Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ ТАРМАГЫНЫН ООШ-КЫЙЫШЫ: БИЙЛИК КАЙДА, ЭЛ КАЙДА?


Аманбек Жапаров, Бишкек Президент Курманбек Бакиев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/3C3F41FB-2806-4C0B-BDB6-0FC8096062EA.asp апта соңундагы кеңешме өткөрүп, мамлекеттик башкаруу маселелерине көңүл бурду. Ал “Жаңы экономикалык саясатты ишке ашыруунун биринчи айлары мамлекеттик башкаруунун министрлик жана ведомстволук деңгээлинде көптөгөн жетишпестиктер бар экендигин аныктады”, деп билдирди. Бакиев бардык мамлекеттик органдарга мындан ары ишти натыйжалуу алып баруу талабын койду. Айрым серепчилер бийликке бир ууч адамдар монополия жүргүзгөн өлкөлөрдө эч кандай өнүгүү болбостугун тарых көрсөткөнүн, бирок мындай тенденция Кыргызстанда сакталып келатканын белгилешти.

Өлкө башчы Курманбек Бакиев мамлекеттик башкаруу тармагындагы маселелерге токтолуп, министрлик жана ведомстволордо ишти натыйжалуу алып барууда көптөгөн жетишпестиктер бар экендигин белгиледи. Бакиев мамлекеттик органдарга статс-катчылык институтунун деңгээлин жогорулатуу, жооптуу кызматтарга билимдүү, талантуу жаштарды тартуу жана ишти натыйжалуу алып баруу талабын койду. Ал ошондой эле жетекчиге кол куушуруп, анын көзүн караган айдама кызматкерлерден тез арада кутулуу керектигин айтты.

- Башкармалыктын же бөлүмдүн жетекчилери кантиш керек? Эмне кылайын?-дегендер болсо токтоосуз бошотуш керек. Мамлекеттик органдарда принципиалдуу кызматкерлер иштеши керек.

Президент Бакиев мамлекеттик органдарда ишти эптеп эле бүтүрө салуу, бюрократтык жана жарандардын кайрылуусуна кош көңүл мамиле кылуу дагы эле орун алып келатканын кошумчалады.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлгөн президент Бакиевдин мамлекеттик башкаруу тармагындагы маселелер боюнча өткөргөн кеңешмесине талдоо жүргүзүп, өлкө башчысы каарын төгүп, коркутуп-үркүтүү жолу менен башкаруу системасындагы проблемаларды чече албайт деген көз карашта.

- Азыркы биздин бийликтин аракети башкаруу философиясына, башкаруу багытына туура келбейт. Анткени бул кадрларды бир кабинетке отуруп алышып, баланча жакшы, түкүнчө менин досум, “отметить” этти, бир нерсе берди дешип кызматка коюшкан да. Бир адам өзүнүн иши, өзүнүн билим, уюштуруучулук жөндөмү менен жогорку кызматка жетишүү учурда мүмкүн эмес. Ошон үчүн “Балык башынан сасыйт”, деп башынан башкаруу системасынын башы туура эмес болгондон кийин, этек жагы эч качан туура эмес болорун тарых тастыктап турат.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов болсо Коммунисттик партиянын доорундагыдай болуп, азыр деле Кыргызстанда башкаруу системасында эч кандай жаңылануу, реформа жүргүзүлбөгүнүн белгиледи.

- Биздин башкаруу системасы ошол Советтер Союзунан калган система менен эле башкарылып келе жатат. Мындай башкаруу менен биз эч качан алдыга жыла албайбыз.

Мирослав Ниязовдун азыркы бийлик эл алдында жоокерчиликти сезбей жеке кызыкчылыктары үчүн кызмат кылып калышты деген пикирин Өмүрбек Абдырахманов да колдоп, бийлик монополия болуп калды деген көз карашта.

- Азыр болсо мынабу менчик деген нерсе өзгөргөнү менен, экономикада кичине өзгөрүү болгону менен башкаруу системасында мурдагы Совет биримдигиндей эле болуп кала берди. Демек бул башкарууда баягы эле монополия калып калды. Бийлик монополиясы коомдогу бардык нерсени артка тартат. Мына демократиянын бир белгиси болгон айыл өкмөттөрүн шайлоо деген жакшы башталышты жээрип, кайрадан айыл өкмөт жетекчилерин дайындоону киргизип салышты. Бийликте эл алдында жоопкерчилик болмоюн коом оңолбойт, мунун кесепетинен бийлик менен элдин ортосундагы ажырым чоңое берет.

Абдырахманов мамлекетти алдыга жылдыруу үчүн бийликти монополия кылууну жоюп, саясий атаандаштыкка кеңири жол берип, жооптуу кызматтарга тааныштык, жердешчилик, пара алуу менен эмес мыкты адистерди дайындап, губернатор, аким, айыл өкмөттөрү эл тарабынан шайланышы керек, деп эсептейт.

Айрым серепчилер мамлекеттик башкаруу маселеси боюнча кеңешмеде президенттин койгон талаптары аткарылбайт деген божомолдорун айтышууда. Буга мисал бийлик бутактарында тааныштык, жердешчиликтин күчөшүн,“Ата Түрк” эс алуу багынын аймагындагы чиновниктерге тиешелүү курулуп жаткан үйлөр боюнча ушул күнгө чейин бир майнап чыкпаганын, энергетика тармагындагы көйгөлүү маселелерди мамлекет башчысы катары жөнгө сала албаганын, БШКнын парламенттик шайлоонун ар бир аймактар, саясий партиялар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын аликүнчө жарыялабаганын, коррупциянын гүлдөп өсүшүн,жумушсуздук проблемасы чечилбегенин белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG