Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

ЕВРОВИДЕНИЕ: МУЗЫКАБЫ ЖЕ САЯСАТПЫ?


Аида Касымалиева, Прага 24-май ишемби күнү кечинде миллиондогон европалыктар Евровидениенин 53-сынагында өзүнүн эң сүйүктүү ырлары үчүн телефон чалып же смс аркылуу добуш беришет. Жарым кылымдык тарыхы бар ыр сынагына жакында Борбордук жана Чыгыш Европа --> http://azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/05/F4F2F7D7-0849-417F-BBA4-E93286002320.asp , Кавказ өлкөлөрү да катыша башташты. Мындай экспансияга карабастан, Евровидениени көптөр дагы деле жеңил-желпи поп музыка жана саясат менен байланыштырышат.

Көпчүлүк Евровидениеге чыккан ырчылардын аткаруучулук сапатына ыраазы болбой, алардын ырларын мазмунсуз, ал эми обондорун жеңил-желпи деп сыпатташат. Сынак саясатташып кеткен дегендердин сөзү да жүйөлүү угулат.

Анткени Евровидение сынагы 2-Дүйнөлүк Согуштан кийин касташып кеткен өлкөлөрдү чогултуу максатында пайда болгон. Евровидение биринчи жолу 1956-жылы Швейцарияда өткөн. Ошондон бери ыр сынагы чоң саясат менен аралашып келе жатат.

Евровидение сынагында “достук добушу” деген атка конгон термин бар. Кызыктуусу сынак учурунда Греция менен Кипр бири-бирине эң жогорку – 12 баллдан берип келишет.

Ирландиянын Лимерик шаарынын тургуну Кейт Миллс Евровидениенин илгерки күйөрманы жана бул сынакка арнап атайын веб-сайт ачкан.

- Бул жерде саясатташтырылган, же коңшу өлкөлөрүн колдогон добуш берүү ар дайым эле болуп келген. Бул жаңылык деле эмес. Эгерде биз 1960-70-жылдарды ала турган болсок, ал учурда Скандинавиялык жана Испания менен Португалияны камтыган Ибериялык блоктор бар болчу. Азыр экс-советтик жана экс-Югославиялык өлкөлөрдүн топтору байкалат. Бир топтун ичиндеги өлкөлөр бири-бирине добуш беришет. Экс-Югославиялык өлкөлөрдү Балкан тобу деп атап койсо болот.

Былтыр Израилдик талапкердин “Push The Button” же “Кнопканы бас” деген ыры сынакта кымгуут жараткан. Себеби “Push The Button” Иран жана өзөктүк курал маселесин тийшип өткөн.

Быйыл Тоолуу Карабах маселеси боюнча талашып келе жатышкан Армения менен Азебайжандын ырчылары да бири-биринен кыйкым издешүүдө.

Видеотасмалар менен алмашчу Ю-Туб сайтында азербайжандар армяндарды ууру деп айыпташууда. Алар Евровидениенин уюштуруучуларына армяндардын ыры Азербайжандардын 3 белгилүү элдик ырына негизделгендигин айтып чыгышты.

Франциянын академиги Филип Ле Гуин (Philippe Le Guern) Евровидение сынагын изилдеп чыгып, аны “согуш алмаштыргычы” деп мүнөздөгөн. Себеби добуш берүү учурунда кичинекей өлкөлөр кээ бир державалардан биртке болсо да өч алып калышат.

Айтмакчы, Евровидение сынагы экономикасы начар өлкөлөр үчүн абдан маанилүү. Себеби алар бир гана өздөрүнүн улуттук маданиятын гана көрсөтпөстөн, туристтердин көңүлүн буруп калууга мүмкүнчүлүк алышат.
XS
SM
MD
LG