Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:16

ПАКИСТАН: АКШ АСКЕРЛЕРИ МЕНЕН НЕГЕ КАГЫЛЫШ БОЛДУ?


Эдил Сапарбек уулу, Прага Бейшембиде (25-сентябрда) Ооганстан менен Пакистандын чек ара тилкесинде АКШ менен Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда атышуу орун алды. Адистер бул кагылышуу эки тараптын терроризмге каршы күрөштү жүзөгө ашыруу ыкмасы тууралуу бир пикирге келе албай жатканын айгинеледи деп санашууда.

АКШнын Коргоо министрлиги билдиргенине караганда, бейшембиде түштөн кийин Ооганстандын Хост вилайетинде жоочулардын изин кууп бараткан кургактагы аскерлерине асмандан колдоо көрсөтүп бараткан АКШнын чалгындоочу эки тик учагы Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы көзөмөл бекетте турган пакистандык жоокерлер тарабынан бутага алынган.

Бирок расмий Исламабад бул доону четке кагып, караманча каршы билдирүү жасады. Ага ылайык эки тик учак суроо-сопкуту жок Пакистандын аймагына учуп киргенден кийин, Пакистандык аскерлер тек гана эскертүү ирээтинде ок атышкан.

Адистер бул окуяны АКШ менен Пакистандын ортосунда, башкача айтканда булардын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда өсүп жаткан чыңалуунун белгиси катары баалашууда. Алар Пакистан менен Ооганстан чектешкен аймакта баш паана тапкан террорчул «ал-Кайида» уюмунун өкүлдөрүнө жана талип жоочуларына каршы күрөштүн усулун тандоодо бир пикирге келе албай жатышат, дешет серепчилер.

Пакистан аткаминерлери экстремист козголоңчуларга каршы күрөштүн мааниси чоң экенин моюнга алганы менен, АКШнын террорчуларга каршы аскердик иш-чараларын Пакистандын чек арага жакын аймагына көчүрүү өлкөнүн эгемендигине шек келтирип жатат деп кабатырланууда.

Генерал Махмуд Шах мурдагы аскер башчы, убагында ал Пакистандын жаңжалдуу деп саналган уруулар аймагында коопсуздук кызматын жетектеген. Ал “Азаттык” үналгысына курган маегинде Пакистан, Ооганстан жана АКШ терроризмге каршы күрөштө өнөктөштөр болгону менен алар бири-бирине ишеним артууга анчейин дилгир эмес, мына ушундай жагдайды экстремисттик топтор өз кызыкчылыгында пайдаланышууда деп айтты.

Мындан тышкары, Махмуд Шахтын айтымында, АКШнын Ооган чек ара тилкесиндеги аскерий чаралары Пакистан үчүн кооптуу кырдаал түзүүдө деген жоромолдор бар.

Бул адистин оюнча, расмий Исламабад өз өлкөсүнүн чек арасынан АКШ аскерлеринин кирип келишине расмий Вашингтонго уруксат бербей тургандыгын ачык, таасын билдириши абзел.

- Уруулар аймагы гана эмес, бүтүндөй Пакистан уруш талаасына айланды. Пакистан жеке өзү чечкиндүү түрдө терроризмге каршы өзүнүн согушун башташы керек. Ал түгүл, эгерде АКШ менен Ооганстан Пакистандын эгемендигине шек келтирип, чек арасынан өтүп же ага каршы башка бир тымызын иштерди жасай турган болсо, анда аларга каршы да согуш ачууга даяр экенибизди билдиришибиз керек.

Деген менен бардык эле пакистандыктар мындай кескин пикирге кошула бербейт. Бирок ошентсе да Пакистандын калкынын басымдуу бөлүгү өлкөдөгү улам өсүп жаткан туруксуздукка санааркоо менен кароодо.

XS
SM
MD
LG