Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Б.НАРГОЗУЕВ: КЫРСЫКТАГАН УЧАК ОҢ АБАЛДА БОЛГОН ДЕГЕНГЕ ИШЕНБЕЙМ


Бишкектин жанында Боинг-737 учагы кырсыктаганына бир айдан ашуун убакыт болду. Бирок 65 адамдын өмүрүн алган бул кырсыктын себептерин териштирүү азырга чейин соңуна чыга элек. Ушул окуянын бир айдан кийинки жагдайы тууралуу сөз кылуу максатында Жогорку Кеңештин депутаты, “Эсен-эйр” авиа компаниясынын мурдагы кожоюну Бегалы Наргозуевди “Азаттыктын” таңкы түз обосунда кепке тарттык.

- Жогорку Кеңеш ушул маселени сессияда карайт деп сөз болду эле. Мына азыр бир айдан ашык убакыт өтүп калды, маселенин кечеңдешине эмне тоскоол болуп жатат?

-
Бул маселени биз 2-3 жолу көтөргөнбүз. Өкмөт башчы, кырсыктын себептерин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Игорь Чудинов өзү убада берген, жакында комиссиянын алгачкы жыйынтыктары чыксын, ошондо келип толук отчет беребиз деп. Ошону күтүп атабыз. Жакынкы күндөрдө болуш керек. Себеби биринчи убадалар боюнча октябрдын башында деген. Биз ошого гана такалып турабыз, комиссиянын алгачкы жыйынтыктарын күтүп.

- Эл аралык авиация комитети күнөө учакта эмес, адамдын өзүндө деп чыгарбады беле. Азыр эми биринчи учкуч Юрий Гончаров камакта отурат, экинчи учкучтун иши каралып жатканын кечээ башкы прокурор билдирди. Буга чейин өзгөчө пикирде келаткан сизди экипаж күнөөлү деген негиз ынандыра алабы?

-
Жок, эл аралык авиация комитетинин өкүлү антип айтууга акысы жок болчу. Толук изилдөө бүтө электен мурун эле коомчулукту ушуга даярдаганы, учак техникалык жактан так экен дегени бул туура эмес. Мен ойлойм, ал аябай шашылыш бүтүм чыгарды. Мен техникалык жагына эң башынан бери көңүл буруп келатам. Себеби мен бул учакты техникалык абалын билчүмүн. Кулап түшкөн учактын кемчиликтерин мурдатан эле айтып келгем, ушул учагыңар ушундай кемчиликтер менен учуп жүрөт деп министрдин кабинетинде 10 чакты кишинин көзүнчө айткам, күбөлөрүм бар. Мен бул учкучтарды эң тажрыйбалуу учкучтар катары билем, командир Гончаров 20-30 жылдан ашык иштеген. Ошон үчүн мен биринчи эле учкучтар эмес, техникалык себептерге байланыштуу болуш керек деп божомолум ошого негизделген. Ошон үчүн бул мени ынандыралбайт. Андан сырткары мамлекеттер аралык авиациялык комитеттин Каширский деген өкүлү мындан 14 жыл мурун Барскоон капчыгайында болгон тик учак кырсыгы боюнча комиссияга да ушул киши төрага болуп, бул киши чыгарган жыйынтык туура эмес чыгып калган. Кийин биздин учкучтар Москвадагы авиация илим изилдөө институттарына чейин барып, далилдеген соң Каширский уят болуп калган. Мунун чыгарган жыйынтыгы таптакыр туура эмес тескерисинен чыккан. Ошон үчүн мен азыр унчукпай карап турам.

- Бегалы мырза, ушул жарандык авиацияны катуу сындап келаткан саясатчылардын бири сиз болуп жатасыз. Ал жерде жетекчилик алмашты. Азыр ушул жарандык авиациянын эл аралык аброюн көтөрүш үчүн эмне кылуу керек?

-
Азыр бир гана киши алмашты, калганы ордунда отурушат. Мен департаментте бир гана кишини алмаштырып коюу менен абалды өзгөртүү өтө кыйын. Ал жердеги системанын ичиндеги былыкчылыкты, түзүлүп калган системаны алмаштырыш керек. Ал боюнча менин айта турган сунуштарым көп, 15ке жакын сунуш бергем жарандык авиация департаментин баткактардан чыгаруу боюнча. Эң эле биринчиси - жарандык авиация департаментин транспорт министрлигинин курамынан чыгарыш керек. Бул жерде катталган чет элдик авиа компанияларды жоюш керек. Анан эң негизгиси - бүт дүйнөлүк авиация уюмунун талаптарына ылайык коопсуздукту камсыз кылышыбыз керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG