Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

2008: Кризис туризмди да тушады


Дүйнөлүк экономикадагы кризистин кесепеттери аяктаган 2008-жылдын экинчи жарымында туризм индустриясында да сезилди жана адистердин айтымында, соңку кездери өсүү үстүндө гана болгон тармак жаңы жылга белгисиздиктин шартында кирүүдө.

Дүйнөлүк Туризм уюмунун (UNWTO) эсебинде, тармак 2007-жылды глобалдык деңгээлде 6 пайыздык өсүш менен аяктаган эле. Башкача айтканда, бул жылы дүйнө өлкөлөрүнө каттаган туристтердин саны 2006-жылга салыштырмалуу 52 миллионго көбөйүп, дээрлик 900 миллионго чаап барган.

5 пайыздын тегерегинде өсүш туризм индустриясында аяктаган 2008-жылдын биринчи жарымында да катталган. Дүйнөлүк туризм уюмунун Баш катчысынын жардамчысы жана маалымат катчысы Жеффри Липман (Geoffrey Lipman) биз менен болгон маегинде белгилегендей, туризмдеги төмөндөө аяктаган жылдын экинчи жарымынан башталды:

- 2008-жылы өтө эле жаман жыл болгон жок. Жылдын биринчи жарымында биз глобалдык деңгээлде 5 %дык өсүштү көргөнбүз. Андан кийин жылдын экинчи жарымында, дүйнөлүк экономикадагы рецессиянын натыйжасында, мунай баасы олку-солку болуп өзгөрүп туруусунун натыйжасында, керектөөчүлөр менен бизнеске ишеним өзгөргөн шартта кескин төмөндөө байкалды. Муну кесепети бул жылда биз 5 пайыздык өсүштүн ордуна нөл, балким эң мыкты дегенде, 1 же 2 пайыздык өсүштү күтүп жатабыз.

Кыргызстанда да аяктаган 2008-жылы көбүнесе коңшу Казакстандагы кризиске байланыштуу сырттан келген эс алуучулардын саны болду, бирок Туризм боюнча мамлекеттик агенттикттин директору Турусбек Мамашевдин ырасттосунда, туризмден түшкөн кирешенин суммасы көбөйөт экен:

- Биздин божомол боюнча 2008-жыл 500 миң доллардын тегерегинде болот. Бул 2007-жылга карата 35-40% көп дегенди билдирет. Биздин алдыбызда эки негизги проблема бар. 2009-жылы биз кадрларды даярдоого, тейлөө системасынын сапатын жогору көтөрүүгө, аны менен бирге баа саясатына да бир аз киришип, эс алуу борборлору, мейманканалар өзүнүн жылдызына, шартына жараша бааны кармашына колдон келишине аракет жасайбыз.

Ал эми жаңы башталып жаткан 2009-жылга карата туризм индустриясындагы божомол тууралуу Дүйнөлүк Туризм уюмунун өкүлү Жеффри Липман бизге буларды айтты:

- Эгер 2009-жылды карасак, биз кайра эле чоң экономикада орун алып жаткандардын барымтасындабыз. Эл аралык валюта корунда, Дүйнөлүк банкта, Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюмунда макроэкономикалык божомол жасап жаткан адамдар өз божомолдорун апта сайын кайра карашууда. Андыктан биз 2009-жылга карата көбүрөөк пессимисттик маанайдабыз. Биздин оюбузча өсүш болбойт, атүгүл жылдын биринчи алты айында стагнацияны жана төмөндөөнү күтөбүз. Авиакомпаниялар менен меймаканалар ишин кыскартуусун күтөбүз, кызматкерлерди бошотуусун күтөбүз.

Анткен менен Жеффри Липман биз менен маегинде кошумчалагандай, Дүйнөлүк Туризм уюму орто жана узак мөөнөттөн алганда индустриянын келечегине оптимисттик көз карашта.

Мунун бир жүйөөсү дүйнө азыркы кризистин соңунан структуралык өзгөрүү жасап, "жашыл экономиканы" көздөй кадам багыт алышы мүмкүн. Ал эми туризм ошол жашыл жана таза индустриянын бири болууга жарайт.

Кыска мөөнөтөн алганда болсо тармактагы кырдаалды оң нукка буруу үчүн дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн экономиканы стимулдаштыруу боюнча чараларына туризмди да кошуу талап кылынат.

Дүйнөлүк Туризм уюмунун буга чейинки божомолдоруна караганда, 2020-жылга карата тигил же бул өлкөгө четтен келген туристтердин дүйнөлүк саны 1 миллиард 600 миллионго жетүүсү күтүлөт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG