Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Маалымат шамы өчүп баратабы?


Мелис Эшимканов оппозиция катарында турганда УТРКны реформалоону талап кылган саясатчылардын бири эле...
Мелис Эшимканов оппозиция катарында турганда УТРКны реформалоону талап кылган саясатчылардын бири эле...

Ар кыл эл аралык жана бейөкмөт уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү, бир катар саясатчылар Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Жарандык коомчулуктун өкүлдөрү, 2005-жылдын 24-мартынан кийин өлкөдө сөз эркиндиги жакшырып, УТРК коомдук болот деген үмүт пайда болгонун, бирок үч жылдан кийин бул жааттагы иштер тап-такыр тескери жагына кеткенин айтышууда. Бийлик өкүлдөрү мындай аныктамаларга макул эмес.

Кыргызстандагы сөз эркиндиги маселесине келгенде, көпчүлүк адистер УТРКны коомдук кылуу маселесин көп козгошот. Мурда оппозициячылардын катарында жүрүп азыркы бийликти катуу сындап, УТРКны коомдук кылуу керектигин айтып келген улуттук каналдын азыркы жетекчиси Мелис Эшимканов деле бул жааттагы иштерди жылдыра албаганын айтышат. Ошондой эле адистер, олуттуу реформаларды жасоого убада берген М.Эшимканов УТРКнын башына келгени, “Азаттык” жана “Би-Би-Си” үналгылары обого чыкпай калганын баса белгилешет.

Буга байланыштуу маалымат тармагында эмгектенген адистер, УТРКнын айланасындагы иштер көпчүлүктүн көңүлүнө толбой жатканын, өлкөдө жалпы эле сөз эркиндиги мурдагыдан да начарлап кеткенин айтышууда. Аларга акыркы күндөрү “Freedom House” сыяктуу эл аралык уюмдар да кошулуп, Кыргызстанда сөз эркиндиги жаатындагы абалга, “Азаттык” үналгысына болгон мамилеге карата тынчсызданууларын билдиришүүдө.

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев буларга токтолду:

- Бийликтегилер Аскар Акаевдин тушундагы технологияларды жөн гана колдонбостон, аларды чыгармачылык жактан өркүндөтүп колдоно башташты. Ошол технологиялар боюнча оппозициялык гезиттерди жаап, айрым саясатчыларды каралоо, айыптоо механизмдери иштеп атат. “Азаттык” үналгысы бизде демократиянын, сөз эркиндигинин символу болуп калды эле, эми ага да мамиле өзгөрдү.

Президенттин администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “Азаттык” үналгысы боюнча бийлик эч кандай саясий кадамдарды жасабаганын билдирди:

- Бул жерден биз эч кандай саясатты көргөн жокпуз. Баса белгилеп коюу керек. 15-декабрда эле “Азаттыктын” өкүлдөрү менен бул жерде, ак үйдө жолугушууда бул боюнча пикир алышкан элек. Андан кийин алар өздөрүнүн маалымат жыйынында да биздин пикирлерди тастыктап, бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, техникалык маселелер чечилгенден кийин жаңы шарттарда иштешүүгө кызыкдарбыз деп билдирип кетишкен эле. Эртеси “Азаттыктын” Прагадагы президенти башкача маалыматты таратып атат. Бизге да түшүнүксүз болуп калды. Эмне үчүн алардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү башка сөздү айтат, радионун жетекчиси башка сөздү айтат.

Ал эми “Азаттык” үналгысынын жетекчилиги, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен болгон расмий жолугушууларда УТРК менен “Азаттык” үналгысынын ортосундагы кызматташуу маселелери такталганын, бирок “Азаттык” үналгысынын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп, техникалык маселелер чечилгенин, бул жерде саясий өң-түс болбогонун айтышкан соң, УТРКнын генералдык директору Мелис Эшимканов кайрадан үналгы жетекчилиги менен жолугушуп, “Азаттыктын” маалыматтары алдын-ала электен өтүшү керектигин айтып, башта президенттин администрациясы менен сүйлөшүлгөндөрдү жокко чыгарганын билдиришет.

Башкача айтканда УТРКнын генералдык директору Мелис Эшимканов, техникалык мүчүлүштөр чечилери менен “Азаттыктын” берүүлөрү обого чыгарыларын айтып коюп, “Азаттык” үналгысынын өкүлдөрү маалымат жыйынын берери менен эле, Прага менен Вашингтондон келген “Азаттыктын” өкүлдөрүнө үналгы берүүлөрүнө редакциялык көзөмөл кылынарын талап кылган. Өз кезегинде “Азаттык” үналгысынын жетекчилиги андай талаптарды кабыл албай турганын айтышкан.

Бул маселеге кайрылган байкоочулар, УТРКга түздөн-түз көрсөтмө берип турган президенттин администрациясы “Азаттыктын” өкүлдөрү берген жыйындан кийинки М.Эшимканов койгон талаптарды билбей калышы, андыктан кийинчерээк “Азаттыктын” жетекчилигинин бул маселе боюнча пикирин түшүнбөй калышы мүмкүн эмес эле.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, бийликтер кандай гана чара колдонбосун, көзү ачылып калган кыргыз коомчулугу толугу менен сөз эркиндигинин тизгинделишине жол бербейт.
Анын пикиринде, бүгүнкү бийлик оппозициялык маанайдагы гезиттерди жаап, теле каналдарды көзөмөлдөгөнгө жетишкени аз келгенсип, эми интернеттеги маалымат каражаттарын да көзөмөлдөөгө бет алды. Ошентсе да ал эркин маалымат каражаттарынын эң акыркы таянычы болуп калган интернетти көзөмөлдөө мүмкүн эместигин, негизи эле Кыргызстанда маалымат каражаттарын толук көзөмөлдөө аракеттери эч качан ийгиликтүү аяктабаганын, ага коомчулук жол бербесин айтты:
- Интернетте kg аймагындагы сайттарды көзөмөлгө алуулары мүмкүн. Бирок андан ары кете алышпайт. Булар түшүнбөй атышат, алардын заманы өтүп кеткенин. Азыр дүйнө ааламдашып, маалыматтарга чек коюуга мүмкүн болбой калгандыгын булар түшүнбөй жатышат. Интернетти да көзөмөлдөйбүз деген депутаттар эски заман менен жашап атышат.

УТРК -“Азаттык” келишими тууралуу дагы бир тактоо

Эл аралык берүүлөр бюросунун (ЭББ) жана Эркин Европа – Азаттык үналгысынын өкүлдөрү Кыргыз бийлиги менен 15-декабрда жолуккан соң, Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) менен “Азаттыктын” шериктик кызматташтыгындагы соңку жагдайлар боюнча маалымат жыйынын өткөргөнү, анда УТРК менен талаш-тартышта саясий өңүт жок деп айтылганы чындык.

Бирок ошол эле күнү кечинде УТРКнын директору Мелис Эшимканов бир нече саат мурда өзү жана Ак Үй өкүлдөрү (Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жана президенттик администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев) Вашингтон менен Прагадан келген өкүлдөргө айткан “келишимдеги техникалык талаптар аткарылса болду, “Азаттыктын” берүүлөрү кайрадан УТРК тарабынан обого чыгарыла баштайт” деген билдирүүгө карама-каршы мамилесин көрсөтүп, “Азаттыктын” УТРК аркылуу обого чыкчу материалдарына редакциялык көзөмөл киргизүү керек деп Прага менен Вашингтондон келген өкүлдөрдөн талап кылган.

Бул талапты Эл аралык берүүлөр бюросу да, “Эркин Европа – Азаттык үналгысынын” жетекчилиги да эч кабыл албай турганын билдирген. “Эркин Европа – Азаттык үналгысынын” президенти Жефф Гедминдин соңку билдирүүсү деле дал ошол орток мамилени чагылдырат.

Эшимканов мырза ошондой эле орток делегациянын өкүлдөрүнө “Азаттыктын” берүүлөрүн калыбына келтирүү үчүн Кыргызстандын расмий жетекчилигинин көрсөтмөсү да зарыл экенин билдирген.

Азырынча Бишкектеги “Ак үй” бул маселени шериктердин гана ички иши катары сыпаттап келет. Эл аралык жана жергиликтүү укук коргоочулар жана кыргыз атуулдук коомчулугу болсо УТРК-"Азаттык" шериктиги маселеси эми нагыз саясий маселеге айланганын билдирүүдө. Бул тууралуу депутат, мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева айым да бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда белгиледи.
XS
SM
MD
LG