Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Жалал-Абат: Фамилиясын алмаштыргандар көбөйдү


Жалал-Абат облусунун тургундары аты-жөнүн, фамилиясын өзгөртүүнү улантышууда. Аты-жөнү «уулу», «кызы» деп кыргызча жазылган паспорт менен Орусияга иштөөгө баргандар анын себебин кыйла ынгайсыз абалда калып, аларга көп тоскоолдуктар болоору менен түшүндүрүшөт. Айрымдар болсо бул жөн гана шылтоо экендигин, азери, армян, грузин сыяктуу башка улуттар өз атын, намысын сактап эле Орусияда иштеп, жашап жатышканын айтышат.

Санкт-Петербург шаарында иштеп жүрүп, облустагы ата-энесинен кабар алганы келген Назгүл Нышанбаева да паспортун өзгөртүүгө аргасыз болгон. Анын айтымында, Орусиянын жарандыгын алуусуна ал жакта жумушка уруксат алуу менен орношуу татаалдыгы себеп. Базарда же дүкөндөрдө сатуучу болуп иштөө үчүн да жарандык зарыл . Көптөгөн кыргыздар орус жарандыгын алууда Андан калса, айлык акы Кыргызстандагыдан 25 эсе көп, пенсия, жөлөк пул да ашыкча. Көз жарган энелерге да камкордук жакшы – деп ой бөлүштү Назгүл Нышанбаева:

- Орусия жарандыгын алган себебибиз ишке орношуу керек. Кандай жумуштар болбосун ошол жерде катталган-катталбаганыңды сурайт, орус жарандыгың болуш керек. Бул жактан барган кыргыздардын да көпчүлүгү орус жарандыкгыны алып алышты. Санкт-Петербург шаарында жумшчу болуп иштейбиз. Орусиянын жараны болбосоң ишке кирүү абдан кыйын.

Кыргыз мыйзамдарына ылайык, жарандар каалаган фамилияда күбөлүк, же паспорт жаздырууга акылуу.

Ноокен районундагы жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн башчысы Үмүтай Тургунбаеванын айтымында, бул бөлүмгө күбөлүк берүүнү өтүнуп былтыр эле 1525 адам кайрылып, минге чукул киши фамилиясын “ов” же “ова” деп өзгөртүүгө кайрадан күбөлүк алган:

- фамилиясын алмаштыруу боюнча бизге 979 адам кайрылып, алардын арыздары канааттандырылды. Мыйзамдын негизинде биздин жарандарыбыз беш алты түрдүү ат алып жүрүүгө укуктуу. Уулу, кызы деп алып аткандардан дагы атамдын фамилиясына өтөбүз, же атамдын аты боюнча, же чоң атамдын аты боюнча алып жүрөбүз деп кайрылгандар көп болуп атат. Алардын көбү Орусияга барып иштеп, тагдырын ошол өлкө менен байланыштыргандар.

Беш балалуу сузактык Мидин Исаев болсо балдарынын баары улуттук фамилия менен күбөлүк-паспорт алышканын, алардын аты-жөнүн орусчага өзгөртүү ою жотугун билдирди. “Орусча фамилияга өтүү – чыныгы кыргыз патриотторунун иши эмес.Кыргызстанда деле жакшы иштеп- жашоого шарттар бар.Банктан насыя алып,ишкерлигин өнүктүрүп, турмушун жакшырткандар аз эмес”, - дейт ал

Бирок мындай пикирге Орусияга барып иштөөнү каалаган Ильич Нарматов каршы чыкты. Нарматовдун оюнда, жылаңач жарандык менен жашоону өзгөртүү мүмкүн эмес. Анын пикиринде, аты-жөнүн өзгөртүп, чет өлкөнүн жарандыгын алуу жана орусча фамилияга өтүү – социалдык теңсиздик менен көйгөйлөрдүн көптүгүнөн болууда.

- Азыркы тапта жаштар эле эмес орто жаштагы зор тажрыйбалуу адамдардын дагы жумушсуз калганы бул өтө көйгөйлүү, оор маселе болуп турат. Биздин элдин 50 пайыздан ашыгы азыр Орусия, Казакстанда жана башка жерлерде жумуш иштеп ошол жакта жанын багып жүрүшөт. Анкени бизде жумушсуздук өтө күчөп кетти.

Расмий маалыматтарга ылайык, былтыр кыргызстандык 38 миңден ашык киши Орусиянын жарандыгын алган.


  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG