Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУ ҮМҮТ-ТИЛЕКТЕРДИ АКТАЙБЫ?


Кыргызстанда жаңы Акыйкатчы шайланганына 100 күн толду. Буга байланыштуу акыйкатчы Турсунбек Акун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/05/05DBCEC4-4A32-43EF-BF01-71222F5B4089.asp бүгүн жүз күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарды. Жүз күн ичиндеги негизги өзгөчөлүктөр катары бул институттун алдында укук коргоочулардын Коомдук кеңеши түзүлгөнү, кызматкерлердин саны кыскарганы жана бул уюмдун кадыр-баркын көтөрүү багытындагы аракеттер аталды. Ошол эле учурда айрым талдоочулар Акыйкатчы институту адам укуктарын, жарандардын кызыкчылыктарын коргоого өтө салкын мамиле жасап жатканын айтышууда.

Акыйкатчы Турсунбек Акун жүз күндүк ишинин жыйынтыгы боюнча бүгүн коомчулук жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн алдында маалымат берди. Анын айтымында, бул аралыкта уюмдун кызматкерлеринин саны 124төн 88ге чейин кыскарган. Ошондой эле ички чыгымдарды азайтуу менен мамлекеттик бюджеттин 1,8 миллион сомун үнөмдөп, кайра кайтарган. Акыйкатчы Турсунбек Акун ишин баштагандан берки негизги өзгөөрүүлөр катары буларды атады:

- Эң негизгиси - укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен биргелешип иштей баштадык. Адам укугун коргоодо Акыйкатчынын эле эмес жалпы жарандык коомдун күчүн пайдаланалы деп жатабыз. Экинчиден, институттун кадыр-баркы, аброю өтө эле чөгүп кетиптир, көпчүлүк эсептешпей калыптыр. Азыр кадыр-баркын көтөрөлү деп, конституциялык сот, жогорку сот, парламент, Акүй менен байланышып атабыз. Эл аралык уюмдар менен токтоп калган долбоорлордун баарын калыбына келтирип жатабыз. Анан БУУнун алдындагы адам укугу боюнча комитетке мүчө болсокпу деген аракетибиз бар.

Бул уюмдун алдында түзүлгөн коомдуук кеңештин мүчөсү, укук коргоочу Азиза Абдрасулова мындай кеңеш түзүп, биргелешип иштөө сунушу мурдагы акыйкатчыга да айтылып, бирок колдоо таппай келгенин, бул кеңештин түзүлүшү чоң иш болгонун айтат. Укук коргоочу ошол эле учурда Акыйкатчы институту адеп түзүлгөндөгү үмүттү актай алган жок, ошол баштапкы ишеничти кайра кайтаруу эми көп ишти талап кылат деген ойдо:

- Биз азыр полиция омбудсмени дегендин жобосун даярдап жатабыз. Ушунда Омбудсмен деген сөздү алып салып, ордуна Комиссар дегенди киргиздик. Себеби омбудсмен дегенден көңүлүбүз калып калыптыр, ага ишеним жок болуп калыптыр. Эми Омбудсменге баштапкы ишенимди кайра кайтаруу өзүнчө бир чоң жумуш болуп турат.

Акыйкатчы институту Кыргызстанда 2002-жылдын декабрында түзүлүп, көп өтпөй өлкөнүн бардык облустарында өкүлчүлүктөрү да ачылган. Ысыккөлдүн Түп районунан келген Нурдан Кожогулов өз аймагындагы Акыйкатчы өкүлдөрүнүн буга чейинки ишине канааттанбайт:

- Иш жүзүндө бул уюмдун ишинин жыйынтыгы жокко эсе. Аймактык бөлумдөрдүн иши чынында административдик тартипте чечилип келген. Эми акыйкатчы институту жер-жерлерге чейин жетет деп ишеним артып турабыз.

Жогорку Кеңештин депутаты, СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимовдун пикиринде, Акыйкатчы институту батышка биз демократия жолундабыз деп көрсөтүү үчүн түзүлгөн. Түзүлгөндө да сырткы формасын алып, бирок ички жагын мамлекет өз кызыкчылыгына буруп салып, акыйкатчы президентке көз каранды болуп калган.

- Азыр акыйкатчы президентке көз каранды. Анткени ал президент тарабынан сунушталат. Эгер чыныгы демократия десек акыйкатчыны укук коргоочулар чөйрөсү өзу тандап, аны Жогорку Кеңеш шайлашы керек. Ошондой көз карандысыз болуп, тиешелүү ишти алып барат эле. Бул уюм жемиштүү иштеши үчүн биринчи кезекте тиешелүү иликтөө, мониторинг болуш керек. Институтут иштей баштагандан бери адам укуктарын коргоо жаатында кандай өзгөрүү болду? Менимче, азыр жалпысынан адам укуктарына, жарандардын кызыкчылыгын коргоого жакшы көңүл бурулбай жатат, өтө салкын, шалаакы мамиле жасалат.

Акыйкатчы институту Кыргызстанда мындан алты жыл мурда тузулүп,биринчи аыйкатчылыкка беш жылдык мөөнөт менен Турсунбай Бакир уулу шайланган. Быйыл 14-февралда бул кызматка Турсунбек Акун шайланганы белгилүү. Акыйкатчылыкка талапкер президент тарабынан көрсөтүлүп, аны Жогорку Кеңеш шайлайт.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG