жумада болушу күтүлүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG