Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:01

Алишерди аткан курал табылды


Журналист Алишер Саиповду өткөн жылы сентябрда ушул көчөдөн каратып туруп атып кетишкен.
Журналист Алишер Саиповду өткөн жылы сентябрда ушул көчөдөн каратып туруп атып кетишкен.

Иички иштер министрлиги журналист А. Саипов өлтүрүлгөн курал Бишкекте кармалгандыгы жана аны менен бейбаштык жасагандардын ичинде оппозиция лидерлеринин бири А. Жекшенкуловдун уулу бар экени жөнүндө билдирүү жасады.

Кечээ маалымат жыйынын өткөргөн ички иштер министринин орун басары Дмитрий Федоров буйрук менен жасалган кылмыш иштери боюнча маалымат берди. Анын айтымында, өткөн жылдын сентябрында киши колдуу болгон журналист Алишер Саиповдун иши боюнча тергөө иштери жанданып, жаңы өңүттөр ачылды.

Алишер Саипов атылган «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча Бишкектеги «Х.О.» боулинг эс алуу борборунда болгон мушташ маалында колдонулган жана кийин милициянын колуна түшкөн. Мушташка катышкандардын арасында оппозиция лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкуловдун уулу да бар болгон:

-Ушул ок атуучу курал журналистти өлтүрүүдө колдонулганын экспертиза аныктады. Ага тиешеси бар адамдар мурда кармалып, белгисиз себептер менен кайра коё берилген экен. Жаш жигиттердин тобу Бишкекте бейбаштык аракеттерди жасаган учурда кармалып, алардын лидерлеринин жанынан ошол тапанча табылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Аликбек Жекшенкулов өз кезегинде баласы ал мушташка катышпаганын, аны Саиповдун өлүмүнө байланыштырып жатканы саясий тапшырма экенин “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди:

-Уулум Беккулдун маркум журналист Алишер Саиповдун иши боюнча күнөөлүү катары суракка тартылып жатышын саясий куугунтук деп баалайм. Менин уулум –“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү, чет өлкөдөн билим алган, мыйзамды урматтаган жигит. Бир жыл мурун бул иш боюнча күбө катары суралган. Ошол мушташ болгон учурда уулум ал жерде жок болгон. Мушташ боло электе эле ал жерден кетип калган. Бул бийликтин оппозициянын 29-ноябрга белгилеген курултайы алдында мага жана уулума карата саясый куугунтугу, жалаа жабуусу. Бул үчүн министрдин орун басарын сотко беребиз.

ИИМ министринин орун басары Дмитрий Федоров коомчулуктун көңүлүндө турган башка дагы буйуртма өлүмдөрүн бетин ачуудагы милициянын аракеттерин баяндады. Анын айтымында буйуртма менен өлтүрүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев жана милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө шектүү делген кылмышкерлер кармалып, жазасын алышкан.

Ал эми маңзаттарды ташыгандарга каршы күрөшүп жүрүп, каза болгон Анвар Алиевдин өлүмү боюнча шектүү делген адамдар кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле милициянын полковниги Уран Алиевди аткандар коңшу Тажикстанда жашырынып жүрөт.

Министрдин орун басары ошондой эле, белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергеновду маркум Рысбек Акматбаев жана анын жанындагылар атканын, бирок Рысбек Акматбаев дагы, анын жакындары да каза болушкандыктан бул кылмыш иши токтотулганын баяндады.

Белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин пикиринде, өлкөдө болгон бардык буйуртма кылмыштын баарын "көзү өткөндөн кийин Рысбек Акматбаевге шылтап салуу абийирге жатпайт."

ИИМдин уюшкан кылмыштулукка каршы күрөшү башкармасынын жетекчиси Бакыт Парманкуловдун айтымында, Азиянын эки жолку чемпиону, даңазалуу балбан Раатбек Санатбаевдин өлүмүнө шектүү делген адамдар камалып, иликтөө иштери улантылып жатат.

Кыргызстанда 12 кылмыштуу топ болсо, анын онунун мүчөлөрү камалган. Азыр өлкөдө Камчы Көлбаев менен Азиз Батукаевдин кылмыштуу топтору гана калды.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG