Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Чегара тактоо талаштуу аймактарга такалып турат


Баткендеги чегара бекеттеринин бири
Баткендеги чегара бекеттеринин бири

Кыргыз-тажик чегарасынын кыйласы тактала элек. Андай милдет ортолук комиссияга жүктөлгөн. Ортолук проблемалар эки өлкө Коoпсуздук кеңеш катчыларынын 3-мартта Хожентте өтчү жолугушуусунда да талкууланмакчы.

Коңшу өлкөлөр менен чегараны тактоо, аныктоо жумуштарынын ашкере татаалдыгын Үзөңгү-Кууш, Каркыра чатактары, кыйладан бери аягына чыкпай келаткан Өзбекстан, Тажикстан менен чегара боюнча сүйлөшүүлөр кашкайтып көрсөтүп турат. Кыргызстан өкмөтүнүн чөлкөмдүк маселелер бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламановдун маалымдашынча, кыргыз-тажик чегарасында канча талаштуу делген жерлер бар экенин так айтыш кыйын.

- Азыр биз укуктук жагын эле карап, ошонун бир макулдашылган вариантына келе албай жатабыз. Ал макулдашылбагандан кийин талаш, талаш эмес деп бөлөк жерде айтууга укук жок.

А бирок Кыргызстандын Чегара кызматынын жетекчиси Замир Молдошев парламенттик комитет отурумунда 970 чакырымга созулган кыргыз-тажик чек арасынын 503 чакырымы гана аныкталып, калганы талаштуу бойдон калып жатканын ырастады.

Саламат Аламанов өзбек-кыргыз чегарасын аныктоо иши да аягына чыга электигин белгиледи.

- Баякы делегациялар деңгээлиндеги эле сүйлөшүүлөр. Ушундай эле маселе. Баары бирдей эле. Өтө узак мезгил Союздун ичинде жашап жатканда ушул укуктук жагынан тактык болбой жүргөн экен. Ошол эле бизди кыйнап жатат.

Антип чегара маселесинин чечилишинин узакка созулуп кетиши ага жакын жашаган калкка оорчулугун тийгизип, ортодо жер-суу талаштарды чыгарууда. Көпчүлүк маалымдоо каражаттарында “кетмен уруш” аталган андай чатак кыргыз-тажик чегарасында өткөн жылы 7 ирет катталган.

Баткен районундагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Таалай Ибраимовдун айтуусунда, Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңеш катчыларынын Баткендеги жолугушуусунда козголгон маселелердин айрымдары ишке ашып, жыйынтыктары дурус чыгууда.

- Мына “Тамдык” чегара бекетине Кыргызстан тарап үчүн үйлөрдүн курулушу. Мурда бул маселе чечилбей келген. Тажикстан тараптан ар кандай тоскоолдор болуп келген. Анан Баткен шаарындагы жолугушууда Кыргызстан ал жерге постту туура эле койгонун ырастай алды. Ошон үчүн ал жерге үй курдук. Такай кала турган үй курулуп жатат.

Таалай Ибраимов Тажикстандын Чоркух анклавын айланып өтчү Баткен-Исфана кан жолундагы 275 метр жердин маселеси да Коженттеги жолугушууда оңунан чечилип калышына ишенерин ырастады.

Ал эми “Эл аралык толеранттуулук үчүн” борборунун Баткендеги жетекчиси Роберт Авазбеков жолугушуулар сөзсүз керектигин ырастап, бирок алар натыйжалуу болушу керек, деп эсептейт.

- Мынабу акыркы жолугушуунун эле жыйынтыгын ала турган болсок, коопсуздук кеңеш катчыларынын деңгээлинде болгон менен бул эч кандай жыйынтык бербей жатат. Себеби ошол жерде чечим болгон, ушул декабрь айында эки жактан комиссия түзүлүп, Бишкекте жолугушуп, мына ушул 275 метр жерди чечүү маселелси боюнча. Бирок андан бери 3 ай убакыт өтүп жатат, эч кандай жыйынтык чыга элек. Кээ бир маселелер сүйлөшүлүп, чечимдер кагаз бетинде эле калып, жакшы жыйынтыктар бербей жатат.

Эки өлкөнүн Коопсуздук кеңеш катчыларынын кезектеги жыйынында алакандай жер маселесине кошулуп суу көйгөйү, кургакчылыктан улам күчөп кеткен проблеманы чечүүнүн жолдору талкууланмакчы. Кийинки жылдары эки өлкө ортосунда жетишилген макулдашуу талаштуу жерлерге чарба жүргүзүү, үй салууну токтотуу болду окшойт.

XS
SM
MD
LG