Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Улуттар Уюму «Жамаат-уд-Дуваны» «террорчу» деп тааныды


БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялар боюнча комитети «ал-Каида» жана талиптер менен кызматташканы үчүн «Лашкар-э-Тайба» тобунун төрт жетекчисин өз «кара тизмесине» кошту.

Мурдараак Индиянын жана АКШнын демилеси менен Коопсуздук Кеңеши «Жамаат-уд-Дуваны» террорчу топ деп атаган. «Жамаат-уд-Дуванын» жетекчилиги аскерий канатын бир нече жыл мурда таратып жибергенин айтып, БУУ чечимин душманчылык деп атады.

БУУнун кара тизмесине илинген же санкциясына кабылган топтун банктардагы активдери «тоңдурулуп», жетекчилерине Пакистандан тыш жакка чыгууга виза берилбейт жана топко курал сатууга тыйуу салынат.

«Жамаат-ул-Дува» соопкерчилик уюмунун башчысы Хафиз Мухаммад Сайид Пакистандын «GEO» телеканалына шаршемби күнү берген интервьюда, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечимин Исламга каршы душманчылык деп атады:

- Азыр Индия жана Пакистан Мумбай чабуулун иликтөөдө өз ара кызматташууда. Пакистан Индиядан далилдерди сурап, жок далилдерди ала албады. Анткен менен, шашылыш түрдө «Жамаат-уд-Дувага» каршы санкция колдонулду. Бул алардын Исламга болгон жаман мамилесин жана душманчылыгын көрсөтөт.

Хафиз Мухаммад Саид 2002-жылы «Лашкар» тобунун башчысы деген шек менен кармалып, бирок койо берилген. АКШ 2008-жылдын майында «Лашкардын» төрт жетекчиси, анын ичинде уюмдун башчысы жана казыначысы деп шектелген Хафиз Мухаммад Саиддин мүлк-байлыгын тоңдуруп койгон.

«Лашкар-э-Тайба» же «Аруулардын армиясы» 1989-жылы Хафиз Мухаммад Саид жана Зафар Икбал тарабынан негизделген. Уюмдун көздөгөнү - Индиянын Кашмир бөлүгүндөгү мусулмандарды өлкөдөн бөлүп кетүү. Гималай этегинде жана Жаңы Делиде уюштурган чабуулдардан кийин 2002-жыллдын январында Пакистандын ал кездеги президенти Первез Мушарраф «Лашкар-э-Тайбага» тыйуу салган. Ошол эле тушта АКШда аны «чет элдеги террорчул уюмдардын» тизмесине киргизет.

Индиянын ырасташынча, «ал-Каиданын» Пакистандагы филиалы саналган «Лашкар-э-Тайба» экстремисттик тобу ноябрда Мумбайда болгон кол салууларды уюштурган. Чабуулда 170тен ашуун адамдын каны төгүлгөн.

Ырасмий Исламабад Мумбайдагы калабага эч кандай тиешеси жок экенин айтып, чабуулду иликтөөдө Индия тарап менен кызматташууга макул экенин билдирген. Пакистандын коопсуздук күчтөрү өткөн жекшембиде Кашмирдин өлкөгө таандык бөлүгүндөгү аашкарчылардын лагерине рейд жүргүздү.

Ал эми «Лашкар-э-Тайба» Мумбайдагы кызыл кыргынга эч кандай катыштыгы жок экенин айтып, чабуулду сынга алган. Бирок Индиянын коопсуздук күчтөрү Мумбайда колго түшүргөн согушчандар сурак учурунда алар «Лашкардын» Кашмирдеги лагеринде машыгуудан өтүшкөнүн айтышкан.

XS
SM
MD
LG