Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

Каракчылар дагы бир кемени басып алышты


Sirius Star кемеси
Sirius Star кемеси

Кара май тартып бараткан дагы бир кемени Сомалиде каракчылар басып алышты. Алардын колуна түшкөн Sirius Star кемесинин бортунда эки миллион баррель мунай бар, анын жалпы баасы 100 миллион доллардан ашат.

Sirius Star - каракчылардын колуна түшкөн соода кемелеринин эң чоңу болду: анын узундугу 330 метрге жетет. Танкер Түштүк Кореяда курулуп, быйыл мартта сууга түшүрүлгөн. Бул жолу ал Сауд Арапстандан мунай жүктөп, Африканы айланып, АКШга бараткан дешет. Экипаждын составында 25 киши - Британиянын, Польшанын, Сауд Арапстандын, Хорватиянын жана Филиппиндин жарандары бар.

Танкерди каракчылар жекшемби күнү Кениянын Момбаса портунан 800 чакырымдай алыстыкта басып алышты. Алардын чапчаңдыгы жадесе АКШнын куралдуу күчтөрүнүн штаб начальниктер Комитетинин төрагасы Майкл Малленди да таңдантты. “Алар өтө ыкчам аракеттенишет, жакшы куралданган, усул-ыкмалары да мыкты: кокус кеменин бортуна чыкканга үлгүрүшсө алар менен күрөшүү кыйын болуп калат, анткени дароо эле экипаж мүчөлөрүн барымтага алышат”,-деп айтты адмирал Маллен.

Мамлекеттик департаменттин өкүлү Шон Маккормак каракчыларга каршы күрөштө АКШ региондогу өнөктөштөр, ошондой эле НАТОлук союздаштар менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи.

Сомалинин жээктеринде жана Аден булуңунда каракчылардын күч ала баштаганы АКШны, Британияны жана Россияны регионго аскер кемелерин жөнөткөнгө аргасыз кылды.Ноябрдын башталышында британдык жана россиялык деңизчи аскерлер эки ирет каракчылардын мизин майтарышты,кагылышта үч каракчы окко учту.

Эл аралык деңиз бюросу ырастагандай, Аден булуңу аркылуу жыл сайын он алты миңден кем эмес соода кемелери өтөт.Сомалилик каракчылар быйыл сексен кемеге кол салып, отуздайын басып алышты. Сентябрдан бери 12 кемени, алардын 200 кишиден ашуун экипажын барымтада кармап турушат. Ушул айда эле Япониянын, Кытайдын, Индиянын, Түркиянын соода кемелери каракчылардын колуна түштү.

Барымтага алынган кемелер жана алардын командалары үчүн каракчылар негизинен кун талап кылышат,анын өлчөмү 300 миң доллардан бир нече миллион долларга жетет. Кун төлөгөн тараптар адатта анын суммасын айтышпайт.

Sirius Star танкеринин эгеси да каракчылар менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Дубайда жайгашкан Vela International Marine компаниясы ырастагандай, арачылар командасы түзүлдү, ал азыр кемени жана экипажды бошотуп алуунун шарттарын деңиз бандиттери менен талкуулап жатат. Танкерди каракчылар Сомалидеги Харардер портунда алып келип, якорго байлап коюшту. Харардер алардын башкы базасы эсептелинет. Ал эми каракчылардын өздөрүн болсо жергиликтүү калк Сомалиден бөлүнүп, өзүн көз карандысыз мамлекет деп жарыялап алган Пунтленд провинциясынын бийликтери менен байланыштырышат. Пунтлендди эксперттер да “каракчылык индустриясы” каркап өнүккөн аймак дешет.

XS
SM
MD
LG