Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

Алишер Саиповдун өмүрүн кыйгандар кармала элек


24-октябрда маркум журналист Алишер Саиповдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөнүнө бир жыл болот. Кыргызстандагы журналист коомчулугу жыл аралыгында анын өлүмүнүн бети ачылбай келе жаткандыгына, өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы жылдан-жылга начарлап бараткандыгына тынчсызданышууда. Маркум журналисттин жакындары болсо Алишер Саиповдун өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшүн өз көзөмөлүнө алгандыгын билдирген президент Курманбек Бакиевден да эч кандай жооп болбогондугуна нааразылыгын билдирип келишет.

Алишер Саиповдун өлүмү анын кесибине байланыштуу болду, деген пикирлер журналист белгисиз бирөөлөрдүн колунан каза тапкандан кийин эле айтыла баштаган. Анткени ал чыгарып жүргөн “Сиесат” деген гезитинде Анжиян окуясына байланыштуу, өзбек бийлигинин авторитардык тартибин сындаган чыгаан макалалар жарыяланып жүргөн эле. Ушундан улам Алишер Саипов Өзбекстандын коопсуздук кызматы тарабынан өлтүрүлдү деген жүйөөнү кыргызстандык укук коргоочулар айтып чыгышып, жалпы коомчулук анын өлүмүнө байланыштуу ишти тез арада ачууну талап кылган.

“Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова журналисттин өлүмүнүн бетин ачууга ШКУ алкагындагы мамлекеттер аралык көмүскө макулдашуу жол бербей жатат, деген пикирде:

-Биздин уюм ушундай ойлоп жатабыз. Анткени ШКУ алкагындагы мамлекеттерде кара тизмеге кирген укук коргоочулар болобу, журналисттер болобу, ушул көмүскө макулдашуу иштейт экен. Муну жакында эле болгон норвегиялык укук коргоочу Ивар Даленин Кыргызстанга кийирилбей койгондугу ачыкка чыгарып отурат. Ошондуктан, бүгүн биз эл аралык деңгээлде укугубузду коргой албай жатабыз. Кыргызстан өзүнүн жарандарынын коопсуздугун камсыздай албай жатат.

Алишер Саиповдун өлүмү ачылбайт деген пикирлер журналист атылган тушта эле айтыла баштаган. Мындай пикир ээлеринин бири, көз карандысыз “Репортер” басылмасынын редактору Султан Каназаров кыргыз-өзбек мамилеси ушул өңүттө өнүгүп отурса, Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши аягына чыкпайт, деп эсептейт:

-Албетте ушул иш аягына чыкпайт, деген божомолдор көбүрөөк. Журналисттердин арасында, эксперттердин арасында ушинтип айтылып жүрөт. А түгүл тартип коргоо органдарынын кызматкерлери менен бейформал сүйлөшүү учурунда да алар муну бекемдешет.

Алишер Саиповдун туугандары анын уулунун өлүмүнө байланыштуу иштин жүрүшүнө көзөмөл кылуусун өтүнүп, буга чейин бир нече жолу президентке кайрылышкан. Маркум журналисттин атасы Авазбек Саипов уулунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин аягына чыгарына үмүтү да калбагандыгын “Азаттыкка” айткан сөзүндө билдирди:

-Менде үмүт калган жок. Башка айтар сөзүм да жок.

Авазбек Саипов мындан ары уулу, анын өлүмү тууралуу бир дагы маалымат каражаттарында сөз кылбоону чечкендигин кошумчалады.

Өткөн жылы Алишер Саипов атылып өлтүрүлгөндөн бир күндөн кийин президент Курманбек Бакиев бул ишти өз көзөмөлүнө алгандыгын билдирип, аны иликтөө үчүн президенттик администрациянын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүнүн ошол кездеги башчысы Өмүрбек Субаналиев атайын түштүккө барганы белгилүү. Бирок мындан деле пайда чыккан жок, Өмүрбек Субаналиев азыр Нарында губернатор болуп жүрөт. Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев журналисттин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин тергөө жана иликтөө тиешелүү күч органдарына тапшырылгандыгын “Азаттыкка” маалымдады.

ИИМ болсо Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишине тиешеси бар адамдар табылганын маалымдап, шектелип жаткан кишинин сүрөтүн жарыялаган. Бирок көп өтпөй Саиповдун туугандарына кылмыш иши убактылуу токтотулгандыгын маалымдашкан. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев “Азаттыктын” кабарчысына айткан сөзүндө кылмыш иши улантылып жаткандыгын билдирген:

-Саиповдун өлүмүнө шектүү эки адамдын сүрөтүн интернет сайттарга бергенбиз. Алишер Саиповдун жана башка ачылбай калган адам өлтүрүү фактылары боюнча менден ар жума сайын сурап, маалымат алып турат. Бул иштер ар дайым анын көзөмөлүндө.

Айрым байкоочулар Алишер Саиповдун белгисиз өлүмүнүн бети ачылбаса, бул эл аралык коомчулук алдындагы өлкөнүн бетине тартылган чиркөө болуп тура берерин белгилешүүдө. Белгилей кетүүчү нерсе журналисттин өлүмүнөн кийин 1 жыл өтүп калса дагы, Кыргызстанда сөз эркиндиги жаатында жылыш болуп кеткен жок. Тескерисинче бийликтин терс аракеттерин сындап келген эки басылма: “Де-Факто” жана “Алиби” гезиттери сот чечимин аткарууга дарамети жетпегендигине байланыштуу жабылды. Аталган басылмаларга президенттини иниси Асылбек Салиевдин ар-намысы үчүн сот тарабынан 1 млн сомдон айыппул салынган. “Де-Факто” гезитине мындан тышкары Биринчи Май райондук соту тарабынан дагы 4 млн сомдук айыппул төлөө милдети чегерилген. Өткөн жыл аягында шайлоо бюллетендерин интернетке жарыялап жибергени үчүн кысмакка алынган Эдил Байсалов өмүрүнүн жана жакындарынын коопсуздугу үчүн Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Эл аралык “Чегарасыз кабарчылар” уюму 22-октябрда жарыялаган отчетунда Кыргызстан акыркы жылы сөз эркиндиги жаатында эки кадам артка кетенчиктегенин маалымдады.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG