Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

КАНАТЫ КАЙРЫЛГАН АВИАЦИЯ


24-августтун кечинде Бишкек-Тегеран каттамындагы Боинг-737 учагынын кандайча кыйроого учурашынын себеп-жөнү такталууда. Өкмөттүк комиссия иликтөө ишинин жыйынтыгын маалымдоо каражаттарында жарыя кыла тургандыктарын билдирди. 65 адамдын өмүрүн алып кеткен авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө деп ачылган атайын банк эсебине бир жарым миллионго жакын сом түшкөнү маалымдалууда.

Авиакырсыкты иликтөөчү өкмөттүк комиссиянын мүчөсү Кыргызстандын Транспорт жана байланыштар министри Нурлан Сулайманов учкучтар менен учууну жерден башкаруучулар ортосунда болгон кеп-сөздөрдүн баарын жазып турчу “үн куту” Москвадан келе электигин билдирди.

- Үн жазгычты күтүп жатабыз. Азыр ошол “кара кутуда” жазылгандар окулса аны толугу менен маалымдоо каражаттарына беребиз.

Н.Сулайманов мамлекеттик комиссия жакынкы күндөрдүн бириндеги отурумунда атайын банк эсебине түшкөн 1,5 миллион сом акчаны жабыркагандарга кантип бөлүштүрүү маселесин чече тургандыгын кошумчалады.

- Андан сырткары тиги “Итэк Эйр” менен “Асеман Эйр” компаниялары экөө кимиси компенсация берээрин чечип жатышат. Компенсацияларын толук төлөтүп беребиз. Компенсациянын өлчөмү 10 миң доллардан 20 миң доллардын тегерегинде.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин пресс-катчысы Елена Баялинова набыт болгондордун кимдигин аныктоо эки жумага жакын убакытты алаарын, учурда ал иш Тегеран шаарында жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

- Ирандык адистердин эсебинде ага 10-12 күн кетет. Ошондуктан ыкчам жыйынтык чыгарын биздин деле күткөн жерибиз жок. Айтылган убакыттын теңи өттү. Эми дагы беш күндөй убакыт күтөбүз го деп ойлойм.

Тегеран менен Москвадан такталып келчү маалыматтын жоктугунан ушу тапта өкмөттүк комиссия ачык тыянак чыгара албай отурат. Транспорт жана байланыштар министрлигинин Жарандык авиация департаментинин жетекчиси Алик Аскаров авиакырсыктын чоо-жайын Mамлекеттер ортолук авиация комитети да иликтеп жатканын айтып, Жарандык авиация департаменти ага катышпастыгын билдирди.

- Алар эч кандай маалымат беришпейт. Маалыматты жалгыз өкмөттүк комиссияга гана беришет. Иш токтоосуз жүрүп жатат. Ишемби, жекшемби күндөрү да иштеп жатабыз. Эл аралык документ боюнча иликтөөгө бир айлык убакыт берилет. Менин билишимче, алар катуy иштеп жатышат. Ошондуктан жыйынтык ага жетпей деле чыгып калышы ыктымал.

А.Аскаров комиссия бүтүмүнөн соң тармактагы абал дагы талкууланып, тийиштүү жыйынтыктар чыгарыла тургандыгын маалымдады. Кыргызстандын Транспорт жана байланыштар министри Нурлан Сулаймановдун ырасташынча, 2005-жылы уруксат алган 32 авиакомпаниянын 11 гана компаниясын калтырышкан, 150 учак каттамдардан чыгарылган.

Анткен менен тармактагы абал оңолбой, кризистен чыга албай келатканы деле жашыруун эмес. Жарандык авиация тармагында 35 жылдан бери иштеп келаткан тажрыйбалуy учкуч Медер Жүндүбаев 24-августта болуп өткөн кырсык беш жыл илгери эле пайда болгон деген пикирде.

- Негизги, башкы себеп Жарандык авиация департаментинин башкаруусуна байланышкан. Биз бул жөнүндө такай айтып келдик, маалымдоо каражаттарына жаздык. Чындыкты айткан учкучтар департамент жетекчилиги тарабынан кысмакка алынгандан кийин көбү ачык айтпай калышты.

М.Жүндүбаев учуу мүмкүндүктөрүн толук пайдаланып бүткөн учактарды жаңылоо аракети Жарандык авиация департаментинин макулдугу менен жүргүзүлөрүн кошумчалады.

- Бул учактар мурда чет өлкөлөрдө, Африкада иштетилген. Аларды көз карандысыз көзөмөлдөө иш жүзүндө мүмкүн эмес.

Оор кризиске капталган жарандык авиациянын проблемалары буга чейин деле көп айтылып, көп жазылды. Адистердин баамында, 24-августтагы авиакырсыктын чоо-жайын иликтөө тармактагы абалдын кандайлыгын кашкайта көрсөтчү окуя болгону турат.

XS
SM
MD
LG