Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Оппозиция К. Кабилованы сатып алууга аракет кылдыбы?


Оппозиция лидерлеринин Москвага сапарынын себептери тууралуу айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып ачык айта башташты. Маселен, “Аки-пресс” маалымат агенттигинин жазып чыкканы боюнча, оппозиция лидерлери Москвада БШКнын мурдагы төрагасы Клара Кабилова менен сүйлөшүп, аны парламенттик шайлоонун легитимсиз болгондугу тууралуу билдирүү жасоого үгүттөшкөн. Мындай болгон учурда ага акчалай сыйлык, хан сарай, андан тышкары жеке коопсуздугун камсыздоого сөз беришкен. Оппозиция лидерлери болсо Москвага эмне себептер менен барганын жаап-жашырышканы менен жогорудагыдай маалыматты дароо төгүндөштү.

Кыргызстан оппозициясынын Москва сапарынын себептеринин жаап-жашырылышы коомчулукта ар кандай кеп-сөздөрдүн, божомолдордун таркап кетишине себепчи болду. Москвага барып келген оппозиция лидерлери өздөрү “мөөнөтү келгенде айтабыз” деген шылтоо менен сапар сырын ачпай, түрдүү божомолдордун таркашына шыкакчы болушууда.

Мисалы, “Аки-пресс” маалымат агенттиги көздөй кишибиз айтты деп, оппозиция лидерлери Москвада БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабылова менен сүйлөшүшкөнүн, эгерде ал парламенттик шайлоо легитимсиз болгонун айтып чыкса, ага акчалай сыйлык жана хан сарай куруп берип, жеке коопсуздугун да камсыздашарын айтып соодалашышканын жазып чыкты.

Маалымат каражаттары арасында, оппозициянын мурдагы президент Аскар Акаев менен жолуккан болушу мүмкүн экендигин жазгандар да бар. “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдон Москва сапары, Клара Кабилованы сатып алуу аракеттери тууралуу сураганыбызда мындай деди:

- Калара Кабилова менен ушундай сөз болду дегендердин негизи жок, жалган. Андай сөз болгон эмес.

“Азаттык”: - Бирок К.Кабилова менен жолугуп, сүйлөштүңүздөрбү негизи?

- Азырынча айта албайбыз. Убактысы келгенде айтабыз...

“Азаттык”: - Ал эми Аскар Акаевге жолукту деген маалыматтар туурлауу эмне дейсиз?

- Жок. Жолуккан жокпуз. Бизде андай максат дагы жок болчу.

“Азаттык”: - Жалпы ушул сапарыңыздарды кандай баалап атасыздар, максатыңыздарга жеттиңиздерби?

- Ооба. Биз мурунтан эле пландаштырганбыз. Орусиянын саясий жана коомдук ишмерлери менен жолугабыз деп. Негизинен Орусия менен Кыргызстандын байланышы, мамилеси тууралуу, Кыргызстандын ички жана тышкы саясаты тууралуу жакшы сөздөр болду. Андан тышкары Кыргызстандан барган мигранттардын өкүлдөрү менен жолугуштук.

Ал эми “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү, “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмилбек Каптагаевдин айтымында, оппозиция лидерлери авторитардык режимдин борбору болгон Москвага гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги таасири бар, өзгөчө Борбор Азияда таасири күчтүү Москвага барып келишти. Андыктан бул реалдуулук менен эсептешкен, кадимкидей эле саясий иш:

- Бардык саясат азыркы тапта жалпылашып, ааламдашып атканда Москва эмес Бээжинге же Вашингтонго деле барып келиштин өзү бул кадимки эле иш. Анан экинчи жагын да баса белгилеп коюш керек. Бул – оппозициянын лидерлеринин Москвага барып келишинин коомчулукта катуу кызыгуу жаратканы. Бул сапардын тегерегинде ушунчалык көп жоромол, талкуу болуп атканынын өзү, бүгүнкү күндө коом өзгөрүүнү, жаңылууну күтүп, бийликтин жүзүнүн, саясаттын алмашышын күтүп жаткандыгынын далили деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG